3-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна)
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки
баскычында милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеси
1. Ден соолукка каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 20-главасы):
– ден соолукка жеңил залал келтирүү – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренесинин 1-бөлүгү.
2. Адамдын жарандык жана башка укуктарына каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 27-главасы):
– жекече жашоонун кол тийбестигин бузуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 190-беренеси.
3. Менчикке каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 28-главасы):
– уурдоо – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин 1-бөлүгү;
– ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 1-бөлүгү;
– автомототранспорт каражаттарын айдап качуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин 1-бөлүгү;
– башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин 1-бөлүгү.
4. Транспорттун жана магистралдык түтүк өткөрмөлөрүнүн кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздугуна каршы кылмыштар (Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 39-главасы):
– транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу – Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 1-бөлүгү.
Эскертүү. Ушул Тизме кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында, эгерде шектүү жана жабырлануучу аныкталган жана тараптар өз алдынча элдешпеген шартта гана колдонулат.