Редакцияот 08.10.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН

БУЙРУГУ

 

2026-жылдын 8-октябры № 3

 

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин

2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы №115 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомун жетекчиликке алуу менен буйрук кылам:

 

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2024-жылдын 22-январындагы №1-Б “Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда көрсөтүлгөн буйрук менен бекитилген Мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдары тарабынан бухгалтердик эсепти уюштуруу жана жүргүзүү боюнча жободо:

‒ 312-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктчасы менен толукталсын:

“5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген тизмекке ылайык ата мекендик өндүрүүчүлөрдөн товарларды сатып алууга мамлекеттик башкаруу секторунун уюмдарына аванстык төлөмдүн өлчөмү контракт (келишим) түзүүдө тараптар тарабынан белгиленет.”.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы:

1) бул буйрукту катталган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде “Эркин-Тоо” гезитине, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин расмий сайтына жарыяласын;

2) бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада, мамлекеттик жана расмий тилдерде Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

3) бул буйрук күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жөнөтсүн.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо министрдин орун басары - Борбордук казыналыктын директору У.М.Аманбаевге жүктөлсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Министр

 

Р.М. Суйналиев