Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 16-октябрындагы № 704 токтомуна) 2-тиркеме
Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу өткөрүлүүчү жарандык-укуктук талаш-тартыштардын категориялары
1. Ушул Категориялар аларга карата «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына колдонулуучу үй-бүлөлүк, жарандык жана эмгек мамилелеринен келип чыккан талаш-тартыштарга, аталган Мыйзамдын 1-беренесинин 1, 2-бөлүктөрүн жана 27-беренесин эске алуу менен колдонулат.
2. Үй-бүлөлүк укуктук мамилелерден келип чыккан талаш-тартыштарга:
1) никени бузуу жөнүндө;
2) жубайлардын биргелешип тапкан мүлкүн бөлүштүрүү жөнүндө;
3) аталыкты аныктоо, аталыкты (энеликти) талашуу жөнүндө;
4) балдардын жашоочу жерин аныктоо жана алар менен баарлашуу тартиби жөнүндө;
5) алимент өндүрүү жана анын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө;
6) медиация аркылуу жөнгө салууга мүмкүн болгон башка үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга.
3. Аталыкты (энеликти) аныктоо же талашуу, баланын жашаган жерин жана аны менен баарлашуу тартибин аныктоо жөнүндө талаш-тартыштарга, алимент өндүрүү жана баланын өз алдынча укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына тиешелүү башка үй-бүлөлүк талаш-тартыштарга.
Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуудан медиация жол-жобосуна өтүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүн милдеттүү түрдө эске алуу менен чечилет.
Эгерде өз алдынча кызыкчылыктары талаш-тартышта козголгон адамдын тийиштүү катышуусу же өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте камсыз кылынбаса, анда медиация өткөрүлбөйт.
4. Сотко чейинки милдеттүү медиациялык маалыматтык жолугушуу ата-энелик укуктан ажыратуу жана ата-энелик укуктарды чектөө жөнүндө иштер боюнча, ошондой эле аны өткөрүү мыйзам тарабынан тыюу салынган башка учурларда өткөрүлбөйт.
Эгерде талаш-тартыш «Медиация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык медиацияга катышпаган адамдардын кызыкчылыктарын козгосо, анда медиация жол-жобосуна өтүүгө жол берилбейт.
5. Мурас талаш-тартыштарга: