Загрузка документа…
1-тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна)
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын жана Медиаторлор палатасынын сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуусун өткөрүү жана өз ара аракеттенүү тартиби
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Тартип «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык иштелип чыккан жана сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушууну (мындан ары – СМММЖ) уюштуруу, кабарлоо жана өткөрүү, анын натыйжасын тариздөө, ошондой эле аны өткөрүүдө субъекттердин өз ара аракеттенүү механизмин аныктайт.
2. Ушул Тартипте колдонулган түшүнүктөр «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген маанилерде колдонулат.
3. СМММЖ маалыматтык мүнөзгө ээ. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда СМММЖга катышуу милдеттүүлүгү, кийинки медиацияны өткөрүү, талаш-тартыштын жагдайларын таануу же медиациялык макулдашуу түзүү милдеттүүлүгүн билдирбейт. Медиация жол-жобосуна өтүү жөнүндө чечим тараптар тарабынан ыктыярдуу кабыл алынат.
4. СМММЖ «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына ылайык медиатордун колдонуудагы күбөлүгүнө ээ жана Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген медиатор тарабынан жүргүзүлөт. СМММЖны өткөрүүдө медиатордун көз карандысыздыгы жана бейтараптуулугу, тараптардын тең укуктуулугу жана өзүн-өзү аныктоосу, купуялуулук принциптери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жеке маалыматтарды коргоо жөнүндөгү мыйзамдарынын талаптары сакталат. Тараптар квалификациялуу юридикалык жардам алууга жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда жана тартипте башка жактарды тартууга укуктуу.
2-глава. Жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштар боюнча СМММЖны демилгелөө
5. СМММЖны өткөрүү боюнча жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориясына кирген талаш-тартыш боюнча сотко кайрылууну каалаган жак өзү тандаган медиаторго же медиация борборуна кайрылат.
6. СМММЖны өткөрүү үчүн медиатор Медиаторлордун бирдиктүү мамлекеттик реестринен тандалат. Конкреттүү медиаторду көрсөтпөстөн медиация борборуна кайрылганда, борбор анын адистигин, аймактык жеткиликтүүлүгүн, жүктөмүн жана кызыкчылыктардын кагылышуусунун жоктугун эске алуу менен медиаторду сунуштайт. Медиация борбору «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келишимдик негизде медиаторду тартууга укуктуу. СМММЖны конкреттүү медиатор тарабынан өткөрүү, анын тараптар тарабынан кийинки медиация жол-жобосу үчүн автоматтык түрдө тандалгандыгын билдирбейт.
7. СМММЖны уюштуруу үчүн демилгечи тараптарды идентификациялоо, талаш-тартыштын категориясын аныктоо жана экинчи тарапка кабарлоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды, анын ичинде тараптын фамилиясын, атын, атасынын атын (бар болсо) же аталышын, болгон байланыш маалыматтарын жана талаш-тартыштын предметинин кыскача түшүндүрмөсүн берет. СМММЖны уюштуруу үчүн милдеттүү эмес маалыматтарды жана документтерди талап кылууга жол берилбейт.
Эгерде кайрылуу медиация борбору аркылуу түшсө, ал медиаторго бир жумуш күндөн кечиктирбестен берилет.
8. СМММЖ өткөрүүгө чейин тиешелүү борбор медиатордон медиатордун иш жүргүзүүгө укугу бар экендигин жана талаш-тартыштын СМММЖны өткөрүү боюнча жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категорияларына шайкештигин текшерет.
9. Жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик талаш-тартыштар боюнча СМММЖ тараптын медиаторго кайрылган күнүнөн тартып 30 күндүн ичинде өткөрүлөт.
3-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн сотко чейинки баскычындагы СМММЖнын өзгөчөлүктөрү