Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 16-октябры № 704
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Медиаторлор палатасынын сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуусун өткөрүү жана өз ара аракеттенүү тартибин бекитүү жөнүндө
«Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесинин 6-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
1) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Медиаторлор палатасынын сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуусун өткөрүү жана өз ара аракеттенүү тартиби 1-тиркемеге ылайык;
2) сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары 2-тиркемеге ылайык;
3) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычында милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү коркунучтуулугу аз жана анча оор эмес кылмыштардын тизмеси 3-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги:
1) 2026-жылдын 20-декабрына чейин ушул токтомду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө, Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринин техникалык даярдыгын камсыз кылсын жана Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын соттордун жана укук коргоо органдарынын маалыматтык тутумдары менен маалыматтык өз ара аракеттенүүсүндө Кыргыз Республикасынын санариптик башкаруу, жеке маалыматтарды жана медиациялык купуялуулукту коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоо менен уюштуруу-техникалык жардам көрсөтсүн;
2) бир айлык мөөнөттө сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушууну киргизүүдө уюштуруу-методикалык коштоо үчүн кызыкдар мамлекеттик органдардын, Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасынын, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын жана башка уюмдардын өкүлдөрүнөн ведомстволор аралык жумушчу топ түзсүн;
3) Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасы менен биргеликте калкты сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүүнүн тартиби жөнүндө маалымдоону камсыз кылсын;
4) 2026-жылдын 20-декабрына чейин мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын тутумунун алкагында медиациялык жардам көрсөтүүнүн тартибин, анын ичинде медиаторго кайрылуунун жана жөнөтүүнүн механизмин, мындай жардамды алуу укугун ырастоонун тартибин, медиатордун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөөнүн негиздерин, шарттарын, өлчөмдөрүн жана тартибин, тиешелүү чыгымдарды финансылык камсыздоонун булагын, ошондой эле тараптар ар кандай укуктук статуска ээ болгон учурларда жардамды уюштуруунун өзгөчөлүктөрүн аныктаган чечимдин долбоорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Медиаторлор палатасына сунушталсын:
1) «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган, сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүү үчүн зарыл болгон актыларды, анын ичинде медиаторго кайрылуу жөнүндө маалымкат берүү тартибин жана медиаторлордун кесиптик ишинин стандарттарын кабыл алууну камсыз кылуу;
2) жарандар үчүн медиаторду, медиация борборун тандоо жана медиациялык маалыматтык жолугушууну өткөрүү тартибинин маселелери боюнча жеткиликтүү маалыматтык-кеңеш берүүчү байланыш каналын камсыз кылуу;
3) медиациянын купуя маалыматын түзгөн маалыматтарды ачыкка чыгарбастан, медиациялык маалыматтык жолугушууларга кайрылууларды жана анын жыйынтыктарын эсепке алуунун уюштуруучулук жана маалыматтык механизмдеринин даярдыгын камсыз кылуу.