Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-сентябры № 631
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 22-декабрындагы № 695 «Кыргызалтын» ачык акционердик коомуна жер участокторун (калдык сактоочу жайларды, санитардык-коргоо зоналарын) жана аларда жайгашкан объекттерди жана мүлктү акысыз пайдаланууга берүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 3-пункт «жана аянты 220,9 га санитардык-коргоо зонасы,» деген сөздөрдөн кийин «анын ичинен аянты 8,6 га жер участогу күйүүчү-майлоочу материалдардын кампасын куруу жана пайдалануу үчүн арналат,» деген сөздөр менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик жана Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Жайыл районунун мамлекеттик администрациясы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен биргеликте аянты 220,9 га санитардык-коргоо зонасынын жер участогун күйүүчү-майлоочу материалдардын кампасын куруу жана пайдалануу үчүн аянты 8,6 га жер участогуна жана санитардык-коргоо зонасы үчүн аянты 212,3 га жер участогуна бөлүү боюнча чараларды, ошондой эле ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |