Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 23-сентябры № 01-06/41
Үч-Коргон айыл аймагынын Боз участогунан 5,0 га жер аянты таштанды таштоочу полигон жана таштанды калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу үчүн муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ,6-беренесин, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, жана 39-беренелерине жана Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын 2026-жылдын 21-июлундагы №01-14/23 токтомуна негиз Үч-Коргон айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Үч-Коргон айыл аймагынын Боз участогунан 5,0 га жер аянты таштанды таштоочу полигон жана таштанды калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу үчүн №501 контурунда жайгашкан 0,5 га жайыт жер аянты, №502-контурунда жайгашкан 1,1 га жайыт жер аянты, №504-контурундагы 2,4 га жайыт жер аянты №688-контурунда жайгашкан 0,15 га жайыт жер, №689-контурунда жайгашкан 0,20 га жайыт жер аянты, №708-контурунда жайгашкан 0,65 га жайыт жер аянтын жалпы 5,0 га “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүнөн “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуну жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которулган жер тилкесин Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Насировго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн расмий uchkorgon.gov.kg. веб-сайтында жарыялансын.
4. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын жана айылдык кеңешинин регламентинин талаптарына ылайык ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин ченемдик укуктук актыларынын реестрине каттоо жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Д.Ахуновага милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы агрардык жана айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага:
Б.Бердибеков