Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2026-жылдын 9-октябры № 150
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө
кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине («Эркин-Тоо» гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-беренеде:
а) 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 149, 22811, 2841, 2842, 311, 312, 313, 314, 3201, 3721, 373, 446-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.»;
б) 4-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Өлчөмү 2000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 144, 149, 22811, 2841, 2842, 311, 312, 313, 314, 346-беренелеринде каралган, өлчөмү 10000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3091, 318 жана 3191-беренелеринде каралган жана өлчөмү 1500 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, юридикалык жакка салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш же аныктоо тартиби ушул берененин 6-бөлүгүндө каралган эселенген чоңдукта көрсөтүлүшү мүмкүн.»;
2) 261-глава төмөнкүдөй мазмундагы 22811-берене менен толукталсын:
«22811-берене. Жеке дайындарды жана/же жеке мүнөздөгү маалыматтарды коргоо боюнча талаптарды бузуу
1. Жеке дайындарды же жеке мүнөздөгү маалыматты иштетүүнүн жана коргоонун мыйзамдарда белгиленген тартибин, шарттарын жана талаптарын бузуу, ошондой эле аларды санкцияланбаган жайылтуу, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –
жеке жактарга 25 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 100 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракеттер –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 300 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
3. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, балдардын жеке дайындарына, ошондой эле жеке дайындардын атайын категорияларына карата жасалган аракеттер, эгерде бул аракеттер кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 800 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
4. Ушул берененин 3-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракеттер –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 400 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1400 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
5. Жеке дайындарды мыйзамдарда белгиленген талаптарды бузуу менен трансчек аралык берүү, эгерде бул аракет кылмыш жазасына тартуучу жосундун белгилерин камтыбаса –
жеке жактарга 75 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 175 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
6. Ушул берененин 5-бөлүгүндө каралган, жаза чаралары колдонулгандан кийин бир жылдын ичинде жасалган ошол эле аракет –
жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч, кызмат адамдарына 350 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 1200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
Эскертүү. Жеке дайындарды иштеп чыгуу деп, жеке мүнөздөгү маалыматтар менен жасалган ар кандай аракет же аракеттердин жыйындысы, анын ичинде чогултуу, жазуу, уюштуруу, түзүмдөштүрүү, топтоо, сактоо, адаптациялоо же өзгөртүү, жүктөө, кароо, пайдалануу, берүү аркылуу ачуу, жайылтуу, алмашуу же жеткиликтүүлүктү берүүнүн башка түрү, салыштыруу же айкалыштыруу, кыскартуу, өчүрүү же жок кылуу түшүнүлөт.»;
3) 4132 - 4135-беренелер күчүн жоготту деп таанылсын;
4) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пункту күчүн жоготту деп таанылсын;
5) 4941-берене күчүн жоготту деп таанылсын;
6) 4961-беренеде «2283 жана 2285-беренелеринде» деген сөздөр «2283, 2285 жана 22811-беренелеринде» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Президенти |
С.Н. Жапаров |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |