Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-октябрындагы № 697 токтомуна) Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартиби жана критерийлери жөнүндө жобо 1-глава. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартибин жана критерийлерин, Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин, ошондой эле аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлорду инвестициялык коштоонун негиздерин аныктайт. 2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын аймагында инвестициялык ишти жүзөгө ашыруучу чет өлкөлүк инвесторлорго, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасында инвестицияны жүзөгө ашырууга ниеттенген чет өлкөлүк инвесторлорго жайылтылат. 3. Аккредитациялоо ыктыярдуу жана акысыз негизде гана жүзөгө ашырылат. Аккредитациянын жоктугу чет өлкөлүк инвестордун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган укуктарын чектебейт, инвестициялык ишти жүзөгө ашыруу үчүн тоскоолдук болуп саналбайт жана мамлекеттик же муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдөн баш тартуу үчүн негиз боло албайт. 4. Аккредитациялоо чет өлкөлүк инвестор жана анын инвестициялык долбоору (инвестициялык ниети) жөнүндө маалыматтарды ыктыярдуу ырастоону жана инвестициялык коштоону уюштуруу максатында тиешелүү маалыматтарды Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестрине киргизүүнү билдирет. 5. Аккредитациялоо лицензия, уруксат же башка уруксат берүүчү документ болуп саналбайт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган уруксаттарды, лицензияларды, макулдашууларды жана башка административдик жол-жоболорду алмаштырбайт, салыктык, бажылык, жер жана башка жеңилдиктерди же преференцияларды автоматтык түрдө берүү үчүн негиз болуп саналбайт, ошондой эле инвестициялык макулдашууну автоматтык түрдө түзүүгө алып келбейт. 6. Аккредитациялоонун негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат: 1) ыктыярдуулук жана акысыздык; 2) мыйзамдуулук, инвесторлордун теңдиги жана басмырлоонун жоктугу; 3) жол-жоболордун ачыктыгы, божомолдуулугу жана укуктук аныктуулугу; 4) санариптик формат жана маалыматтарды бир жолу берүү; 5) административдик жүктөмдү минималдаштыруу; 6) мамлекеттик органдарга жеткиликтүү болгон маалыматтарды өз алдынча алуу жана берүү милдетин инвесторго жүктөбөстөн ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү; 7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык персоналдык маалыматтарды, коммерциялык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды коргоо; |