Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-октябры № 687
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин 5-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Мамлекеттик, муниципалдык кызматчынын жана айрым жеке жактын бирдиктүү салык декларациясына талдоо жүргүзүү жана изилдөө тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
2) Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын убактылуу ээлеп турган же ээлеген жеке жактар жөнүндө маалымат берүү тартиби 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-декабрындагы № 687 «Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 107-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-сентябрындагы № 470 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 12-пункту;
3) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 533 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтомунун 12-пункту.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-октябрындагы № 77 (3837) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |