Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 19-октябры № 708
Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курамына өткөрүп берүү жөнүндө
Жогорку жана орто кесиптик билим берүү системасын оптималдаштыруу, окуу-материалдык базаны, мамлекеттик менчик объекттерин пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу, билим берүү уюмдарынын ишин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжи юридикалык жак статусун сактоо менен И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курамына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжи И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Политехникалык колледжи болуп кайра аталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 12-февралындагы № 53 «Кыргызстан эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексин түзүү жөнүндө» токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген «Кыргызстан эл аралык университети» окуу-илимий-өндүрүштүк комплексинин структурасында:
1-пункттун 2-пунктчасы күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин билим алуучулары үчүн билим берүү процессинин үзгүлтүксүздүгүн, ошондой эле педагогикалык жана башка кызматкерлери менен эмгек мамилелерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык улантууну камсыз кылсын;
2) И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин уюштуруу жана башка документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
3) Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин курамына өткөрүп берилүүсүнө байланыштуу анын уюштуруу жана башка документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин ишине тиешелүү, Бишкек шаары, Чүй проспекти, 481 дарегинде (эски дареги: Бишкек шаары, Чүй проспекти, 255/Турусбеков көчөсү, 89) жайгашкан, идентификациялык коду 1-01-03-0012-0558 мамлекеттик менчик объекттерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл аралык университетинин Политехникалык колледжинин ишине тиешелүү документтерге, жабдууларга, инвентарларга жана башка мүлккө инвентаризация жүргүзүүнү жана тиешелүү кабыл алуу-өткөрүп берүү актыларын тариздөө менен Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин оперативдүү башкаруусуна кабыл алуу-өткөрүп берүүнү камсыз кылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз Республикасынын Эл аралык университети бул токтомдон келип чыгуучу чараларды көрсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 11-майындагы № 305 «Бишкектеги политехникалык техникумду Эл аралык университетке берүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.