Загрузка документа…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 19-октябрындагы № 709 токтомуна) Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу жөнүндө 1-глава. Жалпы жоболор 1. Бул Жобо Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросунун (мындан ары – УББ) укуктук статусун, милдеттерин, функцияларын жана ишин уюштуруу тартибин аныктайт. 2. УББ Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин өз алдынча башкармалык укугунда Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратынын курамына кирүүчү түзүмдүк бөлүгү болуп саналат. 3. УББ өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерди, Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) уставын жана башка эрежелерин жана актыларын, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин буйруктарын жана тескемелерин, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат. 4. УББнын толук аталышы: – мамлекеттик тилде – «Кыргыз Республикасындагы Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) Улуттук борбордук бюросу»; – расмий тилде – «Национальное центральное бюро Международной организации уголовной полиции (Интерпол) в Кыргызской Республике». Кыскартылган аталышы: – мамлекеттик тилде – «КР Интерпол УББ»; – расмий тилде – «НЦБ Интерпола КР». 5. УББнын юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Фрунзе көчөсү, 469. 6. УББ эл аралык кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын Интерполдун Башкы катчылыгы жана Интерполго мүчө мамлекеттердин улуттук борбордук бюролору менен өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылат, Кылмыш полициясы эл аралык уюмунун (Интерпол) уставында аныкталган принциптерде, ошондой эле эл аралык полиция кызматташтыгын жөнгө салуучу Интерполдун укуктук актыларына ылайык алар менен кызматташат. 7. УББ өзүнүн ишин жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө гана жүзөгө ашырат жана саясий, аскердик, диний же расалык мүнөздөгү кылмыштарга тиешеси жок. 8. УББнын кызматкерлери УББга жүктөлгөн функцияларды аткаруу үчүн өздөрүнүн компетенциясынын чегинде жана ыкчам-иликтөө иши чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ыкчам-иликтөө ишин жүзөгө ашырат. |