Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 20-октябры № 711
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 10-сентябрындагы № 327 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 23-апрелиндеги № 276 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 14-мартындагы № 113 «Ишкердик субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторий) киргизүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 11-пунктча менен толукталсын:
«11) ветеринардык, фитосанитардык жана тамак-аш коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан карантинге алынуучу продукцияларга жана карантинге алынуучу объекттерге.».
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-октябрындагы № 80 (3840) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |