Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-октябры № 665
Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Бишкек шаарынын Октябрь районунун аймагында көп кабаттуу турак үйлөрдү, ден соолукту чыңдоо борборун, көп функционалдуу комплексти, коммерциялык жайлары бар бизнес жана оюн-зоок борборлорун куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесинин 13-пунктуна, «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 1-беренесинин экинчи бөлүгүнүн 121-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык, Бишкек шаарынын мэриясынын 2026-жылдын 20-июлундагы № 175 токтомун, Бишкек шаарында жер участокторун которуу (трансформациялоо) боюнча жер комиссиясынын 2026-жылдын 25-июнундагы корутундусун көңүлгө алып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Көп кабаттуу турак үйлөрдү, ден соолукту чыңдоо борборун, көп функционалдуу комплексти жана коммерциялык жайлары бар бизнес жана оюн-зоок борборлорун куруу үчүн Бишкек шаарынын Октябрь районунун № 215 контурунда жайгашкан, Байтерекова Майрамкүл Анарбековнанын жеке менчигинде турган, жалпы аянты 32,0 га сугат айдоо жер тилкеси «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которулсун (трансформациялансын).
2. Бишкек шаарынын мэриясы төмөнкүлөрдү камсыз кылсын:
1) жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү;
2) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесин максаттуу багыты боюнча пайдаланууну;
3) Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык курулуш ченемдерин жана эрежелерин так сактоо менен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинин шаар куруу документтерин иштеп чыгууну жана бекитүүнү;
4) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесинде тарыхый-маданий мурас объекттери табылган учурда аларды күтүүнү жана коргоону, казууларды жана курулуш иштерин жүргүзүүдө тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык археологиялык көзөмөлдөө үчүн адис археологду тартууну;
5) айыл чарба жана токой чарба өндүрүшүндөгү жоготуулардын жана алынбай калган пайданын ордун толтуруу наркынын суммасын жер пайдалануучу тарабынан Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык төлөөнү;
6) жеке каражаттардын эсебинен аймактын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык өнүгүшүн уюштурууну;
7) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкеси пайдаланылбаган же максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган учурда аны баштапкы абалга келтирүүнү караган чараларды көрүүнү;
8) ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер тилкесине барабар аянттагы жерди калыбына келтирүүнү, асылдуулугу төмөн жерлерге талдоо жүргүзүүнү жана аларды айыл чарбасында пайдаланууга киргизүүнү;
9) жамгырдын жана эриген кардын сууларын коопсуз буруу системасынын иштешин, башкы пландагы жер титирөөдөн коргоо боюнча иш-чараларды, ошондой эле тиешелүү аймактагы кооптуу процесстерге жана кубулуштарга мониторинг жүргүзүү, божомолдоо боюнча колдонмону сактоону;
10) коомдук саламаттык сактоо жаатындагы ченемдик актыларды сактоону;
11) чарбалык жана башка ишти жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын айлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик жаатындагы мыйзамдарына ылайык экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарууну;
12) электр өткөрүүчү аба линияларын коопсуз жана талапка ылайык пайдалануу үчүн коргоо аралыктарын белгиленген тартипте сактоону;
13) «Автомобиль жолдору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык автомобиль жолдорунун техникалык параметрлерин, ченемдерин жана талаптарын сактоону.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-октябрындагы № 75 (3835) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |