Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 260
Ош шаарынын жергиликтγγ
жамаатынын Уставын
бекитγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаарынын жергиликтγγ жамаатынын Уставын бекитип берγγ жѳнγндѳгγ 2015-жылдын 10-мартындагы №73 ∕ 08-6 – катын карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу жѳнγндѳ» мыйзамынын 15-беренесинин 1-бѳлγгγн, Кыргыз Республикасынын «Ош шаарынын статусу жѳнγндѳ» мыйзамынын 7-беренесинин 3-бѳлγгγн жетекчиликке алып, 2014-жылдын 17-декабрындагы Ош шаарынын жергиликтγγ жамаатынын ѳкγлдѳрγнγн V элдик Курултайынын сунушун, Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларынын бул маселени кароо боюнча отурумдарынын токтомдорун, ошондой эле сессияда сγйлѳгѳн депутаттардын ой-пикирлерин эске алуу менен, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаарынын жергиликтγγ жаматынын Уставы бекитилсин (Устав тиркелет).
2. Депутаттардын Ош шаардык Кеңешинин 2002-жылдын 30-июлундагы № 96-токтому менен бекитилген Ош шаарынын жергиликтγγ жамаатынын Уставы кγчγн жоготту деп табылсын.
3. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев);- шаарда муниципалдык аймактык башкармалыктарды тγзγγ, алардын Жобосун иштеп чыгуу жана бекитγγ γчγн Ош шаардык Кеңешинин кароосуна сунуштоо милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык малымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин туруктуу депутаттык комиссияларына жγктѳлсγн. (К.Пазилов, М.Адашбаев, А.Сыдыков, Д.Ишанов, Б.Эргешов, Г.Эсенбаева)
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |
| Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы кезектеги XXVI сессиясынын №260-токтому менен бекитилди |
I. Жалпы жоболор
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер Ш.Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
IV.Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
VI.Корутунду жоболор
1. Жалпы жоболор
1.1. Ош шаарынын жергиликтүү жамаатынын Уставы жергиликтүү жамааттын жыйындарында жана курултайларында талкуунун жыйынтыгы менен шаардык Кеңеш тарабынан бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушунун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин камсыз кылуучу, жергиликтүү жамааттын бюджеттик процесстерге катышуусун, жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири-бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартибин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Бул Устав Ош шаарынын аймагынын чегинде колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан шаардын аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү аткарууга жатат.
2. Негизги түшүнүктөр жана терминдер
Ушул Уставда төмөндөгү түшүнүктөр жана терминдер колдонулат:
жергиликтүү жамааттын уставы - мыйзамдарга ылайык иштеп чыгылган жана кабыл алынган жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү жамааттын ишин жөнгө салуучу жергиликтүү жамааттын негизги укуктук акты;
жергиликтүү маанидеги маселелер - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы, ошондой эле өздөрүнүн түздөн-түз эркин билдирүү менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү чечүүчү, шаардын калкынын жашоо-турмушун түздөн-түз камсыз кылуунун маселелери;
өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар - мыйзамдын же келишимдин негизинде аткаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар;
жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары - жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүнү камсыз кылуучу өкүлчүлүктүү, аткаруучу органдар;
элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча демилгелүү топ - ушул Уставга ылайык элдик демилгени жүзөгө ашыруу боюнча ыктыярдуу негизде түзүлгөн, 9 адамдан кем эмес курамдагы жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топ - шаарда жашаган 500дөн ашуун жарандын жалпы кызыкчылыктарынан улам шаардын муктаждыгын (жергиликтүү маанидеги маселелерди) чогуу иликтеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте чечүү боюнча түзүлгөн ыктыярдуу бирикме;
шаардык чогулушту жана курултайды өткөрүү боюнча демилгечи топ - Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине жана ушул Уставдын жоболоруна ылайык шаардын чогулушун же курултайды өткөрүүнү демилгелеген, курамы 9 адамдан кем эмес жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы - жалпы кызыкчылыктардан келип чыккан жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушунун маанилүү маселелерин талкуулоо максатында шаардын жергиликтүү жамаатынын өкүлдөрүнүн жыйыны;
жергиликтүү жамаат - жергиликтүү маанидеги маселелерди түздөн-түз жана алар тарабынан түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен шаардын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары;
жергиликтүү жамааттын мүчөсү - администрациялык-аймактык бирдиктин аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жараны;
муниципалдык менчик – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун киреше алуу булагы болуп саналган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ээлик кылуусунда, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган жергиликтүү жамааттын менчиги;
мэрия - жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын иш-милдеттерин жүзөгө ашыруу боюнча мэрдин ишмердигин камсыз кылуу үчүн түзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы;
жергиликтүү (элдик) ченем чыгаруу демилгеси - жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченемдик укуктук актылардын долбоорун (токтомдун, буйруктун долбоорун) иштеп чыгууга жана жергиликтүү кеңештин кароосуна белгиленген тартипте киргизүүгө жергиликтүү жамааттын укугу;
жарандардын чогулушу - бир көчөнүн, кварталдын же муниципалдык аймактык башкармалыктын аймагында жашаган жарандардын жыйынында маселелерди талкуулоо жолу менен аларды чечүүгө, сунуштарды жана чечимдерди кабыл алууга жергиликтүү жамааттын түздөн-түз катышуу формасы;
коомдук угуу - жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүүгө, сунуштарды жана рекомендацияларды алууга, оптималдуу, таразаланган чечимдерди табууга калктын кызыкчылыгын эске алуу менен чечимдерди кабыл алуу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү, ачык талкуулоо формасындагы уюштурулган иш-чара;
шаардын муктаждыгын чогуу иликтөө - маалыматтарды биргелешип жыйноо, аларды талдоо процесси жана калктын пикирлерин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен ишти пландаштыруу.
3. Шаардын аймагы
3.1. Шаардын аймагы шаардын административдик-аймактык чек араларынын чектериндеги жерлерди өзүнө камтыйт.
3.2. Шаардын аймагы төмөндөгү калктуу конуштарды өзүнө камтыйт жана алар өздөрүнүн ишмердигин «Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык аймактык башкармалыгы жөнүндө» Жобого ылайык жүзөгө ашырат:
4. Шаардын жергиликтүү жамааты
4.1. Жергиликтүү маанидеги маселелерди өзүнүн жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүгө жалпы кызыкчылыктары менен бириккен, шаарда туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары шаардын жергиликтүү жамаатын түзүшөт.
4.2. Жергиликтүү жамааттын 18 жаштан жогорку мүчөлөрү жынысына, расасына, улутуна, тилине, тегине, мүлктүк жана кызматтык абалына, динге карата мамилесине, ынанымына, коомдук бирикмелерге жана саясий партияларга таандыктыгына карабастан түздөн-түз жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы аркылуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну ишке ашырууга тең укуктуу.
4.3. Жергиликтүү жамаат өзүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу эл аралык жана республикалык бирликтерге жана жергиликтүү жамааттардын ассоциацияларына кирүүгө укугу бар, бирок мындай учурда мамлекеттин атынан чыгууга укуксуз.
4.4. Жергиликтүү жамаат мыйзамдарга ылайык тарыхый, маданий, улуттук жана башка жергиликтүү салттарды жана өзгөчөлүктөрдү чагылдырган расмий символдорду бекитүүгө укуктуу. Символдордун сүрөттөп баяндалышы жана аларды пайдалануунун тартиби шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет.
5. Жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө өтүүнүн жана
мүчөлүгүнөн чыгуунун тартиби
5.1. Кыргыз Республикасынын жаранын шаардын жергиликтүү жамаатынын мүчөсү деп таанууга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте шаарда жашаган жери боюнча каттоодон өтүү фактысы негиз болуп саналат.
5.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөсү болуп эcептелбеген (каттоосу боюнча), бирок шаарда 1 жылдан ашуун жашаган Кыргыз Республикасынын жараны, ошол жердин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоо укуктарын кошпогондо жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү сыяктуу эле калган баардык укуктарга жана милдеттерге ээ.
5.2. Ушул Уставда жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарында каралган негиздерден тышкары Кыргыз Республикасынын жаранынын жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнө кирүүсүнө кандайдыр-бир башка шарттарды белгилөөгө жол берилбейт.
5.4. Кыргыз Республикасынын жараны төмөнкү учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн чыгат:
-Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо;
- каза болгондугун, дайынсыз жоголгондугун таануу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенде;
- каза болгондо;
- шаардан сырткары туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;
- сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылганда.
6. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
6.1. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөндөгү укуктарга ээ:
-жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына шайланууга жана шайлоого;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында өз ишин профессионалдык негизде (муниципалдык кызматта) ишке ашырууга;
-мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык Кеңештин токтомдорунун долбоорун демилгелөө жана аларды шаардык Кеңештин кароосуна киргизүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
-шаардын муктаждыгын иликтөөгө жана аларды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик органдар менен бирдикте чечүү үчүн демилгелүү топторду түзүүгө;
-инвестицияларды тартуу жана жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү үчүн долбоордук документтерди иштеп чыгууга;
-мэрияга, шаардык Кеңешке, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнө, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга жана алардын жетекчилерине жеке өзү кайрылууга, ошондой эле сунуштар, арыздар жана даттануулар менен катар жеке жана жамааттык кайрылууларды жөнөтүүгө;
-мамлекеттик сырларга тийиштиги бар маалыматтарды, ошондой эле купуя маалыматтарды (кызматтык сырларды) кошпогондо мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын карамагында турган маалыматтарды оозеки же жазуу түрүндө сурап алууга;
-жергиликтүү жамаатка, шаардын мэрине, шаардык Кеңештин төрагасына жана депутаттарга алардын бир жылдагы аткарган ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалымат берүү тууралуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына оозеки же жазуу түрүндө кайрылуу жөнөтүүгө;
-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү үчүн белгиленген жеңилдиктерден пайдаланууга;
-маалыматтарды эркин алууга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан муниципалдык менчиктин мүлкүнүн обьектилеринин Реестиринин мазмуну менен таанышууга;
-айыл чарбасына жарактуу Мамлекеттик фондунун жерлерин, муниципалдык жерлерди жана муниципалдык менчикте турган башка мүлктөрдү сатуу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн аукциондорго жана конкурстарга катышууга;
-чогулуштарга, курултайларга, коомдук угууларга, шаардык Кеңештин ачык сессияларына, анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын жыйналыштарына, жетекчилеринин макулдугу боюнча муниципалдык ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын чогулуштарына катышууга, ал жерде өз пикирин ээн-эркин билдирүүгө жана жергиликтүү маанидеги маслелелер боюнча сунуш киргизүүгө;
-жамааттын башка мүчөлөрү тарабынан коомдук тартипти, ушул Уставдын эрежелерин бузган учурда, алардан мыйзамдардын, ушул Уставдын аткарылышын, коомдук тартипти сактоону жана укук бузууларды токтотууну талап кылууга, зарыл учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана укук коргоо органдарына кайрылууга;
-жамааттын жашоо шартын жакшыртуу максатында өткөрүлгөн коомдук пайдалуу, демөөрчүлүк иш-чараларына (ашарларга, ишембиликтерге, демөөрчүлүк акцияларына, иш-чарараларга, марафондорго) катышууга;
-микрорайондордун, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттердининин, жамааттардын (общиналар) кеңештери жана комитеттери түрүндө аймактык коомдук өз алдынча башкарууну Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдерине карама-каршы келбеген формаларында түзүүгө;
-жаштар комитетин, аялдар кеңешин, аксакалдар кеңешин, ыктыярдуу элдик кошундарды, коомдук алдын алуу борборлорун (КААБ) жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө же аларга мүчө болуп кирүүгө;
-жергиликтүү бюджетти түзүүгө катышууга, ошондой эле жергиликтүү бюджеттин чыгымдалышы тууралуу маалымат алууга;
-ушул Уставда жана мыйзамдарда каралган тартипте жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүнөн өз эрки менен чыгууга;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган башка укуктардан пайдаланууга;
Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууда, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктарын чектөөлѳргѳ жол берилбейт жана соттук тартипте даттанылышы мүмкүн.
