Загрузка документа…
| ЖАМКнын 2026-жылдын “____”_______________ № ____буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине караштуу
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматындагы
коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын
ТИЗМЕГИ
Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу
Функциянын түрү: Жаза өтөөнү жана камакта кармоону камсыздоо
Функциянын түрү: Жаза өтөөдөн бошотуу жана мөөнөтүн кыскартууну уюштуруу
Функциянын түрү: Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу
Функциянын түрү: Ички контрол
Функциянын түрү: Тергөөгө чейинки текшерүүнү жүзөгө ашыруу, кылмыш ишин козгоо, тергөө өндүрүшү
Функциянын түрү: Финансылык-бюджеттик ишти башкаруу
Функциянын түрү: Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү
Функциянын түрү: Материалдык-техникалык ресурстарды башкаруу
№ | ЖАМКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк, ведомстволук бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин функциялары (ыйгарым укуктары) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер) | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогору) | ЖАМКнын борбордук аппаратынын түзүмдүк, ведомстволук бөлүктөрү жана мекемелери | Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо органдарды көрсөтүү) |
Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу
| |||||||
1 | Кызматка кабыл алуу жана дайындоо | Талапкерлерди жеке же башка кызыкчылыктардын жана кызматтык көз карандылыктын таасири астында тандоо, текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, айрым талапкерлерге артыкчылык берүү максатында квалификациялык талаптарды жана баалоо критерийлерин негизсиз өзгөртүү. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Түзөтүү мекемелери; 3. Тергөө изоляторлору; 4. Кайтаруу жана конвой департаменти; 5. Мамлекеттик ишканалар; 6. Мекеме. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - Кадрлар башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - башкармалыктын тескөөчүлөрү. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчылары жана орун басарлары; - кадрлар тобунун тескөөчүлөрү; 3. Тергөө изоляторлорунун башчылары жана орун басарлары; - кадрлар тобунун тескөөчүлөрү; 4. Департаменттин башчысы жана орун басарлары; - кадрлар башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - кадрлар башкармалыгынын офицерлери. - күжүрмөн даярдык башкармалыгынын дене тарбия жана спорт бөлүмчөсүнүн башчысы; - тарбия иштер башкармалыгынын офицер психологу; 5. Мамлекеттик ишканалардын директору жана орун басарлары; - кадрлар боюнча башкы адистери; 6. Мекеменин башчысы. | ЖАМК; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин үй-бүлөлүк медицина борборлору; КР Коргоо министрлигинин аскердик комиссариаттары жана аскердик бейтапканасы (поликлиника). |
2 | Конкурс өткөрүү жана кадрлар резервин түзүү | Жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында айрым талапкерлерге карата белгиленген талаптарды бирдей колдонбоо, жыйынтыктарды объективдүү эмес аныктоо же бурмалоо, тесттик суроолордун жоопторду алдын ала берүү же туура жоопту белгилөөгө көмөктөшүү, негизсиз артыкчылык берүү же тоскоолдук кылуу. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - Кадрлар башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - башкармалыктын тескөөчүлөрү. - Конкурстук комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. - Окуу борборунун башчысы; - окуу-усулдук бөлүмдүн башчысы; - улук тескөөчүсү. | ЖАМК |
3 | Кызматкерди которуу жана ротациялоо | Жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында айрым кызматкерлерге негизсиз артыкчылык берүү, белгиленген талаптарды эске албастан башка кызматка которуу же ротациялоо. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Түзөтүү мекемелери; 3. Тергөө изоляторлору. 4. Кайтаруу жана конвой департаменти. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; 2. Кадрлар башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - башкармалыктын тескөөчүлөрү; 3. Департаменттин башчысы жана орун басарлары; - кадрлар башкармалыгынын башчысы жана орун басары; -батальондун командирлери. 4. Түзөтүү мекемелеринин башчылары; 5. Тергөө изоляторлорунун башчылары. | ЖАМК |
4 | Атайын (аскердик) наамдарды ыйгаруу, сыйлоо жана артиптик жаза чараларын колдонуу | Жеке кызыкчылыктын негизинде айрым кызматкерлерге карата мыйзам талаптарын бирдей колдонбоо, айрым адамдарга негизсиз артыкчылык берүү же алардын укуктарын чектөө. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Түзөтүү мекемелери; 3. Тергөө изоляторлору; 4. Кайтаруу жана конвой департаменти. | 1. ЖАМКнын төрагасы; - ЖАМКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары; 2. Түзөтүү мекемелеринин башчылары; 3. Тергөө изоляторлорунун башчылары; 4. Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы; - департаменттин түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары. | ЖАМК |
5 | Аттестациялоо жана кесиптик даярдоо | Жеке же башка кызыкчылыктын негизинде айрым кызматкерлерге негизсиз артыкчылык берүү, белгиленген талаптарды бирдей колдонбоо, баалоонун калыстыгын бузуу. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Кайтаруу жана конвой департаменти.
