Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 17-августу № 1
Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиктери бар учурларды жана кырдаалдарды бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинде (мындан ары - ИИМ) коррупциянын келип чыгуу тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын ИИМдин борбордук аппаратынын кызматтарынын жана бөлүктөрүнүн, түзүмдүк, ведомстволук жана аймактык бөлүктөрүнүн жетекчилери:
- Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарында коррупциялык тобокелдиктерди төмөндөтүү боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүшсүн;
- ишмердиги жогоруда көрсөтүлгөн Тизмекке байланышкан кызматкерлердин жана жумушчулардын арасында коррупцияга каршы укуктук аң-сезимди жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин туруктуу негизде жүргүзүшсүн.
3. Кыргыз Республикасынын ИИМдин 2026-жылдын 3-июнундагы № 559-т “Кыргыз Республикасынын ИИОдо коррупциянын келип чыгуу тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин иштеп чыгуу жөнүндө” буйругу менен түзүлгөн Кыргыз Республикасынын ИИМдин жумушчу тобу ушул буйрук күчүнө киргенден кийин бир айлык мөөнөттө Коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу мерчемин иштеп чыгышып, андан ары бекитүү үчүн Кыргыз Республикасынын ИИМдин жетекчилигинин кароосуна киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Басма сөз кызматы үч күндүк мөөнөттө ушул буйрук менен бекитилген Тизмекти Кыргыз Республикасынын ИИМдин расмий сайтына жайгаштырсын.
5. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматы:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөлөрүн мамлекеттик жана расмий тилдеги эки нускада, кагаз жана электрондук алып жүрүүдө Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Башкы прокуратурасына көчүрмөсүн жөнөтсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2023-жылдын 23-августундагы № 3 “Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Ушул буйруктун талаптарынын жеткиликтүү аткарылышы үчүн жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички иликтөө кызматына, министрдин коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча кеңешчисине жана ушул буйруктун 2-пунктунда көрсөтүлгөн жетекчилерге жүктөлсүн.
8. Ушул буйруктун талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө кураторлук кылган ишмердик багыттары боюнча Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин биринчи орун басарына жана орун басарларына жүктөлсүн.
9. Буйрук Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын бардык өздүк курамына жарыялансын.
10. Буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Министр милициянын генерал-полковниги |
|
У.О. Ниязбеков |
КР ИИМдин __________
№ _____ буйругуна
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министерлигинде коррупциянын
келип чыгуу тобокелдиктери бар учурлардын жана кырдаалдардын
тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын/ жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын функциясы (ыйгарым укугу) (*) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер) (**) | Коррупциялык тоболекдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коорупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | Түзүмдүк бөлүктүн (борборлук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүктүн, мекеменин) аталышы (***) | Коррупциялык тобокелдикке дуушар болуучу кызмат орундары (****) | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдары көрсөтүү) |
Функциянын түрү: Тергөө-ыкчам ишмердиги | |||||||
1. | Тергөөгө чейинки текшерүү материалдар жана кылмыш иштери боюнча, анын ичинде коррупциялык, кызматтык, экономикалык, баңги кылмыштар, миграциялык мыйзамдар тармагындагы кылмыштар жана бузуулар боюнча ыкчам-издөө жана тергөө-ыкчам иш-чараларын аныктоо, бөгөт коюу, алдын алуу жана жүргүзүү. | Ыкчам-иликтөө ишмердигинин, тергөөгө чейинки текшерүүнү, миграция чөйрөсүндөгү контролду калыс эмес жүзөгө ашыруу, анын ичинде кылмыштарды жана бузууларды эсепке алуудан жашыруу, текшерүү, ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларын формалдуу жүргүзүү, күнөөлүү жактарга карата чара көрбөө, материалдарды фальсификациялоо, жеке жактардын кызыкчылыгында мыйзамдардын талаптарын тандалма колдонуу, жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында чечимдерди кабыл алуу. | Системалуу | Орто | КР ИИМдин КИББ, ЭММКАК, БМЖККК, ИИК жана аймактык бөлүктөр. | Ыкчам өкүл, улук ыкчам өкүл, өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук ыкчам өкүл; Бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; Башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; Кызматтын, башкы башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер УКМКнын, ЖАМКнын, МБКнын, МЧКнын, МСКнын, ФЧМКнын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн |
2. | Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин жана жазык-процессуалдык кодексинин алкагында тергөө аракеттерин жүзөгө ашыруу | Сотко чейинки өндүрүштү калыс эмес жүзөгө ашыруу, анын ичинде негизсиз процессуалдык чечимдерди кабыл алуу, тергөө аракеттерин формалдуу жүргүзүү, далилдерди жана кылмыш ишинин материалдарын фальсификациялоо, жосундун квалификациясын же катышуучулардын процессуалдык статусун формалдуу өзгөртүү, буюм далилдер менен мамиле кылуунун тартибин бузуу, жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында айрым жактардын кызыкчылыгында кылмыш-жаза жана жазык-процессуалдык мыйзамдардын нормаларын тандалма колдонуу | Системалуу | Орто | КР ИИМ ТК жана ИИОнун тергөө бөлүктөрүнүн кызматкерлери | Тергөөчү; улук тергөөчү; өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү; Бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; Башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; Кызматтын, башкы башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер УКМКнын, ЖАМКнын, МБКнын, МЧКнын, МСКнын, ФЧМКнын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциянын түрү: Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана коомдук тартипти коргоо | |||||||
3. | Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо | Жол кыймылынын коопсуздугуна контролду жүзөгө ашырууда мыйзамдардын чечимдерин объективдүү эмес колдонуу, анын ичинде административдик жоопкерчиликке тартуудан бошотуу же негизсиз тартуу, бузууларды кайра квалификациялоо, материалдарды фальсификациялоо, административдик таасир этүү чараларын тандалма колдонуу, жеке же башка кызыкчылыктардын кесепетинен чечимдерди кабыл алуу. | Системалуу | Орто | КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы | ИИОнун жол кыймылын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырган саптык бөлүктөрүнүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган органдардын, «Унаа» ММ ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн |
4. | Административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды түзүү | Административдик укук бузуулар жөнүндө материалдарды калыс эмес түзүү, корутундуларды, маалымкаттарды жана макулдашууларды даярдоо, ошондой эле текшерүүлөрдү жүргүзүү, мыйзамдардын талаптарын тандалма колдонуу, административдик жоопкерчиликке тартуу же тартуудан бошотуу жөнүндө негизсиз чечимдерди кабыл алуу, аныкталган бузууларды жашыруу же бурмалоо, жеке же башка кызыкчылыктардын кесепетинен чара көрбөө. | Системалуу | Орто | КР ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы | Тескөөчү; Улук тескөөчү; Башкы тескөөчү; Бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; Башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; Кызматтын, Башкы башкармалыктын, Башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер УКМКнын, ЖАМКнын, МБКнын, МЧКнын, МСКнын, ФЧМКнын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн |
Функциянын түрү: Кызматтарды көрсөтүү | |||||||
5. | Жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу жөнүндө, жарандын соттуулугу бар же жоктугу жөнүндө маалымкат берүү. | Мамлекеттик маалыматтык системаларда же берилүүчү маалымкатта камтылган соттолгондугу жөнүндө маалыматтарды мыйзамсыз өзгөртүү же бурмалоо, жеке же башка кызыкчылыктардын кесепетинен белгиленген мөөнөттөн мурда маалымкаттарды берүү же апостиль коюу. | Кырдаалдык | Орто | КР ИИМ МТББ, ички иштер органдарынын маалыматтык технологиялар бөлүктөрүнүн «Бирдиктүү терезе» режиминде мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү борборлору жана пункттары, Чүй облусунун ИИББ жана облустук ИИБ | Тескөөчү; улук тескөөчү; башкы тескөөчү; бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; кызматтын, башкы башкармалыктын, башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары.
| Бул коррупциялык тобокелдиктер ИИОнун ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
Функциянын түрү: Лицензиялык-уруксат берүү ишмердиги | |||||||
6. | Жүргүнчүлөрдү ташууну жана коркунучтуу жүктөрдү ташууну уюштурууга уруксаттарды берүү, аларды коштоо. | Документтерди калыс эмес кароо жана жүргүнчүлөрдү ташууну жана коркунучтуу жүктөрдү ташууну уюштурууга уруксаттарды берүү, аларды коштоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу, жеке же башка кызыкчылыктарда документтерге ашыкча же негизсиз жумшартылган талаптарды коюу, ошондой эле аларды кароо мөөнөттөрүн негизсиз ылдамдатуу же создуктуруу аркылуу негизсиз тоскоолдуктарды же артыкчылыктарды түзүү. | Кырдаалдык | Төмөн | КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы | Лицензиялык-уруксат берүү ишмердиги боюнча жетекчилик курам; тескөөчү; улук тескөөчү; башкы тескөөчү; бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; кызматтын, башкы башкармалыктын, Башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул коррупциялык тобокелдиктер ИИО, «Унаа» ММ, ЖӨБӨ ишмердүүлүгүнө тиешелүү. |
7. | Куралга уруксат берүүчү документтерди (лицензияларды/уруксаттарды) берүү. | Уруксат берүүчү документти негизсиз (аргументсиз) берүү же берүүдөн баш тартуу, аны алуу үчүн жасалма тоскоолдуктарды түзүү, чечим кабыл алуу үчүн мааниге ээ болгон маалыматтарды жашыруу (бурмалоо, көңүл бурбоо), ошондой эле мыйзамда каралбаган документтерди же процедуралардан өтүүнү талап кылуу, жеке же башка кызыкчылыктарда арызды кароо мөөнөттөрүн жасалма түрдө жайлатуу жана ылдамдатуу. | Кырдаалдык | Төмөн | КР ИИМ Коомдук коопсуздук кызматы | Лицензиялык-уруксат берүү ишмердиги боюнча жетекчилик курам; тескөөчү; улук тескөөчү; башкы тескөөчү; бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; кызматтын, башкы башкармалыктын, Башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер лицензияларды жана башка уруксат берүүчү документтерди берүү боюнча мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
