Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНЕ КАРАШТУУ ИНВЕСТИЦИЯЛАР БОЮНЧА УЛУТТУК АГЕНТТИГИНИН БУЙРУГУ
2026-жылдын 11-сентябры № 76-Н
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциялык тобокелдиктер жаралышы мүмкүн болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 8-апрелиндеги № 232 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуучу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-апрелиндеги № 115 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик жөнүндө жобону жетекчиликке алып, буйрук кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде (мындан ары – Улуттук агенттик) коррупциялык тобокелдиктер жаралышы мүмкүн болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Улуттук агенттиктин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана Улуттук агенттикке караштуу ведомстволук уюмдун жетекчилери коррупциялык тобокелдиктерди жоюу жана азайтуу боюнча зарыл болгон иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүшсүн.
3. Укуктук камсыздоо, инвесторлордун укуктарын коргоо жана даттанууларды кароо бөлүмүнө:
- расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде нормативдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, ушул буйруктун көчүрмөсүн мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук алып жүрүүчүдө Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- ушул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде анын көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтсүн.
4. Улуттук агенттиктин 2024-жылдын 26-мартындагы № 1 “Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин бекитүү жөнүндө” буйругу күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Улуттук агенттиктин башчысынын тиешелүү орун басарларына жүктөлсүн.
6. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2026-жылдын 7-октябрында file:///C:/Users/Work/Downloads/prikaz-nai-no-76-n-2026-09-11-korruptionnye-riski-ru-ky%20(2).pdf расмий сайтында жарыяланды
Улуттук агенттиктин башчысы |
| Р.А. Сабиров |
|
| Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин 2026-жылдын 11-сентябрындагы № 76-Н буйругуна тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттигинде коррупциялык тобокелдиктер жаралышы мүмкүн болгон учурлардын жана кырдаалдардын тизмеги
№ | Мамлекеттик органдын функциясы (ыйгарым укугу) | Коррупциянын пайда болуу тобокелдиги бар учурлар жана кырдаалдар (коррупциялык тобокелдиктер) Коррупциялык тобокелдиктердин пайда болушу мүмкүн болгон учурлар жана кырдаалдар | Коррупциялык тобокелдиктин категориясы: системалуу (реалдуу), потенциалдуу, кырдаалдык | Коррупциялык тобокелдиктин деңгээли (төмөн, орточо, жогорку) | Түзүмдүк бөлүмдүн (борбордук аппараттын, аймактык же ведомстволук бөлүмдүн, мекеменин) аталышы | Коррупциялык тобокелдиги бар кызмат орундары | Башка мамлекеттик органдарда/жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктин пайда болуу ыктымалдыгы (бар болсо, органдарды көрсөтүү) |
1-бөлүм. Функциянын түрү: Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү | |||||||
1 | Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу боюнча иштерди жүргүзүү | 1. Сатып алууга катышуучулардын билдирмелерин пландаштыруу, даярдоо, кароо жана баалоо этабында: – сатып алуунун конкреттүү катышуучусунун пайдасына чечим кабыл алууну камсыз кылуу максатында, анын ичинде билдирмени объективдүү эмес баалоо же добуш берүүнүн жыйынтыктарына таасир этүү жолу менен, кызмат адамдары же сатып алуу комиссиясынын мүчөлөрү тарабынан анын кызыкчылыктарын сүрөө (лоббирлөө) ыктымалдуулугу; – сатып алууга катышуучуларынын билдирмелерин негизсиз четке кагуу ыктымалдуулугу; – сатып алуунун предметин жана көлөмүн негизсиз белгилөө же товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун иш жүзүндөгү зарылдыгын тийиштүү түрдө негиздебестен керектөөнү аныктоо ыктымалдуулугу. 2. Сатып алууга катышуучулардын билдирмелерин кароо, катышууга уруксат берүү, конкреттүү сатып алуунун жеңүүчүсүн аныктоо этабында: – атаандаштыкты чектөө, мыйзамдарда каралган атаандаштык жол-жоболорун жокко чыгаруу (айланып өтүү) же алдын ала белгиленген берүүчүнүн, подрядчынын же аткаруучунун жеңишине шарт түзүү максатында сатып алуу ыкмасын негизсиз тандоо; – конкреттүү товардын, жумуштун, кызмат көрсөтүүнүн мүнөздөмөлөрүн эске алуу менен сатып алуунун предметине карата техникалык спецификацияны, техникалык тапшырманы жана башка талаптарды калыптандыруу аркылуу конкреттүү берүүчүгө, подрядчыга же аткаруучуга негизсиз артыкчылыктарды түзүү. 3. Келишимди түзүү жана аткаруу этабында: – товарларды, жумуштарды же кызмат көрсөтүүлөрдү алардын санына, сапатына, комплекттүүлүгүнө жана келишимдин шарттарына, техникалык спецификацияга, ошондой эле башка сатып алуу документациясына шайкештигине тийиштүү текшерүү жүргүзбөстөн кабыл алуу.
| Системалуу | Жогору | Финансылык пландаштыруу жана мамлекеттик сатып алуулар бөлүмү, Улуттук агенттикке караштуу ведомстволук түзүмдөр
| Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, жетектөөчү адис, адис, мамлекеттик сатып алуулар боюнча Улуттук агенттикке караштуу ведомстволук түзүмдүн кызматкерлери | Бул тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин ишмердүүлүгүнө орун алышы мүмкүн |
2-бөлүм. Функциянын түрү: Адам ресурстарын башкаруу | |||||||
2. | Бош кызмат орундарын ээлөөгө жана кадрлар резервине киргизүүгө конкурс өткөрүүнү уюштуруу | 1. Конкурсдук жол-жобону, анын ичинде аңгемелешүүнү жана башка конкурсдук иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү этабында: – айрым талапкерлерге конкурстун талаптары, аны өткөрүү тартиби жана баалоо критерийлери жөнүндө жалпыга ачык болуп саналбаган маалыматты берүү ыктымалдуулугу; – конкреттүү талапкердин кызыкчылыгында конкурсту өткөрүүнүн шарттарын, критерийлерин же тартибин негизсиз өзгөртүү; – кошумча түшүндүрмөлөрдү, маалыматтарды же башка артыкчылыктарды берүү жолу менен аңгемелешүү өткөрүүдө жеке талапкерге артыкчылыктуу шарттарды түзүү ыктымалдуулугу. 2. Баалоо, конкурстун жыйынтыктарын аныктоо жана кадрдык чечимди кабыл алуу этабында: – белгилүү бир талапкердин пайдасына бүтүмгө келүү, анын кызыкчылыктарын лоббирлөө же мыйзамсыз таасир этүү, анын ичинде баалоонун, аңгемелешүүнүн натыйжалары жана конкурстун башка критерийлери менен бурмалоо кылуу ыктымалдуулугу; Белгилүү бир талапкердин пайдасына бүтүмгө келүү, анын кызыкчылыктарын лоббирлөө же мыйзамсыз таасир этүү, анын ичинде баалоонун, аңгемелешүүнүн натыйжалары жана конкурстун башка критерийлери менен манипуляция кылуу ыктымалдуулугу; – талапкерлигин негизсиз четтетүү же белгиленген талаптарга жооп бербеген талапкерди жеңүүчү деп табуу ыктымалдуулугу; – кызмат адамынын жеке, туугандык же башка кызыкчылыгы болгон учурда талапкерлик кароого же кадрдык чечимди кабыл алууга катышуусу; | Системалуу | Орточо | Уюштуруу жана кадр иштери, документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү. | Бул тобокелдик мамлекеттик жарандык кызматтын бош кызмат орундарын ээлөөгө сынактарды өткөрүүчү башка мамлекеттик органдардын (Кыргыз Республикасынын Кабинет Министрлерине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиги, министрликтер жана ведомстволор) ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн |
3 | Сыйлоого сунуштамаларды (материалдарды) кароо, кызматкерлерди сыйлоо жана кызыктыруу жөнүндө жетекчиликке сунуштарды киргизүү | 1. Сыйлоого материалдарды даярдоо жана кароо этабында: – Мыйзамда каралган негиздер жана тиешелүү эмгек сиңирген эмгектери жок туруп, жеке кызматкерге карата сыйлоого сунуштаманы негизсиз демилгелөө же даярдоо; – Сыйлоого анын талапкерлигин негизсиз сүрөө максатында кызмат адамдарынын, тиешелүү комиссиянын мүчөлөрүнүн кызыкдар кызматкер менен бүтүмгө келиши. 