Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-октябры № 694
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясынын стипендиаттары тарабынан милдеттенмелерди аткаруу механизмин өркүндөтүү, милдеттүү эмгек ишин өтүүнү контролдоо, республикалык бюджеттин каражаттарын пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишимдин шарттары бузулган учурларда каражаттардын кайтарылышын камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 77 (3838) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
| Д.Дж. Амангельдиев |
|
|
Тиркеме «3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын алууга типтүү келишим
Бишкек ш. |
| 20___ -ж. «____» ______ |
Мындан ары «Министрлик» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин атынан Жобонун негизинде иш алып баруучу министр ___________________________________________________ бир тараптан жана мындан ары «Стипендиат» деп аталуучу Кыргыз Республикасынын жараны _____________________________________ (аты-жөнү), ошондой эле мындан ары «Кепилчилик берүүчүлөр» деп аталуучу, Стипендиаттын милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуучу жактар катары чыгуучу Кыргыз Республикасынын жарандары:
1) _______________________________________________________;
2) _______________________________________________________,
мындан ары биргеликте «Тараптар» деп аталып, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө» Жарлыгынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-июлундагы № 397 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын ыйгаруу жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө» токтомунун негизинде, ага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен төмөнкүлөр жөнүндө ушул Келишимди түздү:
1. Келишимдин предмети
1.1. Бул Келишимдин предмети болуп Стипендиатка Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын (мындан ары – эл аралык стипендия) берүүгө, анын окуусун Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражаттарынын эсебинен каржылоого, ошондой эле Тараптардын өз ара укуктарын жана милдеттерин белгилөөгө байланыштуу келип чыккан Тараптардын мамилелери саналат.
1.2. Ушул Келишим менен Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 10-майындагы № 146 «Кыргыз Республикасынын Президентинин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө» Жарлыгынын 25¹-пунктуна ылайык Стипендиат окууну аяктагандан жана билими жөнүндө тиешелүү документти алгандан кийин 5 (беш) жылдын ичинде мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, иши республикалык же жергиликтүү бюджеттен каржылануучу же уставдык капиталында мамлекеттин үлүшү бар мекемелерде, уюмдарда же ишканаларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Келишимде белгиленген тартипте жана шарттарда эмгек ишин жүзөгө ашыруу милдеттенмесин алат.