Функциянын түрү: Мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу | |||||||
8. | Товарларды, жумуштарды жана кызматтарды сатып алуу | Жеке же башка кызыкчылыктарда товардык-материалдык баалуулуктарга, жумуштарга жана кызматтарга болгон муктаждыкты жасалма түрдө жогорулатуу, конкреттүү берүүчүгө ылайыктап сатып алуу критерийлерин жана техникалык тапшырмаларды калыптандыруу, белгиленген процедураларды жана босогодук маанилерди кыйгап өтүү максатында сатып алууларды майдалоо, сатып алуунун катышуучуларынын сатып алуучу уюмдун кызмат адамдары менен аффилирленгендиги, келишимдин наркын жогорулатуу жана анын шарттарын негизсиз өзгөртүү, факты жүзүндө келишимдин шарттарына ылайык келбеген товарларды, жумуштарды жана кызматтарды кабыл алуу, берүүчү тарабынан келишимдик милдеттенмелердин бузулушун жашыруу жана мыйзамда каралган чараларды көрбөө | Системалуу | Орто | КР ИИМдин Мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү жана аймактык бөлүктөр, КР ИИМдин МТББ | Тескөөчү; улук тескөөчү; башкы тескөөчү; бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы. бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; кызматтын, башкы башкармалыктын, Башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Финансы министирлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн. |
Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу | |||||||
9. | Ички иштер органдарына кызматка кабыл алуу | Документтерди жана тандоо жыйынтыктарын калыс эмес кароо, талапкерлердин белгиленген талаптарга ылайык келбестигин жашыруу, өздүк иштин материалдарын фальсификациялоо, тандоого катышууга негизсиз уруксат берүү же жеке же башка кызыкчылыктарда кызматка кабыл алуу жөнүндө чечим кабыл алуу, белгилүү бир жактардын кызыкчылыктарын жоктоо (лоббиздөө) максатында кызмат абалын, административдик ресурсту пайдалануу. | Системалуу | Орто | КР ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы, кадр кызматтары жана конкурс комиссиялары | Бөлүктөрдүн жетекчилери жана кадр кызматтарынын кызматкерлери; тескөөчү; улук тескөөчү; башкы тескөөчү; бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; кызматтын, башкы башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер КР ИИО кадр кызматтарынын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн |
9.1. | Кызмат боюнча орун которуштуруу | Дайындоо, которуу же кызмат ордунан бошотуу жөнүндө чечимдерди калыс эмес кабыл алуу, анын ичинде кызматтык орун которуштуруу үчүн негиздерди жасалма түрдө түзүү, айрым кызматкерлерге негизсиз артыкчылыктарды берүү, жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында кыйла жогорку кызмат орундарына дайындоо | Кырдаалдык | Орто | КР ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы, кадр кызматтары жана конкурс комиссиялары | Бөлүктөрдүн жетекчилери жана кадр кызматтарынын кызматкерлери; тескөөчү; улук тескөөчү; башкы тескөөчү; бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; кызматтын, башкы башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер КР ИИО кадр кызматтарынын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн. |
9.2. | Кызматкердин ротациясы | Ротацияны жүргүзүүнүн талаптарын жана критерийлерин калыс эмес колдонуу, анын ичинде айрым кызматкерлерди ротациядан негизсиз бошотуу, жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында конкреттүү жактардын кызыкчылыгында ротацияны дайындоо мөөнөттөрү жана чечимдери менен манипуляциялоо. | Кырдаалдык | Орто | КР ИИМдин Кадрлар башкы башкармалыгы, кадр кызматтары жана конкурс комиссиялары | Бөлүктөрдүн жетекчилери жана кадр кызматтарынын кызматкерлери; тескөөчү; улук тескөөчү; башкы тескөөчү; бөлүмдүн, бөлүмчөнүн башчысы жана башчынын орун басары; башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары; кызматтын, башкы башкармалыктын башчысы жана башчынын орун басары. | Бул тобокелдиктер КР ИИО кадр кызматтарынын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн. |
10. | Билим берүү процессин уюштуруу, окуу ишмердигин башкаруу, белгиленген талаптардын сакталышына контролду жүзөгө ашыруу | Кабыл алууда, окутууда жана окуунун жыйынтыктарын баалоодо негизсиз артыкчылыктарды берүү, анын ичинде жыйынтыктоочу иш-чаралардан бошотуу, сынак материалдарын ачыкка чыгаруу, жасалма түрдө окуу карыздарын түзүү, окуунун жыйынтыктарын фальсификациялоо, калыс эмес баалоо жана жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында айрым окуучуларга артыкчылыктарды берүү. | Кырдаалдык | Орто | КР ИИМдин Академиясы жана РОБ | Профессордук-окутуучулук курам жана Академиянын, Республикалык окуу борборунун жетекчилери
| Бул тобокелдиктер Академиянын жана Республикалык окуу борборунун жана МК жана ЖӨАБ МА окутуучулук курамынын ишмердигине тиешелүү болушу мүмкүн
|