Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-октябры № 703
Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү
окуу борборун түзүү жөнүндө
Финансы рыногунун адистеринин квалификациясын жогорулатуу жана банктык эмес финансы рыногун өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлсүн.
2. Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы:
1) Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борборун юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
2) Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борборун жайгаштыруу жана аны зарыл болгон материалдык-техникалык мүлк менен камсыз кылуу маселелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте ушул токтомдо каралган каражаттардын жана башка каржылоо булактарынын эсебинен чечсин;
3) ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
4. Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борборунун ишин каржылоо акы төлөнүүчү билим берүү жана консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттардын, ыктыярдуу төгүмдөрдүн, эл аралык уюмдардын гранттык каражаттарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын эсебинен ишке ашырылат деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 «Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттик органдарынын, анын ичинде техникалык жана тейлөөчү персоналынын штаттык санынын чеги жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 1-тиркемесинде:
– эскертүүнүн 1-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:
«6) өзүн-өзү каржылоо принциптеринде иш жүргүзгөн Банктык эмес финансы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору.».
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.