Загрузка документа…
|
| 2-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 12-октябрындагы № 687 токтомуна) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби 1. Ушул Тартип мамлекеттик органдар/ишканалар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик, муниципалдык кызматчылар жана айрым жеке жактар жөнүндө маалыматты (мындан ары – маалымат) толтуруу жана берүү эрежелерин аныктайт. 2. Маалымат тиркемеге ылайык электрондук формада берилет. 3. Отчеттук мезгил үчүн маалымат төмөнкүлөргө берилет: 1) ыйгарым укуктуу салык органына: – мамлекеттик органдар отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейин ведомстводо мамлекеттик кызмат орундарын ээлеген же ээлеп турган адамдар боюнча жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 1-бөлүгүнүн колдонулушу жайылтылган айрым жеке жактар боюнча; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматчылар боюнча; – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик отчеттук жылдан кийинки жылдын 31-январына чейин – мамлекеттин катышуу үлүшү бар мекемелердин, ишканалардын жана уюмдардын жетекчилерине жана жетекчилердин орун басарларына карата; 2) аймактык салык органына – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары отчеттук жылдан кийинки жылдын 15-январына чейин ведомстводо муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген кызматкерлер боюнча. 4. 001-уячада: 1) эгерде маалымат отчеттук мезгил үчүн биринчи жолу берилип жатса, «X» түрүндөгү белги «Алгачкы» уячасында көрсөтүлөт; 2) эгерде маалымат мурда ушул эле отчеттук мезгил үчүн берилген болсо, бирок кийинчерээк кандайдыр бир так эместиктер же каталар табылып, берилүүчү маалыматта оңдолгон болсо, «X» түрүндөгү белги «Такталган» уячасында көрсөтүлөт. 5. 102-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ИСНи көрсөтүлөт. 6. 103-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын толук аталышы көрсөтүлөт. 7. 104-уячада мамлекеттик органдын/ишкананын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын салыктык катталган орду боюнча салык органынын коду жана аталышы көрсөтүлөт. |