6.2. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзамдарын жана башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Уставды бекем сактоого;
-жергиликтүү жамааттын башка мүчөлөрүнүн укуктарын жана эркиндиктерин урматтоого;
- жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, дин ишеними, курагы, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы, ошондой эле башка жагдайлары боюнча адамдарды басмырлоого жол бербөөгө;
- этностук маанидеги көйгөйлөргө өтүп кетүү ыктымалы бар социалдык жана башка мүнөздөгү чыр чатактардын алдын алуу боюнча укук коргоо органдарына жана жергиликтүү бийликке көмөк көрсөтүүгө;
-этностук жамааттардын маданиятынын өзгөчөлүктөрүнө толеранттуу болууга;
-жаратылышка, айлана-чөйрөгө, ѳсүмдүктөргө жана жаныбарларга аяр мамиле жасоого;
-муниципалдык менчикке аяр мамиле жасоого;
-калктуу конуштарда мал кармоодо айдоолорду майкандоого, талаадагы айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруу же жок кылууга, бак-дарактарга зыян келтирүүгө жол бербөөгө, санитардык ветеринардык жоболорду сактоого;
-мал жайюуда малды Кыргыз Республикасынын «Жайыттар жөнүндө» мыйзамына ылайык жайытка чыгарууга, же атайын мал жаюуга ылайык жерлерге жайюуга;
-калктуу конуштун ичинде санитардык жоболорду сактоого жана таштандыларды атайын көрсөтүлгөн жерлерге чыгарууга;
-калктуу конуштардагы жалпы колдонуудагы жерлерде жүргөндө тазалыкты сактоого;
- таза сууну, суугат сууну колдонуу эрежелерин сактоого.
Этникалык, географиялык, салттык жана башка өзгөчөлүктөрүнө ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери КР мыйзамдарына каршы келбеген шартта жергиликтүү жамааттын жана өз алдынча башкаруу органдарынын чечимине ылайык толукталышы мүмкүн.
7. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана
аны ишке ашыруунун формалары
7.1. Жергиликтүү өз алдынча башкарууну жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерди өз кызыкчылыктарында жана өз жоопкерчилиги менен өз алдынча чечүүсүнүн Конституция менен кепилденген укугу жана мүмкүнчүлүлүгү.
7.2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү органы аркылуу жана түз катышуусу менен ишке ашырылат.
7.3. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга өкүлчүлүктүү катышуусу шаардык Кеңеш аркылуу жүзөгө ашырылат.
7.4. Жергиликтүү жамааттардын жергиликтүү өз алдынча башкарууга түз катышуусу төмөндөгүдөй формада жүзөгө ашырылат:
- коомдук жана мамлекеттик турмуштун маанилүү маслелелерин жана жергиликтүү маанидеги маселелерди жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында, курултайларында, ошондой эле коомдук угууларда талкуулоо;
- жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоолор;
- ченем чыгаруу демилгелерин көтөрүү жана жергиликтүү маанидеги өзгөчө маанилүү маселелер боюнча түз добуш берүүгө катышуу.
II. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана
жергиликтүү маанидеги маселелер
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары
8.1.Шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз ишин Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын, башка ченемдик укуктук актыларынын, ушул Уставдын негизинде жалпы калктын атынан жүзөгө ашырат.
8.2.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы мыйзамдардын аткарылышы боюнча мамлекеттин жана анын органдарынын алдында өз иштеринин натыйжалары боюнча жергиликтүү жамааттын алдында жоопкер.
8.3.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын Кыргыз Республикасынын Конституциясына, мыйзамдарына, башка ченемдик укуктук актыларына, ушул Уставга ылайык келбеген актыларды чыгарууга, конституциялык түзүлүшкө жана улуттук коопсуздукка түздөн-түз коркунуч келтирген аракеттерди жасоого, ошондой эле мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн бузууга, улуттар аралык жана диний каршылашууну пропагандалоого жана тутандырууга укугу жок.
9. Ош шаардык Кенеши
9.1.Шаардык Кеңеш мыйзамда белгиленген тартипте 4 жылдык мөөнөткө түзүлүүчү, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органы.
9.2.Шаардык Кеңештин сандык курамы 45 депутаттан турат.
9.3.Шаардык Кеңеш юридикалык жак болуп саналат жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен анын ыйгарым укугуна кирген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
9.4.Шаардык Кеңештин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", «Ош шаарынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары, жергиликтγγ ѳз алдынча башкаруу чѳйрѳсγнѳ тиешелγγ башка ченемдик укуктук актылар жана ушул Устав менен аныкталат.
9.5.Шаардык Кеңештин ишинин уюштуруучулук-укуктук формасынын негизи болуп анын сессиялары жана туруктуу (убактылуу) комитеттеринин жана депутаттык комиссияларынын жыйындары саналат. Сессияларды жана жыйындарды өткөрүүнүн тартиби жана алардын мезгилдүүлүгү Ош шаардык Кеңештин Регламенти менен жѳнгѳ салынат.
9.6.Шаардык Кеңештин сессиялары жана туруктуу (убактылуу) депутаттык комиссияларынын жыйындары коомчулук үчүн ачык. Ар бир жаран шаардык Кеңештин Регламентине ылайык сессияларга, жыйындарга катышууга укуктуу. Эгерде каралып жаткан маселе мыйзамдарга ылайык мамлекеттик сырга тиешелγγ болсо Ош шаардык Кеңештин сессиясы жабык тγрγндѳ өтөт.
9.7.Шаардык Кеңеш сессиянын, жыйындын датасы жана күн тартиби жөнүндө алдын ала жарандарга маалымдоого, алардын сессияга, жыйындарга киришине шарт түзүүгө, ошондой эле кабыл алынган чечимдер боюнча жергиликтүү жамаатты маалымдоого милдетүү.
9.8.Шаардык Кеңештин депутаты өзүнүн шайлоочулары менен туруктуу байланыш түзүүгө, аларды шаардык Кеңештин иши жана шайлоочулардын суроо-талаптарынын аткарылышы тууралуу байма-бай маалымдап турууга, өзүнө келип түшкөн сунуштарды, арыздарды жана даттанууларды кароого, шаардык кеңештин дептутатынын ыйгарым укуктарын аткарууга багытталган башка иштерди жүзөгө ашырууга милдеттүү.
9.9.Шаардык Кеңештин депутаттары мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кем эмес өзүнүн иши тууралуу шайлоочулардын алдында отчет берүүгө милдеттүү.
9.10.Депутаттардын отчету шайлоочулардын талабы боюнча кайсы учурда гана болбосун өткөрүлүүгө тийиш.
9.11.Депутаттардын отчету жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында өткөрүлөт. Депутаттар өз отчетторун өткөрүүнүн убактысын жана ордун шаардык Кеңешке жана жергиликтүү жамаатка маалымдайт.
9.12.Шаардык Кеңеш жергиликтүү жамааттын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүнүн болжолдуу мөөнөтүн аныктайт жана аларды отчет үчүн керектүү болгон маалымат берүүчү материлдар менен өз учурунда камсыз кылат.
9.13.Шайлоочулардын алдында депутаттардын отчетторун өткөрүүгѳ байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
9.14.Шаарынын мэриясы шаардык Кеңештин депутаттарына өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочулардын алдында отчетторун даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
9.15.Шаардык кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү тартиби, шаардык кеңештин, анын туруктуу (убактылуу) комитеттеринин, комиссияларынын ишин уюштуруунун тартиби, депутаттын ыйгарым укуктары жана статусу, депутаттын шайлоочулар менен иштөө тартиби «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» жана башка Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен жѳнгѳ салынат.
10. Ош шаарынын мэриясы
10.1.Шаарда жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органы мэр жетектеген мэрия болуп саналат.
10.2.Мэрия юридикалык жак болуп эсептелет жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган жана белгиленген тартипте ѳткѳрγлγп берилген ыйгарым укуктарына кирген бардык маселелерди өз алдынча чечүүгө укуктуу.
Мэриянын ишин уюштуруунун тартиби, мэриянын, мэрдин ыйгарым укуктары Кыргыз Республикасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө", «Ош шаарынын статусу жөнүндө", «Муниципалдык кызмат жѳнγндѳ», «Мамлекеттик кызмат жѳнγндѳ» Мыйзамдары жана мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чѳйрѳсγнѳ тиешелγγ башка ченемдик укуктук актылар жана ушул Устав менен аныкталат.
10.3. Өз иши боюнча мэрия шаардык Кеңешке, ал эми өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктар боюнча тийиштүү мамлекеттик органдарга отчет берет.
10.4. Мэриянын кызмат адамдары жана аппаратынын кызматкерлери өзүнүн ишмердигин Кыргыз Республикасынын мыйзамдырына ылайык жүзөгө ашырышат, муниципалдык кызматчылар болуп саналышат жана окутуучулук, илимий жана башка чыгармачылык иштерден тышкары акы төлөнүүчү иш менен алектенүүгө тийиш эмес.
11. Жергиликтүү маанидеги маселелер
11.1.Аймактын жашоо-турмушунун тутумунун иштешин жана өнүгүшүн, социалдык-экономикалык пландаштырууну уюштуруу менен калкка социалдык жана маданий кызматтарды көрсөтүүнү уюштуруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун төмөнкү маселелери таандык:
1) тиешелүү аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу;
2) муниципалдык менчикти башкаруу;
3) жергиликтүү бюджетти түзүү, бекитүү жана аткаруу;
4) калкты ичүүчү суу менен жабдуу;
5) калктуу конуштарда канализация жана тазалоочу курулмалардын тутумунун ишин камсыз кылуу;
6) калктуу конуштардагы муниципалдык жолдордун иштешин камсыз кылуу;
7) жалпы пайдалануудагы жерлерге жарык берүүнү уюштуруу;
8) көрүстөндөрдүн иштешин жана ырасмий кызматтардын көрсөтүлүшүн камсыз кылуу;
9) жалпы пайдалануудагы жерлерди көрктөндүрүү жана жашылдандыруу;
10) парктардын, спорттук курулмалардын жана дем алуу жайларынын иштешин камсыз кылуу;
11)турмуш-тиричилик калдыктарын жыйноону, ташып кетүүнү жана кайра иштетγγнγ уюштуруу;
12)муниципалдык транспорттун иштешин камсыз кылуу жана калктуу конуштардын чегинде коомдук транспорттун иштешин жөнгө салуу;
13)жергиликтүү маанидеги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жагын кѳзѳмѳлдѳѳ;
14)жергиликтүү маанидеги китепканалардын ишин уюштуруу жана камсыз кылуу;
15)жер пайдалануу эрежелерин белгилөө жана шаар куруу менен архитектуралык ченемдерди жана эрежелерди сактоону камсыз кылуу;
16)тиешелүү калктуу конуштун аймагында жарнакты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жайгаштыруу;
17)коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү;
18)элдик көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
19) бош убакытты өткөрүүнү уюштуруу үчүн шарттарды түзүү;
20) балдар жана жаштар менен иштөө боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууну уюштуруу;
21) дене тарбиясын жана массалык спортту өнүктүрүү үчүн шарттарды камсыз кылуу;
22) өзгөчө кырдаалдардын алдын алууга жана кесепеттерин жоюуга көмөктөшүү;
23) Кыргыз Республикасынын жер казынасын пайдалануу боюнча мыйзамдарда белгиленген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагына таандык кен байлыктарын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу.
Эскертүү: Белгиленген жергиликтүү маанидеги маселелер биротоло бүттү деп эсептелбейт. Жергиликтүү жамааттар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ыйгарым укуктарына кирбеген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген шартта өздөрүнүн географиялык, салттык, этностук, чек-аралык жана башка өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жергиликтүү маанидеги кошумча маселелерди жергиликтүү жамааттын Уставына киргизγγгѳ укуктуу.
III. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
12. Жергиликтүү жамааттын курултайы
12.1.Жарандардын жыйындарында (чогулуштарында) жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнѳн шайланган курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен талкуулоону талап кылган жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жамааттык чечим кабыл алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө жободо» белгиленген тартипте шаардын жергиликтүү жамаатынын Курултайы (мындан ары-Курултай) чакырылат.
12.2.Курултай төмөнкүлөрдү камтуу менен жергиликтүү жамааттын турмуштук мааниге ээ болгон бардык маселелерин кароого укуктуу:
-жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуу, ага өзгөртүүлѳрдγ жана толуктоолорду киргизүү;
-аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү жана калкты социалдык жактан коргоо программаларынын долбоорлору;
-жергиликтүү жамааттын аймагында өзүн-өзү каржылоону, өзүн-өзү камсыз кылууну, өзүн-өзү жөнгө салууну уюштуруунун негизги принциптерин жана эрежелерин бекитүү;
-коомдук тартипти коргоо боюнча негизги эрежелерди жана иш-чараларды белгилөө, майрамдарды, жүрүштөрдү жана диний ырым-жырымдарды, башка иш-чараларды уюштуруунун жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигине таасир этиши мүмкүн болгон экологиялык жана санитардык талаптарды сактоо;
-өзгөчө кырдаалдарда жана коомчулуктун таламында жергиликтүү жамааттын мγмкγнчγлγгγн жана каражатын моблизациялоону талап кылган башка шарттарда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн коомдук кызмат өтөшү боюнча милдеттүү нормаларды белгилөө;
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына каршы келбеген, жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигине тиешеси бар башка маанилүү маселелерди кароо.
