Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 668 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип мамлекеттик монополияга каршы органдын жана анын аймактык бөлүмдөрүнүн (мындан ары - монополияга каршы орган) Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме (мындан ары - эскертме) берүү маселесин жөнгө салуу боюнча уюштуруучулук ишин аныктайт.
2. Эгерде мындай аракет монополияга каршы мыйзамдарды бузууга алып келүүсү мүмкүн болсо жана ошол эле учурда монополияга каршы мыйзамдарды бузуу жөнүндө ишти козгоо жана кароо үчүн негиздер жок болсо, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамынын товардык рынокто пландалып жаткан аракет жөнүндө (расмий сайттын "пресс-релиздер" бөлүмүндө, социалдык тармактардагы ырасталган баракчаларда жайгаштырылуучу же басма-сөз кызматы аркылуу журналисттерге жөнөтүлүүчү) ачык билдирүүсү (мындан ары - ачык билдирүү) эскертме берүү үчүн негиз болуп саналат.
3. Эскертме мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамына ушул Тартиптин 2-пунктунда белгиленген негиздер болгон учурда жөнөтүлөт.
4. Ушул Тартипти колдонуу максаттары үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кызмат адамы деп Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын атынан чечимдерди кабыл алуу, иш-аракеттерди жасоо же аткаруу үчүн милдеттүү болгон көрсөтмөлөрдү берүү боюнча ыйгарым укуктар берилген адам түшүнүлөт.
Ушул Тартипти колдонуу максаттары үчүн чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамы деп чарба жүргүзүүчү субъекттин атынан чыгууга тескөөчү ыйгарым укуктар же документтик түрдө ырасталган өкүлчүлүктүү ыйгарым укуктар берилген адамдар түшүнүлөт.
2-глава. Эскертмени даярдоо жана жөнөтүү
5. Ачык билдирүү жөнүндө маалымат табылган же алынган күндөн тартып жети жумуш күндүн ичинде монополияга каршы орган мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бузулушу мүмкүн болгон монополияга каршы мыйзамдардын ченемдерин көрсөтүү менен экспертиза жүргүзөт. Экспертиза жүргүзүүнүн жыйынтыгы болуп монополияга каршы органдын корутундусу саналат.
6. Корутундуда эскертмени жөнөтүү үчүн негиздин болушу жана мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бузулушу мүмкүн болгон монополияга каршы мыйзамдардын ченемдери көрсөтүлөт.
7. Корутундунун негизинде монополияга каршы орган эки жумуш күндүн ичинде ушул тартиптин тиркемесине ылайык форма боюнча эскертмени даярдайт, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) эскертме жөнөтүү үчүн негиздердин болушу жөнүндө тыянактар;
2) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, чарба жүргүзүүчү субъект тарабынан бузулушу мүмкүн болгон монополияга каршы мыйзамдардын ченемдери.
8. Эскертмеге монополияга каршы органдын жетекчиси кол коёт. Эскертме бир күндүн ичинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, чарба жүргүзүүчү субъекттин кызмат адамына жөнөтүлүүгө тийиш.
|
| Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартибине тиркеме |
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме
_______________________________________________________________________________________ _______________________________________________________________________________________ (адамдын аты-жөнү, кызмат орду, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, чарба жүргүзүүчү субъекттин аталышы, жайгашкан жери) _______________________________________________________________________________________ (ачык билдирүүнүн жана ачык билдирүү жасалган жагдайлардын кыскача баяндамасы) келип чыккан товардык рынокто пландалып жаткан аракет жөнүндө ачык билдирүүсүнө байланыштуу _______________________________________________________________________________________ (монополияга каршы органдын аталышы) "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесинин негизинде мындай аракет _______________________________________________________________________________________ ("Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын беренеси, бөлүгү, пункту) бузууга алып келүүсү мүмкүн экендигине байланыштуу пландалып жаткан иш-аракеттерди (аракетсиздикти) жасабоо тууралуу эскертме берет.
|