Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 9-октябры № 685
Гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. ЕАЭБ ТЭИ ТН 6809 11 000 0 коду менен классификациялануучу, гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин.
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тыюу салуу төмөнкү товарларга жайылтылбайт деп белгиленсин:
1) Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу бажылык транзиттин бажы жол-жобосуна ылайык ташылуучу;
2) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин аймагынан ташып келинүүчү;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жактырылган инвестициялык макулдашууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерде жана макулдашууларда каралган инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында ташып келинүүчү.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө киргенге чейин үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл болгон чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 230 «Гипстен орнаментсиз, кагаз же картон менен гана капталган же бекемделген плиталарды, такталарды, панелдерди, плиткаларды жана ушул сыяктуу буюмдарды ташып келүүгө убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин