Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 622
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2017-жылдын 24-августундагы № 528
«Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү
жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Документтерди ички текшерүү, «Өкмөттүк акселераторлор» программасынын алкагында маалыматтык системаларга ишкердик субъекттерин андан ары каттоо үчүн берилүүчү ветеринардык-санитардык корутундуларды берүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 1-пунктта:
– үчүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын;
– төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
«– Мамлекеттик ветеринардык көзөмөл тарабынан контролго алынуучу объекттерди мамлекеттик каттоо, эсепке алуу жөнүндө жана санариптик реестрди жүргүзүү тартиби жөнүндө жобо 4-тиркемеге ылайык.»;
2) ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда 4-тиркеме менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 13-майындагы № 339 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-августундагы № 528 «Ветеринария жаатындагы актыларды бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |