Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНЕ КАРАШТУУ
ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БУЙРУГУ
2026-жылдын 10-августу № 664
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу
Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматында коррупциянын
пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана
кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу огандарында коррупциялык тобокелдиктерди табуу, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пунктунун талаптарын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинин 21 пунктун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-мартындагы № 124 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө” жобонун 15-пунктун жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жазаларды аткараруу мамлекеттик кызматында (мындар ары - ЖАМК) коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги ушул буйруктун тиркемесине ылайык бекитилсин.
2. ЖАМКнын түзүмдүк, ведомстволук бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин жетекчилери бекитилген Тизменин жоболорунун сакталышын жана ишке ашырылышын туруктуу негизде камсыз кылсын.
3. ЖАМКнын Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттар менен байланыш бөлүмү ушул буйрук катталган күндөн тартып үч күндүн ичинде аны мамлекеттик жана расмий тилдерде ЖАМКнын расмий веб-сайтына жайгаштырсын.
4. ЖАМКнын Катчылыгы:
- үч жумуш күндүн ичинде ушул буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде анын көчүрмөсүн маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтсүн.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоону өзүмө калтырам.
6. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 10-августунда http://www.gsin.gov.kg/page/corruption расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Ч.Э. Кожошев |