Загрузка документа…
ПОСТАНОВЛЕНИЕ КАБИНЕТА МИНИСТРОВ КЫРГЫЗСКОЙ РЕСПУБЛИКИ
от 20 октября 2026 года № 712
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 29-февралындагы № 89 «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген, адамдардын өмүрүнө же ден соолугуна түздөн-түз коркунуч жаратуучу, жер казынасын коргоо, экологиялык жана өнөр жай коопсуздугу чөйрөсүндөгү талаптарды бузууларды четтетүү максатында, «Акционердик коомдор жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 651-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин2024-жылдын 29-февралындагы № 89 «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкарууну киргизүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттагы «2026-жылдын 24-апрелинен тартып 24-октябырына чейинки» деген сөздөр «2026-жылдын 24-октябрынан тартып 2027-жылдын 19-январына чейинки» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик:
1) белгиленген тартипте убактылуу сырткы башкаруучунун талапкерлигин көрсөтсүн;
2) юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга «Кум-Шагыл» жабык акционердик коомунда убактылуу сырткы башкаруу киргизилгендиги жөнүндө кабарласын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 24-октябрынан тартып күчүнө кирет.
Опубликовано в официальной государственной газете «Эркин-Тоо» от 23 октября 2026 года № 80 (3840)
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |