Загрузка документа…
ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-марты № 8
Муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын «Муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 1-главасынын 3-беренесинин 2-пунктуна ылайык, ошондой эле активдерди муниципалдык менчикке кабыл алуу маселеси боюнча Жайыл айыл аймагынын башчысы Н.Е. Дженбаеванын маалыматын угуп, Жайыл айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Жайыл айыл өкмөтүнүн балансына "Кара-Дөбө" участогунда жайгашкан контур № 357, аянты 1,0 га болгон жер участогу мектеп салуу үчүн кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жайыл бөлүмүнөн жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сурансын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн веб-сайтына жайгаштырылсын ошондой эле Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине каттоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Е.Дженбаевага милдеттендирилсин.
2026-жылдын 10-августунда https://zhaiyl.gov.kg/kg/toktom-10-2026-zh-4-iyunu-alekseevka-zhana-zhajyl-ajyldarynyn-bashky-plandaryn-ishtep-chyguu-zh-n-nd/ расмий сайтында жарыяланды
Төрага |
| Чолпонкулов К.К. |