Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 22-октябры № 716
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин институттук өнүктүрүү ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу жана жобосун жакшыртуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 253 «Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жөнүндө жободо:
– 2-пункт «Кыргыз Республикасынын Конституциясын,» деген сөздөрдөн кийин «Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин,» деген сөздөр менен толукталсын;
– 12-пунктта:
1-пунктчанын он экинчи, отузунчу жана кырк үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп таанылсын;
1-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«– Министрликтин компетенциясынын чегинде жаңы финансылык инструменттерди жана механизмдерди, анын ичинде мамлекеттик карызды жеңилдетүү эсебинин каражаттарын түзүү жана пайдалануу механизмдерин, ошондой эле финансылык ресурстарды тартууга жана мамлекеттик финансылык активдерди жана милдеттенмелерди башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган башка инструменттерди иштеп чыгат жана ишке киргизет;
– бюджеттер аралык мамилелер системасын өнүктүрүүнү жана анын иштешин, анын ичинде талдоону, мониторинг жүргүзүүнү жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдоону камсыз кылат;
– бюджеттер аралык финансылык ресурстарды түзүү, бөлүштүрүү жана пайдалануу маселелери боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүүнү координациялайт;
– реестрди бекитет жана мамлекеттик казыналык облигацияларды чыгаруу жолу менен курулуш, капиталдык оңдоо жана реконструкциялоо объекттерин каржылоону ишке ашырат;
– мамлекеттик инвестициялык долбоорлордун натыйжалуулугун баалоо методологиясын иштеп чыгат, инвестициялык демилгелерге финансылык-экономикалык талдоо жүргүзөт, ошондой эле мамлекеттик инвестициялык программаларды ишке ашыруунун натыйжалуулугуна мониторинг жүргүзөт;
– Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондун (мындан ары – Турукташтыруу фонду) башкаруунун аткаруу органынын функцияларын жүзөгө ашырат, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Президентинин чечимдеринин негизинде Турукташтыруу фондуна акча каражаттарын которууну камсыз кылат, анын эсептерин башкарат жана Турукташтыруу фондунун каражаттарынын эсебинен иш-чараларды каржылоо боюнча тиешелүү жол-жоболорду жүргүзөт;