| 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; 2. Кадрлар башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - башкармалыктын тескөөчүлөрү. - Аттестациялык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. - Окуу борборунун башчысы; - окуу-усулдук бөлүмдүн башчысы; - улук тескөөчүсү. 2. Департаменттин башчысы жана орун басарлары; - аттестациялык комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. | ЖАМК |
6 | Талапкерлерди жана кызматкерлерди медициналык кароодон өткөрүү | Жеке же башка кызыкчылыктарды көздөө менен, мыйзамсыз көмөк көрсөтүү максатында, талапкерлерге жана кызматкерлерге кызмат өтөөгө жарамдуулугу (жарамсыздыгы) жөнүндө чыныгы жагдайга туура келбеген (жасалма) корутундуларды берүү, ошондой эле убактылуу эмгекке жарамсыздык баракчаларын негизсиз тариздөө жана берүү. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. ЖАМКнын аскердик-дарыгердик комиссиясы. 3. Госпиталь жана бейтапкана.
| 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; -Медициналык башкы башкармалыктын башчысы, орун басары; - улук тескөөчү. -тескөөчүлөрү. 2. Аскердик-дарыгердик комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү; 3. Госпиталь жана бейтапкананын башчысы жана орун басары; - дарыгерлер. | ЖАМК; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин үй-бүлөлүк медицина борборлору. |
7 | Чет өлкөлүк окууларга, стажировкаларга жана кызматтык иш сапарларга жөнөтүү | Жеке кызыкчылыктын таасири астында чет өлкөлүк окууларга, стажировкаларга жана кызматтык иш сапарларга кызматкерлерди тандоодо ачыктык жана теңчилик принциптерин бузуу аркылуу айрым кызматкерлерге негизсиз артыкчылык берүү. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Түзөтүү мекемелери. 3. Тергөө изоляторлору. 4. Кайтаруу жана конвой департаменти. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - ЖАМКнын ведомстволук түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчылары; 3. Тергөө изоляторлорунун башчылары; 4. Департаменттин башчысы жана орун басарлары; - кадрлар башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - Департаменттин түзүмдүк бөлүктөрдүн башчылары. | ЖАМК |
Функциянын түрү: Жаза өтөөнү жана камакта кармоону камсыздоо
| |||||||
8 | Пенитенциардык мекемелерде жаза өтөөнүн тартибин жана шарттарын уюштуруу | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде бөгөт коюу чарасы катары камакка алынгандардын жана соттолгондордун кармоо шарттарын негизсиз жеңилдетүү, режимди бузуу фактыларына көз жумуу, мыйзамда каралган чектөөлөрдү тандалма колдонуу жана артыкчылыктуу шарттарды түзүү, тыюу салынган буюмдарды мекемеге киргизип берүү же көмөктөшүү, соттолгондордун жаза өтөө мөөнөтүн бурмалоо менен эсептөө. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Түзөтүү мекемелери; 3. Тергөө изоляторлору; 4. Кайтаруу жана конвой департаменти. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - ЖАМКнын түзүмдүк бөлүктөрүнүн башчылары жана орун басарлары; - бөлүмдүн башчылары; - башкы, улук тескөөчүлөрү жана тескөөчүлөрү; 2.Түзөтүү мекемелеринин башчылары жана орун басарлары; - бөлүмдүн башчылары; - улук тескөөчүлөрү жана тескөөчүлөрү; - контролёрлору. 3. Тергөө изоляторлорунун башчылары жана орун басарлары; - бөлүмдүн башчылары; - улук тескөөчүлөрү жана тескөөчүлөрү; - контролёрлору. 4. Департаменттин кайтаруу батальондорунун рота командирлери; - кайтаруу роталарынын кароол башчылары; - кайтаруу ротасынын текшерип өткөрүү жайынын нөөмөтчү операторлору; - кездешме кароолдун башчысы, жардамчысы; - атайын автоунаанын улугу; - пландык кроолдун башчысы, жардамчысы; - атайын автоунаанын улугу. | ЖАМК |
9 | Жаза өтөөчү мекемени аныктоо | Соттолгондорду белгилүү бир сый акы алуу же башка жеке кызыкчылыктарды көздөө максатында алардын кызыкчылыктарын эске алуу менен аларга ыңгайлуу мекемелерге бөлүштүрүү. | Системалуу | Орточо | 1. Борбордук аппарат; 2. Атайын комиссия.
