Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-октябры № 668
Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу
Монополияга каршы мыйзамдарды бузуунун алдын алуу максатында, «Атаандаштык жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын монополияга каршы мыйзамдарын бузууга алып келүүсү мүмкүн болгон иш-аракеттерди жасоого жол берилбестиги жөнүндө эскертме берүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-июлундагы № 534 «Монополияга каршы мыйзамдардын бузулушуна алып келүүчү аракеттерге жол бербөө жөнүндө эскертүү берүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 9-октябрындагы № 76 (3836) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |