КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 15-октябры № 697
Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартиби жана критерийлери жөнүндө жобону бекитүү тууралуу
«Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк инвесторлорду ыктыярдуу аккредитациялоо тартиби жана критерийлери жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик:
1) ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып үч айлык мөөнөттө аккредитациялоо жөнүндө санариптик форматта арыздарды берүү жана кароо жол-жобосун ишке киргизүүнү, чет өлкөлүк инвестордун жана инвестициялык долбоордун санариптик карточкасын түзүүнү, ошондой эле Аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун реестрин жүргүзүүнү камсыз кылсын;
2) аккредитациялоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды алуу максатында, эгерде мындай маалыматтар мамлекеттик санариптик технологиялык системаларда бар болсо, аларды арыз ээсинен кайра талап кылбастан мамлекеттик органдар жана уюмдар менен ведомстволор аралык санариптик өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын;
3) бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн Жобого ылайык аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторду коштоо үчүн жооптуу кызматкерди (координаторду) дайындоону камсыз кылсын.
3. Мамлекеттик органдар, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) жана башка уюмдар өз компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен аккредитацияланган чет өлкөлүк инвесторлордун инвестициялык долбоорлорун коштоо маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү камсыз кылсын.
4. Бул токтомду ишке ашыруу тиешелүү мамлекеттик органдарга жана уюмдарга республикалык бюджетте каралган каражаттардын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын чегинде жүзөгө ашырылат деп белгиленсин.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 78 (3838) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Тɵрагасынын биринчи орун басары |
|
Д.Дж. Амангельдиев |