| 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; -ыкчам-режимдик башкы башкармалыктын башчысы, орун басары; - ыкчам өкүлдөрү. 2. Атайын комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. |
|
10 | Соттолгондорду экстрадициялоо | Мыйзамсыз сый акы алууну көздөө менен экстрадициялоо жол-жоболорун негизсиз создуктуруу, маселени оң чечүү жана тездетүү үчүн соттолуучулардын жакындарынан мыйзамсыз сый акы алуу же негизсиз төлөмдөрдү талап кылуу же алуу, экстрадициялоо мезгилинде айрым соттолуучуларга мыйзамсыз жеңилдиктерди берүү. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Кайтаруу жана конвой департаменти.
| 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - атайын эсеп башкармалыгынын башчысы; - башкы тескөөчүсү. 2. Департаменттин башчысы жана биринчи орун басары; - ыкчам башкармалыктын башчысы; - конвой боюнча офицер. | ЖАМК; КР Башкы прокуратурасы. |
Функциянын түрү: Жаза өтөөдөн бошотуу жана мөөнөтүн кыскартууну уюштуруу
| |||||||
11 | Жаза өтөөдөн бошотуу жана мөөнөтүн кыскартуу маселелери боюнча материалдарды даярдоо | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде жаза өтөө мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотуу, мунапыс берүү, ырайым колдонуу жана оор оорусуна байланыштуу жаза өтөөдөн бошотуу боюнча материалдарга жалган маалыматтарды киргизүү, материалдарды даярдоону жана жөнөтүүнү негизсиз кечиктирүү. | Системалуу | Орточо | 1. Борбордук аппарат. 2. Түзөтүү мекемелери; 3. Тергөө изоляторлору. | 1. Медициналык башкы башкармалыгынын башчысы, орун басары; -улук инспектору. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчылары жана орун басарлары; - комиссиянын мүчөлөрү; - атайын эсеп бөлүмүнүн/тобунун башчысы; - улук тескөөчүсү; - тескөөчүлөрү; - отряд башчы - социалдык кызматкери; - медициналык бөлүмдүн башчысы; - дарыгерлер. 3. Тергөө изоляторлорунун башчылары жана орун басарлары; - комиссиянын мүчөлөрү. - атайын эсеп бөлүмүнүн/тобунун башчысы; - улук тескөөчүсү; - тескөөчүлөрү. - отряд башчы - социалдык кызматкери; - медициналык бөлүмдүн башчысы; - дарыгерлер. | ЖАМК. Кыргыз Республикасынын сот тутуму. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги. |
Функциянын түрү: Товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү жана консультациялык кызматтарды сатып алуу
| |||||||
12 | Сатып алууларды пландаштыруу жана сатып алуу документтерин даярдоо | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде техникалык талаптарды даярдоодо белгилүү бир өндүрүүчүгө, товардык белгилерге, моделге же брендге ылайыктап түзүү. | Системалуу | Жогору | 1. ЖАМКнын материалдык-техникалык камсыздоо жана өндүрүштү өнүктүрүү башкармалыгы. 2. Кайтаруу жана конвой департаментини. 3. Мамлекеттик ишканалар; 4. Мекеме. | 1. Материалдык-техникалык камсыздоо жана өндүрүштү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; -улук тескөөчүсү; -тескөөчүсү; - коммуналдык-тиричиликтик бөлүмүнүн башчысы; -улук тескөөчүсү; -тескөөчүсү; -түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлер (сатып алуу маселеси боюнча кайрылган). 2. Департамент башчысы; - Департаменттин башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары; - материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - түзүмдүк бөлүктөрдүн кызматкерлер (сатып алуу маселеси боюнча кайрылган). 3. Мамлекеттик ишканалардын сатып алуу маселеси боюнча кайрылган кызматкери. 4. Мекеменин сатып алуу маселеси боюнча кайрылган кызматкери. | ЖАМК. |
13 | Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү жана жеткирүүчүлөрдү тандоо | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде айрым жеткирүүчүлөрдүн кызыкчылыктарына ылайык шарттарды түзүү, сунуштарды кароонун жана баалоонун белгиленген тартибин бузуу. | Системалуу (системный) | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Кайтаруу жана конвой департаментини; 3. Мамлекеттик ишканалары; 4. Мекеме; | 1. ЖАМКнын төрагасы; - мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнун башчысы; - улук тескөөчүсү; - тескөөчүсү; - сатып алуулар боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү; 2. Департаменттин башчысы; - Департаменттин башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары; - Департаменттин мамлекеттик сатып алуулар боюнча бөлүмүнүн башчысы; - бөлүмдүн улук офицери; - офицери; - сатып алуулар боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. 3. Мамлекеттик ишканалардын башчылары; - атып алуулар бөлүмүнүн башчысы; - башкы адиси; - сатып алуулар боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. 4. Мекеменин директору; - сатып алуулар боюнча адис; - сатып алуулар боюнча комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. | ЖАМК. |
14 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча келишимдердин аткарылышын контролдоо | Жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында келишимдин шарттарына иш жүзүндө жооп бербеген товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү кабыл алуу, жабдуучунун келишимдик милдеттенмелерди бузган фактыларын жашыруу жана мыйзамдарда каралган чараларды күнөөлүү тарапка карата көрбөө. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Кайтаруу жана конвой департаменти. 3. Мамлекеттик ишканалар; 4. Мекеме. | 1. Борбордук аппараттын түзүмдүк бөлүктөрдүн ТМБ жана кызматтарды кабыл алууга жоптуу кызматкерлери; -материалдык-техникалык камсыздоо жана өндүрүштү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүсү; - тескөөчүсү; - коммуналдык-тиричиликтик бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүсү; - тескөөчүсү; - борбордук базанын башчысы жана орун басары; -кампачылары. 2. Департаменттин материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы жана орун басары; -түзүмдүк бөлүктөрдүн ТМБ жана кызматтарды кабыл алууга жооптуу кызматкерлери; - кампа башчы; - кампачы. 3. Мамлекеттик ишканалардын ТМБ жана кызматтарды кабыл алууга жооптуу кызматкерлери. 4. Мекеменин ТМБ жана кызматтарды кабыл алууга жооптуу кызматкерлери. | ЖАМК |
Функциянын түрү: Ички контрол
| |||||||
15 | Түзөтүү мекемелеринде инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде мыйзам бузууларды жашыруу, таасир этүү чараларын колдонбоо. | Системалуу | Орточо | 1. Борбордук аппарат; 2. Кайтаруу жана конвой департаменти. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - Башкы штабдын башчысы жана орун басары; - башкы тескөөчү; - улук тескөөчү; - комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. 2. Департаменттин башчысы жана орун басарлары; - комиссиянын төрагасы жана мүчөлөрү. | ЖАМК |
16 | Кызматтык териштирүүлөрдү (текшерүүлөрдү) жүргүзүү | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, кызматтык териштирүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталган мыйзам бузууларды жаап-жашыруу, жооптуу адамдарды негизсиз жоопкерчиликтен бошотуу, аныкталган мыйзам бузуулар боюнча материалдарды тийиштүү органга жөнөтпөй коюу. | Системалуу | Жогору | 1.Борбордук аппарат; 2. Түзөтүү мекемелери. 3.Тергөө изоляторлору. 4. Кайтаруу жана конвой департаменти. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - ички иликтөө башкармалыгынын башчысы; - ички иликтөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы; - бөлүмдүн улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү. - ыкчам-режимдик башкы башкармалыгынын башчысы жана орун басары; -ыкчам өкүлдөрү. - ЖАМКнын жетекчилиги тарабынан аныкталган кызматкерлер. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчысы жана орун басарлары; - ыкчам өкүлдөрү; - башчысы тарабынан аныкталган кызматкерлер. 3. Тергөө изоляторлорунун башчысы жана орун басары; -ыкчам өкүлдөрү; - башчы тарабынан аныкталган кызматкер. 4. Кайтаруу жана конвой департаментинин башчысы жана орун басарлары; - укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; - бөлүмдүн офицерлери. | ЖАМК |
17 | Ички аудит жүргүзүү | Жеке же башка кызыкчылыктардын негизинде текшерүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, аныкталган мыйзам бузууларды жашыруу. | Системалуу | Жогору | Борбордук аппарат. | ЖАМКнын төрагасы; - Ички аудит бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүсү; - тескөөчүлөрү. | ЖАМК |
Функциянын түрү: Тергөөгө чейинки текшерүүнү жүзөгө ашыруу, кылмыш ишин козгоо, тергөө өндүрүшү
| |||||||
18 | Тергөөгө чейинки текшерүүнү жүргүзүү жана кылмыш иштерин тергөө | Жеке же башка кызыкчылыктардын себебинен, айрым жактарды жоопкерчиликтен бошотуу же алардын жоопкерчилик чараларын жеңилдетүү максатында маалыматтарды бурмалоо, туура эмес көрсөтмө берүүгө мажбурлоо, кылмыш иш козгоодон негизсиз баш тартуу, кылмыш ишин негизсиз токтотуу (кыскартуу), иш үчүн маанилүү болгон жагдайларды толук аныктабоо, далилдерди жашыруу, бурмалоо же аларга тийиштүү укуктук баа бербөө, атайылап кылмыш иштерди тергөөнү создуктуруу. | Системалуу | Жогору | 1. Борбордук аппарат; 2. Түзөтүү мекемелери. 3. Тергөө изоляторлору. | 1. ЖАМКнын төрагасы; - тергөө башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - өзгөчө маанилүү иштер боюнча улук тергөөчү; - улук тергөөчүлөрү; - тергөөчүлөрү; - ыкчам-режимдик башкы башкармалыгынын башчысы, орун басары; - ыкчам өкүлдөрү. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчысы жана орун басарлары; - ыкчам өкүлдөрү. 3. Тергөө изоляторлорунун башчысы жана орун басары; - ыкчам өкүлдөрү. | ЖАМК. КР сот тутуму. Жазык-аткаруу тутумунун органдарында жана мекемелеринде мыйзамдардын сакталышын көзөмөлдөө прокуратурасы. |
Функциянын түрү: Финансылык-бюджеттик ишти башкаруу
| |||||||
19 | Бюджетти аткаруу | Бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу жана товардык-материалдык баалуулуктарды жеке кызыкчылыкка пайдалануу. | Системалуу | Жогору | 1.Борбордук аппарат. 2. Түзөтүү мекемелери. 3.Тергөө изоляторлору. 4. Кайтаруу жана конвой департаменти; 5. Мамлекеттик ишканалар. 6.Мекеме. | 1. ЖАМКнын төрагасынын орун басары; - Финансы, экономика жана курулушту координациялоо башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - финансылоо, талдоо жана курулуш иштерин координациялоо бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү. - бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - материалдык-техникалык камсыздоо жана өндүрүштү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - камсыздоо бөлүмүнун башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - Коммуналдык-тиричилик бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - өндүрүш бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - Борбордук базанын башчысы жана орун басарлары; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - кампа башчылары; - айдоочу-экспедитор. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчылары жана орун басарлары; - материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчү; - тескөөчүсү; - кампа башчысы; - тескөөчү-бухгалтери. 3.Тергөө изоляторлорунун башчылары жана орун басарлары; - материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчү; - тескөөчүсү; - кампа башчысы; - тескөөчү-бухгалтери. 4. Департаменттин башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары; - Департаменттин финансы башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмчөсүнүн башчысы; - бухгалтерлери. - Материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - Оорук бөлүмүнүн башчысы; - бухгалтери; - аскердик мүлк кызматынын башчысы; - бухгалтери; - роталардын старшиналары. 5. Мамлекеттик ишканалардын башчылары жана орун басарлары; -өндүрүш участокторунун башчылары; - бухгалтерлери; - мастерлери; - прорабдары; 6.Мекеменин башчысы; - башкы инженер; - инженер техникалык көзөмөлдөөчү; - инженер смета түзүүчү; - бухгалтери. | ЖАМК. |
Функциянын түрү: Мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү
| |||||||
20 | Жолугушуу үчүн бөлмөлөрдү жана жогорку ыңгайлуулуктагы бөлмөлөрдү берүү | Жеке же башка кызыкчылыктардын таасири астында белгиленген тартипти жана кезектүүлүктү бузуу, айрым адамдарга негизсиз артыкчылык берүү, сый акы же башка пайда алуу максатында кызмат көрсөтүүдөн негизсиз баш тартуу же кызмат көрсөтүүнү создуктуруу. | Системалуу | Жогору | 1.Борбордук аппарат. 2. Түзөтүү мекемелери. 3.Тергөө изоляторлору. | 1. ЖАМКнын төрагасы жана орун басарлары; - ыкчам-режимдик башкы башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - башкармалыктын Режим жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчылары жана орун басарлары; - Режим жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы. 3.Тергөө изоляторлорунун башчылары жана орун басарлары; - Режим жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы. |
|
Функциянын түрү: Материалдык-техникалык ресурстарды башкаруу
| |||||||
21 | Материалдык-техникалык ресурстарды сактоо жана пайдалануу | Материалдык баалуулуктарды уурдоо, жетишсиздиктерди жашыруу, документтерди бурмалоо жана негизсиз эсептен чыгаруу. | Системалуу | Жогору | 1.Борбордук аппарат. 2. Түзөтүү мекемелери. 3.Тергөө изоляторлору. 4. Кайтаруу жана конвой департаменти. 5. Мамлекеттик ишканалар. 6.Мекеме. | 1. Финансы, экономика жана курулушту координациялоо башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - материалдык-техникалык камсыздоо жана өндүрүштү өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - Коммуналдык-тиричилик бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - Камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - Маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - Маалыматтык техналогиялар бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - Кайтаруу инженердик-техникалык каражаттары жана байланыш тобунун улук тескөөчүсү; - тескөөчүлөрү; - ички аудит бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - Борбордук базанын башчысы жана орун басарлары; - улук тескөөчүлөрү; - тескөөчүлөрү; - медицина башкы башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - Госпитал жана бейтапкананын башчысы; - Госпиталдын башчысы; - Бейтапкана башчысы. 2. Түзөтүү мекемелеринин башчылары жана орун басарлары; -материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчү; - тескөөчүсү; - кампа башчысы; - тескөөчү-бухгалтери. 3.Тергөө изоляторлорунун башчылары жана орун басарлары; -материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы; - улук тескөөчү; - тескөөчүсү; - кампа башчысы; - тескөөчү-бухгалтери. 4. Департаменттин башчысынын материалдык-техникалык камсыздоо боюнча орун басары; - Финансы башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмчөсүнүн башчысы; - бухгалтерлери. - Материалдык-техникалык камсыздоо башкармалыгынын башчысы жана орун басары; - Оорук бөлүмүнүн башчысы; -бухгалтери; -кампа башчысы; - аскердик мүлк кызматынын башчысы; - кампа башчысы; - бухгалтери. - кампа башчысы; - Автомобилдик кызматтын башчысы жана орун басары; - кампа башчысы; -Квартира-эксплуатациялоо жана коммуналдык кызматынын башчысы; - Офицер-комендант; - Материалдык-техникалык камсыздоо ротасынын командири жана орун басарлары; - роталардын старшиналары; - Кийим тигүүчү цехтин башчысы; 5. Мамлекеттик ишканалардын башчылары жана орун басарлары; - өндүрүш участокторунун башчылары; - бухгалтерлери; - мастерлери; - прорабдары; 6. Мекеменин башчысы; - башкы инженер; - инженер техникалык көзөмөлдөөчү; -инженер смета түзүүчү; - бухгалтери. | ЖАМК |
|
Колдонулган кыскартуулар:
1. ЖАМК - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы;
2. Мамлекеттик ишканалар - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын “Келечек” жана “Механизациялаштырылган көчмө колонна” мамлекеттик ишканалары;
3. Мекеме - Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын “Курулуш объекттеринин дирекциясы” мекемеси. | ||||||