Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 29-июну № 489-т
Кыргыз Республикасынын ички рыногунда ундун баасын турукташтыруу, ата мекендик данды кайра иштетүүчүлөрдү жана башка чарба жүргүзүүчү субъекттерди колдоо, Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 9, 18-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду белгиленген тартипте:
– мамлекеттик резервден мурда брондон чыгарылган 2022–2023-жылдын түшүмүнөн 50 000 (элүү миң) тонна азык-түлүк буудай данын Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген баада сатсын;
– азык-түлүк буудай данын сатуудан алынган акча каражаттарын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун атайын эсебине багыттасын;
– сатылган азык-түлүк буудай данынын ордун «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык толуктасын.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан сатылуучу азык-түлүк буудай данынын баасын Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кайрылуусунун негизинде рыноктун конъюнктурасы өзгөргөн учурда бааларды кайра карап чыгуу укугу менен ушул тескеменин 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын ата мекендик ун чыгаруучу ишканаларынын минималдуу сатып алуу бааларынын деңгээлинде белгилесин.
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |