Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 21-октябры № 715
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө
Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ыйгарым укуктуу органдардын ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүү максатында, «Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 10-пунктуна, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17 жана 26-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 «Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жободо:
1-тиркеме төмөнкүдөй мазмундагы 37-пункт менен толукталсын:
«37. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы.».
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 28-августундагы № 531 «Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жана Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин айрым маселелери тууралуу» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти жөнүндө жободо:
– төмөнкүдөй мазмундагы 31-пункт менен толукталсын:
«31. Департаменттин карамагында «Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу объекттерин капиталдык куруу башкармалыгы» мамлекеттик мекемеси жана «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасы болот.»;
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы он үчүнчү жана он төртүнчү абзацтар менен толукталсын:
«– Департаменттин ведомстволук мекемесинин жана ишканасынын түзүмүн, штаттык расписаниесин жана чыгашалар сметасын бекитет;
– Департаменттин ведомстволук мекемесинин жана ишканасынын ишин уюштурат жана контролдойт.».
5. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаменти:
– Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү департаментинин алдындагы «Кыргыз таза суу» мамлекеттик ишканасын юстиция органдарында белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
– ушул токтомдон келип чыгуучу уюштуруу жана башка чараларды көрсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-октябрындагы № 80 (3840) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |