Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 6-ноябры №43/XIV-29
Кочкорбаев айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик
фондунун жерлерин бөлүштүрүү боюнча жер комиссиясынын
курамын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомуна, 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби» типтүү нускамасына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, Кочкорбаев айылдык кенеши токтом кылат:
1. Комиссиянын курамы төмөндөгүдөй бекитилсин:
- Кожомамбетов А.А. – айыл өкмөтүнүн башчысы;
- Бейшекеев Я.К.-Буденовка айылынын айыл башчысы;
-Хеймамов Щ.Ю.-Бирдик айылынын айыл башчысы;
-Райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын өкүлдөрү;
-Жаркынбек уулу Бердалы- коомчулуктун өкүлдөрү;
-Карипов М.К.- коомчулуктун өкүлдөрү;
-Райкеев Дж.Дж-айылдык кенештин депутаты;
-Асанкельди уулу Бектурсун- айылдык кенештин депутаты;
- Лиров М.С. – айылдык кенештин депутаты;
Аукцион өткөрүүчү – Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча адиси.
2. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү боюнча жер комиссиясынын иштөө регламенти тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Кочкорбаев айылдык кенешинин 2024-жылдын 4-декабрындагы №6/II-29 “Кочкорбаев айыл аймагынын айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү боюнча жер комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө” токтому күчү жоготулду деп табылсын.
4. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды
Төрага | Э.И.Токбергенов |