Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-сентябры № 616
Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо
уюмдарынын медициналык кызматкерлерине
компенсациялык төлөмдөрдүн
шарттары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 28-апрелиндеги № 151 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 28-июнундагы № 170 «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо системасынын жана социалдык стационардык мекемелеринин кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
1) 2024-жылдын 1-июлунан тартып 2025-жылдын 31-декабрына чейин:
– клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;
– саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча алыскы райондордогу, чакан шаарлардагы жана айыл жергесиндеги саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык бир ставкага эсептегенде 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө, бирок бир кызматкерге 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйындан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр;
2) 2026-жылдын 1-январынан тартып:
- клиникалык ординаторлорго жана интерн-врачтарга Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында жогорку окуу жайынан кийинки окутуудан өтүү мезгилине, андан ары жер-жерлерде иштөө үчүн, саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен түзүлгөн контракт боюнча төлөнүүчү 20 000 (жыйырма миң) сом өлчөмүндө стипендия;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген реестр боюнча Бишкек жана Ош шаарларынан тышкары, республиканын калктуу конуштарындагы саламаттык сактоо уюмдарында иштеген, талап кылынган врач адистерге (педиатрлар, неонатологдор, жалпы хирургия врачтары, анестезиолог-реаниматологдор) түзүлгөн келишимдерге ылайык, негизги иштеген жери боюнча 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр;
3) 2024-жылдын 1-июлунан тартып Бишкек жана Ош шаарларынын медициналык тез жардам врачтарына өзгөчө эмгек шарттары үчүн саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан негизги иштеген жери боюнча төлөнүүчү 22 222 (жыйырма эки миң эки жүз жыйырма эки) сом 50 тыйын өлчөмүндө, бирок бир ставкадан ашык эмес компенсациялык төлөмдөр.
2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте «Кыргыз Республикасынын 2027-жылга жана 2028–2029-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыгууда ушул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.