2. Жетекчиликке сунуштарды даярдоо жана сунуштамаларды кароо этабында: – сыйлоого мыйзамда каралган негиздери бар кызматкерге карата сунуштаманы кароодон, макулдашуудан же андан ары багыттоодон негизсиз баш тартуу; – тиешелүү сыйлоо же кызыктыруу үчүн жетиштүү негиздери жок кызматкерге карата сунуштаманы негизсиз жактыруу же сүрөө; – кабыл алынган чечимдин калыстыгына таасирин тийгизиши мүмкүн болгон жеке, туугандык, мүлктүк же башка кызыкдарлык бар болгон учурда кызмат адамынын талапкерлигин кароого катышуу. | Кырдаалдык | Төмөн | Уюштуруу жана кадр иштери, документтик камсыздоо жана аткарууну контролдоо башкармалыгы | Башкармалыктын начальниги, башкы адис, жетектөөчү адис, конкурстук комиссиянын мүчөлөрү. | Бул тобокелдиктер мамлекеттик сыйлыктарга сунуштамаларды даярдоону жана кызматкерлерди кызыктырууну жүзөгө ашырган башка мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
3. Функциянын түрү: Инвестициялык долбоорлорду коштоо |
| ||||||
4. | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 26-октябрындагы № 503 токтомуна ылайык 7.1-пункттун 7.1.11-пунктчасында каралган бажылык жеңилдиктерди берүү | 1. Кайрылууну кароо жана чечим даярдоо этабында: –тоскоолдуктарды түзүү же арыз ээсин укукка сыйбаган пайданы берүүгө түртүү максатында тарифтик жеңилдикти колдонуу жөнүндө кайрылууларды жана материалдарды кароонун белгиленген мөөнөттөрүн негизсиз создуктуруу же сактабоо. 2. Бажылык жеңилдиктерди берүү жөнүндө кайрылуу боюнча корутундуну даярдоо этабында: – тарифтик жеңилдикти берүү же аны берүүдөн баш тартуу максатында инвестициялык долбоордун белгиленген талаптарга шайкештиги же шайкеш эместиги жөнүндө негизсиз же билип туруп чындыкка дал келбеген корутундуну даярдоо. | Кырдаалдык | Орточо | Инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы (Инвестициялык долбоорлор менен иштөө бөлүмү) | Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис. | Бул тобокелдиктер инвесторлорго бажы жеңилдиктерин берүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы) ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
5 | Инвестициялык долбоорлорду калыптандыруу жана коштоо | 1. Инвестициялык долбоорду кароо жана коштоо этабында: – Инвесторго негизсиз атаандаштык артыкчылыктарды түзгөн инвестициялык долбоорлор жана аларды ишке ашыруу шарттары жөнүндө кызматтык же башка чектөө коюлган маалыматка жетүү мүмкүнчүлүгүн берүү. 2. Долбоорду УИА тарабынан коштолгон долбоорлордун тизмесине киргизүү жөнүндө маселени кароо этабында: – белгиленген критерийлерге шайкеш келбегендигине карабастан көрсөтүлгөн тизмеге конкреттүү долбоорду (инвесторду) негизсиз киргизүү. 3. Конкреттүү долбоорду ишке ашырууну контролдоо этабында: – инвестициялык долбоорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүүдө инвестор үчүн каралган преференцияларды сактап калуу максатында инвестор тарабынан жол берилген бузууларды көрмөксөнгө салуу. | Кырдаалдык | Төмөн | Инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы (Инвестициялык долбоорлор менен иштөө бөлүмү) | Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис. | Бул тобокелдиктер инвестицияларды тартууга жана коштоого, ошондой эле мамлекеттик колдоо чараларын ишке ашырууга жооптуу башка мамлекеттик органдардын (инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруучу министерстволордун жана ведомстволордун) ишмердүүлүгүнө тиешелүү болушу мүмкүн. |
6 | Потенциалдуу инвесторлорго инвестициялык виза алуу үчүн КР ТИМинин КД өтүнүч каттарды берүү. | 1. Потенциалдуу инвесторго карата өтүнүч катты даярдоо жана жөнөтүү этабында: – инвестициялык долбоорду кароодо жана коштоодо инвестор үчүн артыкчылыктуу шарттарды камсыз кылуу максатында ага укукка сыйбаган артыкчылыктарды берүү; – инвестордун кайрылууларын жана документтерин кароонун белгиленген мөөнөттөрүн тоскоолдуктарды түзүү же формалдуу эмес өз ара аракеттенүүгө мажбурлоо максатында негизсиз создуктуруу; –өтүнүч катты мыйзамсыз жактырууга же андан мыйзамсыз баш тартууга негиздерди түзүү максатында негизсиз корутунду түзүү. | Кырдаалдык | Төмөн | Инвестицияларды тартуу жана эл аралык кызматташуу башкармалыгы (Инвестициялык долбоорлор менен иштөө бөлүмү) | Башкармалыктын начальниги, бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис. | Аталган тобокелдиктер Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрликтердин Консулдук кызмат департаментинин, Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана консулдук мекемелеринин ишмердүүлүгүндө да орун алышы мүмкүн. |
4. Функциянын түрү: Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коштоо жана эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү | |||||||
7 | Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун коштоо жана эркин экономикалык зоналарды өнүктүрүү. | 1. МЖӨ жана ЭЭЗ боюнча конкреттүү долбоорду коштоо жана ишке ашыруу этабында: –УИАнын компетенциясынын чегинде документтерди кароодо, шарттарды макулдашууда, долбоорду коштоодо же чечимдерди кабыл алууда айрым жеке өнөктөшкө, инвесторго, ЭЭАнин резидентине же башка катышуучуга негизсиз артыкчылыктарды берүү. 2. Конкреттүү долбоордун экономикалык жактан максатка ылайыктуулугун баалоо этабында: – тийиштүү экономикалык жана финансылык негиздеменин жоктугуна же жетишсиздигине карабастан, долбоорду экономикалык, финансылык же социалдык жактан максатка ылайыктуу деп негизсиз таануу, ошондой эле долбоордун демилгечисинин же башка кызыкдар жактын кызыкчылыгында баалоо жыйынтыктарын бурмалоо же жашыруу. 3. Долбоорду кароо этабында: – административдик тоскоолдуктарды жаратуу жана мыйзамсыз пайда алуу максатында талапкерге басым көрсөтүү үчүн долбоордук документтерди ошондой эле кайрылууларды кароонун белгиленген мөөнөттөрүн создуктуруу же бузуу. | Кырдаалдык | Төмөн | ЭЭЗ жана МЖӨнү өнүктүрүү | Бөлүм башчысы, башкы адис, жетектөөчү адис, адис | Бул тобокелдиктер мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорлорун ишке ашыруучу башка мамлекеттик органдардын жана эркин экономикалык зоналардын Башкы дирекцияларынын ишмердүүлүгүндө орун алышы мүмкүн. |