Загрузка документа…
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 21-октябрындагы № 715 токтомуна )
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба
жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы
«Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасынын
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул Устав Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасынын (мындан ары – Ишкана) ишин жөнгө салат.
2. Ишкана мамлекеттик ишкана уюштуруучулук-укуктук формасында түзүлгөн жана чарба жүргүзүү укугунда негизделген юридикалык жак болуп саналат.
3. Ишкана өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин буйруктарын, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдер жөнүндө мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
4. Ишкананын уюштуруу документи болуп ушул Устав саналат. Ишкананын уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Ишкананын мамлекеттик башкаруу органы болуп Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти (мындан ары – Департамент) саналат.
6. Ишкананын толук расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы»;
– расмий тилде: «Государственное предприятие «Кыргыз таза суу» при Департаменте развития питьевого водоснабжения и водоотведения при Министерстве водных ресурсов, сельского хозяйства и перерабатывающей промышленности Кыргызской Республики».
7. Кыскартылган расмий аталышы:
– мамлекеттик тилде: «Кыргыз таза суу» МИ»;
– расмий тилде: «ГП «Кыргыз таза суу».