Редакцияот 18.12.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН

КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ

 

2025-жылдын 18-декабры №52/XVI-29

Кочкорбаев айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин мамлекеттик

фондунун жерлеринин ижара акысын төлөө мөөнөтүн бекитүү

жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтомуна, 2021-жылдын 17-декабрындагы «Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиби» типтүү нускамасына жана Кыргыз Республикасынын Жер Кодексине ылайык, Кочкорбаев айылдык кенеши токтом кылат:

 

1. Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлеринин ижара төлөмдөрүн төлөөнүн мөөнөттөрү төмөнкүдөй бекитилсин;

1 мартка чейин 25%;

1 июнга чейин 25%;

1 октябрга чейин 50%.

2. Ушул токтомду мыйзамда белгиленген тартипте жарыялап жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кочкорбаев айылдык кенешинин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

2026-жылдын 15-октябрында https://kochkorbaev-ao.kg/ky/acts/full/220.html расмий сайтында жарыяланды

 

 

Төрага

Э.И.Токбергенов