Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 703 токтомуна) Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору жөнүндө 1-глава. Жалпы жоболор 1. Ушул Жобо Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борборунун (мындан ары – Окуу борбору) укуктук статусун, максаттарын, милдеттерин, функцияларын, укуктарын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт. 2. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын (мындан ары – Финкөзөмөл) ведомстволук бөлүмү болуп саналат. 3. Окуу борбору өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигинин актыларын, Финкөзөмөлдүн жоболорун жана буйруктарын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. Окуу борбору Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер, жарандар, юридикалык жактар жана Финкөзөмөлдүн түзүмдүк, ведомстволук, аймактык бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенет. 2-глава. Укуктук статусу 5. Окуу борбору өз алдынча юридикалык жак болуп саналат, обочолонгон мүлккө ээ, бирдиктүү казыналык эсеп системасында эсептери жана белгиленген тартипте ачылуучу башка эсептери, мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн толук фирмалык аталышы бар гербдүү мөөрү, штампы жана расмий бланктары бар, алардын үлгүлөрү Окуу борбору тарабынан бекитилет. 6. Окуу борбору өзүнүн милдеттенмелери боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат. 7. Окуу борбору мамлекеттик мекеменин уюштуруу-укуктук формасындагы юридикалык жак болуп саналат. Ага бекитилип берилген мүлккө карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укугун жүзөгө ашырат. 8. Окуу борборунун толук расмий аталышы: 1) мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору; 2) расмий тилде: Учебный центр в сфере небанковского финансового рынка Службы регулирования и надзора за финансовым рынком при Министерстве экономики и коммерции Кыргызской Республики; |