Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР
КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2026-жылдын 15-октябры № 785-т
Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу» долбоорун ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 183-беренесинин 4-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
1. Улуттук инвестициялык долбоор статусуна ээ «Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу» долбоорун (мындан ары – долбоор) ишке ашыруучу, жеңилдетилген салык салынууга тийиш болгон уюмдардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Ушул тескеменин тиркемесинде көрсөтүлгөн уюмдардын дарегине жогоруда аталган долбоорду ишке ашыруу үчүн арналган товарларды, жумуштады жана кызмат көрсөтүүлөрдү берүүгө кошумча нарк салыгынын жана сатуудан алынуучу салыктын ставкасы нөл (0) пайыз өлчөмүндө белгиленсин.
3. Ушул тескеме менен белгиленген салык салуу боюнча жеңилдиктерди берүү мөөнөтү ушул тескеменин 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду куруу мезгилине, бирок беш (5) жылдан ашык эмес колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
|
Д.Дж. Амангельдиев |