Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 14-октябры № 692
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 31-январындагы № 46 «Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
«Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 64-беренесин ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 31-январындагы № 46 «Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкынын санитардык-эпидемиологиялык бейпилдигин камсыз кылуу боюнча объекттерге мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл (контроль), санитардык-эпидемиологиялык экспертиза, иликтөө, текшерүү, изилдөө, сыноо жүргүзүүнүн тартибинде:
– 18-пункттун 2-пунктчасындагы «, кайра профилдөөгө, реконструкциялоого ж.б. архитектуралык-техникалык корутунду» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 78 (3838) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары |
|
Д.Дж. Амангельдиев |