12.3.Курултайдын чечимдери сунуштама түрүндө болот жана мэрдин катышуусу менен шаардык Кеңеште милдеттүү түрдө каралат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Уставга карама каршы келбеген жергиликтүү жамааттын курултайынын чечимдери шаардык Кеңеш бекиткенден кийин шаардын бардык жеринде аткаруу үчүн милдеттүү болуп саналат.
Курултайды чакыруу, анын күн тартиби жана өткөрүү мѳѳнѳтγ шаардын мэриясынын сунушу менен шаардык Кеңеш тарабынан аныкталат. Жергиликтүү жамааттын курултайын даярдоо жана өткөрүү мэрияга жүктөлөт.
12.4.Курултайдын делегаттары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн санына жана шаардын өзгөчөлүктөрүнө жараша шаардык Кеңеш тарабынан белгиленген өкүлчүлүктүн нормаларына ылайык жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жашаган жери боюнча жыйындарда шайланат.
Ѳкүлчүлүктүн нормасы калктуу конуштардыын калкынын пропорционалдык саны боюнча аныкталат.
12.5.Курултайды чакыруу демилгеси Курултайдын Күн тартибин көрсөтүү менен шаардык Кеңешке, мэрге, жергиликтүү жамааттын демилгечи тобуна тийиштүү болот.
12.6.Жергиликтүү жамааттын демилгечи тобунун демилгесинин негизинде курултайды чакыруудан баш тартуу сотко даттанылышы мүмкүн.
12.7.Курултайды чакырууну уюштуруу, курултайга делегаттарды шайлоо, ошондой эле жергиликтүү жамааттын курултайынын ишин уюштуруу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы N 152 Жарлыгы менен бекитилген «Жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн элдик курултайы жөнүндө» Жобого ылайык жүргүзүлөт.
13. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ченем чыгаруу (элдик) демилгеси
13.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугуна ээ. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан ченем чыгаруу демилгеси тартибинде иштелип чыккан жана шаардык кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоору милдеттүү түрдө демилгечилердин жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрүнүн катышуусунда каралууга жатат.
13.2.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринен кем эмеси жергиликтүү ченем чыгаруу демилге укугуна ээ.
13.3.Ченем чыгаруу демилгесин ишке ашырууга чет элдик жарандар, мыйзам тартибинде аракетке жөндөмсүз деп таанылган, ошондой эле соттун өкүмү боюнча эркиндигинен ажыратылган жерде кармалган жарандар катыша албайт.
13.4.Элдик ченем чыгаруу демилгени ишке ашырууга Кыргыз Республикасынын бардык аймагында же шаарда согуштук же өзгөчө кырдаалдар киргизилген шарттарда жол берилбейт.
13.5.Ченем чыгаруу демилгеси иретинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама каршы келген шаардык кенештин токтомунун долбоорлору шаардык кеңештин кароосуна киргизилиши мүмкүн эмес.
14. Шаардык кеңештин ченемдик укуктук актыларынын (токтомдордун) долбоорлорун демилгелөө тартиби
14.1.Шаардык кеңештин токтомунун долбоорун демилгелөө жана киргизүү тууралуу сунуш менен чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү элдик демилгени ишке ашыруу үчүн курамы 100 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүшөт. Шаарда жашап турган жана 18 жашка чыккан жергиликтүү жамааттын мүчөсү демилгелүү топтун мүчөсү боло алат. Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.
14.2.Демилгелүү топ шаардык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу жана аны шаардык кеңешке киргизүү үчүн кол топтоо, аны шаардык кеңеш караган учурда жергиликтүү жамааттын кызыкчылгын коргоо үчүн түзүлөт.
14.3.Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- шаардык кеңештин токтомунун долбоорун иштеп чыгуу;
- токтомдун долбоорун шаардык кеңешке киргизүү демилгесин колдоого кол топтоо;
-элдик демилгени ишке ашыруу боюнча мыйзамдуу жолдор жана каражаттар аркылуу массалык маалымат караажаттары аркылуу жайылтуу;
-чогулуштарда, Курултайларда, коомдук угууларда жалпыга маалымдоо каражаттарында, ошондой эле жарандардан кол топтоо учурунда шаардык кеңешке токтомдун долбоорун киргизүү тууралуу сунуш үчүн үгүт иштерин жүргүзүү;
-мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди аткаруу.
14.4.Демилелүү топ өзүнүн ичинен ачык добуш берүү менен демилгелγγ топтун мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен демилгелүү топтун координаторун шайлоого укуктуу. Координаторду шайлоо тууралуу демилгелүү топтун чечими протокол менен бекитилет, ага демилгелүү топтун мүчөлөрү кол коет.
14.5.Демилгелүү топтун координатору төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- демилгелүү топтун кызыкчылыгын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коргоп чыгууга;
- демилгелүү топтун ишин координациялоого;
- токтомдун долбоорун иштеп чыгууга катышууга, кол топтоого жана токтомдун долбоорун киргизүүнү колдоо боюнча үгүт иштерин жүргүзүүгө, мыйзамдарда тыюу салынбаган жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча ченем чыгаруу (элдик) демилге укугун ишке ашырууга багытталган башка аракеттерди жасоого.
14.6.Демилгелүү топтун чечими анын катышуучуларынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
14.7.Кол топтоо демилгелүү топ түзүлгөндөн кийин жана ченемдик укуктук актынын долбоору негиздемеси менен даярдалгандан кийин башталат.
14.8.Ченемдик укуктук актынын долбоору демилгелүү топ тарабынан чогулуштарда, курултайларда, дайындуу коомдук жерлердеги же жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жарнактарда жалпыга маалымдалышы мүмкүн.
14.9.Кол топтоо укугу демилгелүү топтун мүчөлөрүнө таандык болот. Жарандардын колун топтоого багытталган иш-чараларын даярдоого жана өткөрүүгө багытталган чыгымдар жергиликтүү жамааттын каражаттарынын эсебинен ишке ашырылат. Кол топтоону жүргүзгөн демилгелүү топтун мүчөсү шаардык кеңештин кароосуна сунуш кылынган токтомдун долбоорунун текстин тааныштыруу үчүн жарандарга берүүгө милдеттүү.
14.10.Жарандардын колун топтоо жашаган, иштеген, кызмат өтөгөн, окуган жерлери боюнча, ошондой эле башка жерлерде жүргүзүлүшү мүкүн.
14.11.Жергиликтүү жамааттын мүчөсү токтомдун долбоорун колдоо иретинде бир гана жолу кол коюуга, ошондой эле демилгечи тобуна арызын берүү аркылуу шаардык кеңешке кол коюу барагын өткөргөнгө чейин өзүнүн колун чакыртып алууга укуктуу.
14.12.Демилгелүү топ жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн үчтөн биринин бар экендигин тастыктаган токтомдун долбоорун кол топтоо бүткөндөн кийин шаардык кеңешке киргизет.
14.13.Токтомдун долбоорун киргизүү үчүн демилгелүү топ токтомдун долбоорун демилгелүү топтун өкүлдөрүнүн катышуусу менен шаардык кеңештин кезектеги (кезексиз) сессиясында кароо жөнүндө арыз менен шаардык кеңештин төрагасына кайрылат.
14.14.Токтомдун долбоорун кароо тууралуу арызга төмөндөгүлөр кошо тиркелет:
-токтомдун долбоорун шаардык кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алынган демилгелүү топтун жыйналышынын протоколу;
-токтомдун долбоорунун тексти, ошондой эле анын электрондук версиясы;
-маалымкат-негиздеме;
-шаардык кеңештин мурда кабыл алынган токтомуна өзгөртүүлөр же толуктоолор киргизилген учурда салыштырма таблица;
-төмөндөгү маалыматтар камтылган кол коюу барагы: жергиликтүү жамааттын мүчөсүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты, туулган датасы, жашаган (туруктуу) жери, паспортунун сериясы жана номери, шаардык кеңешке демилгелүү топ даярдаган токтомдун долбоорун киргизүү үчүн коюлган колу.
14.15.Элдик демилге иретинде жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген шаардык кеңештин токтомунун долбоору шаардык кеңеш тарабынан милдеттүү түрдө эң жакынкы өтө турган туруктуу комиссиянын жыйынында жана шаардык кенештин сессиясында каралууга жатат. Аталган долбоорду шаардык кеңештин туруктуу комиссиянын жыйынында жана сессиясында кароо демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен жүргүзүлөт.
14.16.Шаардык кеңеш мөөнөтүнөн мурда ишин токтоткон учурда жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү тарабынан киргизилген токтомдун долбоору өз күчүн сактап калат жана жаңы чакырылыштагы шаардык кеңеш тарабынан каралууга жатат.
14.17.Жергиликтүү жамааттын элдик демилге укугун эркин ишке ашырууга күч колдонуу, коркутуу, алдоо, сатып алуу же башка жолдор менен тоскоолдук кылган, шаардык кенешке токтомдун долбоорун киргизүү жөнүндө үгүттөө жүргүзүүгө бөгөт болгон адамдар, ошондой эле документтерди, кол коюу барагындагы жарандардын колдорунун аныктыгын бурмалаган мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жоопкерчиликке тартылышат.
15. Шаардык жыйындар
15.1.Жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, шаардык Кеңештин депутаттарынын жана мэрдин маалыматтарын угуу жана талкуулоо максатында жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн катышуусу менен шаардык жыйындар өткөрүлөт, ал боюнча сунуштар кабыл алынат.
15.2.Жыйындарды даярдоо, өткөрүү жана натыйжаларын аныктоо ачык айкын ушул Уставда белгиленген тартипте ишке ашырылат.
15.3.Шаардык жыйындарда талкууланып жаткан маселелер боюнча жергиликтүү жамааттан түшкөн суроолорго, сунуштарга, сын-пикирлерге жооптор мүмкүнчүлүккө жараша ошол жерде берилет, ошол жерде жооп берүүгө мүмкүн болбой калган учурда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан 15 күндүн ичинде каралат жана жыйынтыгы суроолорду, сунуштарды, сын-пикирлерди берген шаардык жыйналыштын катышуучуларына жазуу жүзүндө маалымдалат.
15.4.Шаардык жыйындарды өткөрүү менен байланышкан чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жγргγзγлѳт.
16. Шаардык жыйындарда каралуучу маселелер
Шаардык жыйындарда төмөндөгү маселелер каралат:
- жергилктүү жамааттын Уставынын долбоору, ошондой эле жергиликтүү жамааттын Уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө ченемдик укуктук актынын долбоору;
-шаарды өнүктүрүүнүн пландарынын жана программаларынын долбоорлору, анын ичинде аларга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө долбоорлор;
-шаардын, кварталдын, көчөнүн өзгөчө көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы;
-этностор аралык мамилелерди жакшыртуу, этностор аралык конфликттерди болтуроо боюнча алдын алуу жумуштарын жүргүзүү;
-жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана тескөөнүн тартибин белгилөө;
-ичүүчү сууну, сугат сууну пайдалангандыгы (канализация, жылуулук менен камсыз кылуу), ошондой эле тиричилик калдыктарын жана башкаларды жыйноо жана чыгаруу үчүн тарифтерди талкуулоо;
-турак жай фондусун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана көчөлөрдү, кварталдарды, калктуу конуштарды көрктөндүрүү;
-шаарды куруунун башкы планы, архитектура жана шаар куруунун нормаларын жана эрежелерин сактоо маселелери;
-жергиликтүү жамааттар демилгелеген (элдик демилге) ченемдик укуктук актылардын долбоорлору;
-шаардык кеңештин депутаттарынын, мэрдин бир жылдагы (жарым жылдагы) ишинин жыйынтыктары жөнүндө маалыматтарын угуу;
-шаардын аймактарынын чектеринде калктуу конуштарды түзүү жана жоюу тууралуу маселелерди талкуулоо, алардын чек араларын белгилөө жана өзгөртүү, администрациялык борборду белгилөө жана которуу, калктуу конуштардын категорияларын аныктоо, калктуу конуштарды, көчөлөрдү атоо жана кайра атоо, ошондой эле алардын аталыштарындагы транскрипцияларды өзгөртүү;
-жергиликтүү жамааттын турмуш-тиричилигин камсыз кылууга байланышкан башка маселелер.
17. Шаардык жыйындарды өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү
17.1. Шаардык жыйындар мэр, шаардык Кеңеш тарабынан, ошондой эле жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн (демилгелүү топтун) сунуштары боюнча зарылчылыкка жараша жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн алдын ала кабарлоо аркылуу чакырылат.
17.2. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн жыйындар мэр, шаардык кеңеш же анын төрагасы тарабынан белгилеген мөөнөттө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө жана кызыкдар адамдарга шашылыш тартипте алдын ала кабарлоо менен чакырылышы мүмкүн.
18. Шаардык жыйындарды өткөрүү демилгеси
18.1.Шаардык жыйындарды өткөрүүнүн демилгечилери катары жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (демилгелүү топтор), шаардык кеңештин депутаттары, мэр боло алышат.
18.2.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү шаардык жыйындарды өткөрүү боюнча саны 9 адамдан кем эмес демилгелүү топту түзүүгө укуктуу. Демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн саны жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан белгиленет.
18.3.Демилгелүү топ, шаардык Кеңештин депутаттары шаардык жыйындарды өткөрүүнүн демилгечиси катары чыккан учурда, алар мэрге, шаардык Кеңештин төрагасына өздөрүнүн кайрылуусунда белгиленген жергиликтүү маанидеги маселе боюнча шаардык жыйындарды өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө кайрылуу жөнөтүшөт.
18.4.Эгерде мэр же шаардык Кеңеш шаардык жыйындарды өткөрүү демилгесин көтөрсө, шаардык жыйындарды өткөрүү жөнүндө чечим тийиштүүлүгүнө жараша, мэр же шаардык Кеңеш тарабынан өз алдынча кабыл алынат.
19. Шаардык жыйындарды өткөрүү демилгеси менен кайрылуу
19.1. Шаардык жыйындарды өткөрүүнү демилгелеген кайрылуу өзүнө төмөнкүлөрдү камтышы керек:
-шаардык жыйындарды өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө негиздемени;
-иш-чарага катышуучуларынын болжолдуу санын (көчөлөрдүн, кварталдардын, калктуу конуштардын );
- иш-чараны өткөрүү болжолдонгон орунду;
- кароого киргизилип жаткан маселелерди;
-демилгелүү топтун мүчөлөрү жөнүндө маалыматтарды, алардын фамилияларын, ысымдарын, атасынын аттарын, жашаган жерлерин.
19.2.Кайрылуу мэр же шаардык кеңештин төрагасы тарабынан катталган күндөн тартып 14 күндүн ичинде каралат.
19.3.Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча мэр шаардык жыйындарды өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алат жана аларды өткөрүүнү уюштурат, же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
Кайрылууну кароонун жыйынтыктары боюнча шаардык кеңештин төрагасы кайрылуу менен макул болгон учурда мэрге шаардык жыйындарды өткөрүүнү тапшырат же болбосо аларды өткөрүүдөн баш тартат.
19.4.Мэр, шаардык Кеңештин төрагасы төмөнкү учурларда шаардык жыйындарды өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу:
-ушул Уставдын 19.1. пунктунда көрсөтүлгөн талаптар бузулганда;
-аларды башка мыйзамдуу жолдор менен чечүүнүн мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу кайрылууда көрсөтүлгөн маселелерди жыйындарда талкуулоонун зарылдыгы жок болгондо;
-кайрылууда көрсөтүлгөн маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын нормаларына жана ушул Уставга карама-каршы келгенде.
Мэрдин, шаардык Кеңештин төрагасынын шаардык жыйындарды өткөрүүнү четке кагуу тууралуу чечимдери сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
20. Шаардык жыйындарды уюштуруунун тартиби
20.1.Шаардык жыйындарды өткөрүү жөнүндө чечимде төмөнкүлөр каралат:
-иш-чараны өткөрүүнүн орду, датасы жана мөөнөттөрү;
-шаардык жыйындардын кароосуна киргизилип жаткан маселелердин аталыштары, шаардык Кеңештин токтомдорунун долбоорлору;
-талкууланып жаткан маселелер боюнча кызыкдар адамдардан ой пикирлерди жана сунуштарды кабыл алуунун тартиби.
20.2.Шаардык жыйындарда жергиликтүү жамааттын ой пикирин эсепке алуу, угуу, талкуулоо жана жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча сунуштамаларды жыйноо үчүн күн тартибине бир эле убакта бир нече маселе киргизилиши мүмкүн.
20.3.Мэр шаардык жыйындарды өткөрүүгө карата даярдык көрүүнүн жүрүшүндө:
- жыйындарды өткөргөнгө чейин 10 күн калгандан кечиктирбестен жалпыга маалымдоо каражаттарын, кулактандырууларды жана башка мүмкүн болгон каражаттарды пайдалануу менен шаардын жашоочуларын демилгечилер, жыйындарга киргизилген маселелер, иш-чараны өткөрүүнүн тартиби, орду, датасы жана убактысы тууралуу кабарландырууну уюштурат;
-жыйындарга катышуу ниетин билдиришкен шаардын жашоочуларынын жана кызыкдар болгон бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, жеке жана юридикалык жактардын эркин катышуусун камсыз кылат;
-зарыл болгон учурда кызыкдар болгон мамлекеттик жана муниципалдык органдардан, уюмдардан, мекемелердин жана ишканалардан жазуу жүзүндө жыйындарга киргизилип жаткан маселе боюнча зарыл маалыматтарды суратып алат;
-зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткарыш үчүн эксперттерди жана адистерди тартат;
-иш-чараны өткөргөнгө чейин 2 күн калгандан кечиктирбестен катышуучулардын жана чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин түзөт жана иш-чарада чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесине киргизилген адамдар бул тууралуу күн мурунтан кабарландырылат;
- жыйындарга катышуучуларын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн чакырууну жана каттоону, протокол жүргүзүүнү жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат;
-жыйындарда кароого сунушталган чечимдердин долбоорлорун даярдайт;
-иш-чараны даярдоодо жана уюштурууда демилгечилер менен өз ара аракеттенишет.
21. Шаардык чогулушту өткөрүүнүн тартиби
21.1.Жыйындарды мэр алып барат жана жыйындардын катчысы, зарыл болгон учурда добуштарды саноо үчүн эсептөө комиссиясы шайланат. Күн тартиби катышып отургандардын санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
21.2.Төрагалык кылуучу иш-чараны алып барат жана жумуш процессинде күн тартибиндеги маселелерди талкуулоонун тартибин көзөмөлдөйт.
21.3.Иш-чара мэрдин кыскача сөзү менен башталат, ал катчыны жана эсептѳѳ комиссиясын, талкуулануучу маселенин маанисин, иш-чараны алып баруунун тартибин, иш-чаранын регламентин тааныштырат.
21.4.Кайрылуунун негизинде даярдалган, чогулушта каралып жаткан маселелерди чечүү анын компетенциясына кирген баяндамачынын маалыматы угулат.
21.5.Чыгып сүйлѳѳчγлѳрдѳн кийин, жыйындарда каралган маселелерди чечүү компетенциясына кирген баяндамачыга, мамлекеттик жана муниципалдык органдардын тγзγмдѳрγнγн өкүлдөрүнө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдарына жана башка кызматкерлерге иш-чаранын катышуучулары тарабынан оозеки, жазуу жүзүндө суроолор берилиши мүмкүн.
21.6.Чыгып сүйлѳѳ үчүн сөз бардык каалаган катышуучуларга, суроолордун жазуу түрүндө түшкөн тартибине же болбосо кол көтөрүүсүнө ылайык берилет.
21.7.Иш-чаранын узактыгы талкууланып жаткан маселелердин мүнөзү менен аныкталат. Зарыл болгон учурларда, мэр танапис жарыялоо жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
21.8. Жыйындарды катчысы протокол жүргүзөт, анда иш-чаранын өткөн датасы жана убактысы, катышып жаткан жарандардын жалпы саны жана чакырылган адамдардын жалпы саны, күн тартиби, чыгып сөйлѳгѳндѳрдγн сѳздѳрγнγн мазмуну, чыгып сүйлөгөндөр,ошондой эле суроо бергендер жөнүндө маалыматтар, кабыл алынган чечим жана сунуштамалар көрсөтүлөт. Протоколго чогулуштун төрагасы жана катчысы кол коет. Жыйындардын чечимдери жана сунуштамалары ачык добуш берүү менен катышкандардын санынын жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
21.9.Чогулуштун протоколунда милдеттүү тγрдѳ ар бир маселе боюнча катышуучулардын талкуунун жүрүшүндө айтылган позициялары чагылдырылышы керек.
21.10.Иш-чаранын протоколу, чогулушта кабыл алынган чечимдер жана сунуштамалар мэрияга өткөрүп берилет. Мэрия жана анын кызмат адамдары бир айлык мөөнөттө калкка, иш-чаранын катышуучуларына, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу, же коомчулук үчүн жеткиликтүү жерлерде маалыматтарды жайгаштыруу менен чечимдерди жана сунуштамаларды аткаруу боюнча кабыл алынган же көрүлгөн чаралар жөнүндө билдирүүгө милдеттүү.
21.11.Эгерде тийиштүү аймактын (көчөнүн, кварталдын, конуштардын) шайлоо укугуна ээ болушкан жашоочуларынын 2/3 кем эмеси же шаардык жыйындарга чакырылгандардын 2/3 кем эмеси катышса, шаардык жыйындар мыйзам ченемдүү болуп эсептелет.
22. Коомдук угуулар
22.1.Коомдук угуулар-калктын кызыкчылыгын эске алуу менен жамааттын турмушунун маанилүү маселелери боюнча калктын пикирин иликтеп билүү, алардын катышуучуларынан сунуштарды жана рекомендацияларды алуу жана оптималдуу, таразаланган чечимдерди аныктоо үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын демилгеси боюнча өткөрүлүүчү ачык талкуу формасында уюштурулган иш-чара.
22.2.Коомдук угуулар мэрия жана шаардык Кеңеш тарабынан сунуш кылынган чечимди коомчулук канчалык колдоорун түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзөт. Калкка талкууланган маселе боюнча өзүнүн ой пикирин айтууга, мэриянын, шаардык Кеңештин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн жетекчилеринен суроого жооп алууга, мэрияга, шаардык Кеңешке өз жумуштарынын сапаты жана алардын жасаган жумуштар элди канааттандырышы жөнүндө билүүгө, зарыл болгон учурда өз иш-аракеттерин элдин кызыкчылыктарын эске алуу менен оңдоп-түзөтүүгө мүмкүнчүлүк берет.
22.3.Коомдук угуулар жергиликтүү маанидеги маселелер боюнча өткөрүлүшү мүмкүн, аларды чечүүдө мэриянын жана шаардык Кеңештин туура чечимдерди кабыл алышы үчүн жергиликтүү жамааттын ой пикирлери өзгөчө маанилүү болуп саналат.
22.4.Коомдук угууларга алып чыгарылуучу маселелер:
- жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу;
-муниципалдык менчикти башкаруу, муниципалдык жерлерди, обѳекттерди ж. б. сатуу, ижарага берүү, пайдалануу;
-ичүүчү жана суугат суунун, канализация, жылуулук менен камсыздоо, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноо жана ташып чыгаруунун ж. б. тарифтерин бекитүүгө сунуштарды иштеп чыгуу;
-жергиликтүү жамааттын жашоо-турмушун камсыз кылуу менен байланышкан башка маселелер.
22.5.Жергиликтүү жамаат үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон маселе боюнча жергиликтүү жамааттын ой пикирин дыкат иликтөө, угуу, талкуулоо, сунуштамаларды чогултуу жана маалыматтарды алмашуу максатында коомдук угууга бир гана маселени алып чыгуу сунушталат.
22.6.Коомдук угуулар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан милдеттүү түрдө:
-жергиликтүү бюджетти түзүү жана аткаруу боюнча маселелер жыл сайын өткөрүлөт;
-муниципалдык мүлктү башкаруу стратегиясынын долбоорун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекет тарабынан башкарууга өткөрүлүп берилген муниципалдык мүлктү бекитүү мындай стратегияларды иштеп чыгуу жана бекитүү учуру пайда болгондо жүргүзүлөт.
Кызмат көрсөтүүлөргө, ичүүчү суу, суугат суусу, канализация, жылуулук менен камсыздоо, турмуш-тиричиликтик калдыктарды жыйноого жана ташып чыгарууга жана башка маселелерге байланышкан тарифтерди бекитүү маселелери боюнча коомдук угуулар зарылдыгына жараша өткөрүлөт.
22.7. Коомдук угууларды уюштуруу жана өткөрүү мэрияга жүктөлөт жана жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
22.8.Коомдук угуулар, коомдук угууга чакырылгандардын 2/3 кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
23. Коомдук угууну уюштуруунун жана өткөрүүнүн тартиби
23.1.Белгилүү маселе боюнча коомдук угууну өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин мэрия төмөнкү ырааттуулукта аракеттерди көрүүсү зарыл:
Коомдук угууга чейин 3-4 жума калганда өткөрүүнүн датасын, убактысын жана ордун аныктоо;
Коомдук угууга чейин 2 жума калганда талкуулоонун предмети боло турган сунуштун жана документтин долбоору (мисалы: бюджеттин кыскача сыпаттамасы же сатууга сунуш кылынган муниципалдык менчик обѳекттеринин тизмеси жана анын негиздемеси, же ичүүчү сууну, сугат суусун берүү кызматына сунушталган тарифтердин өлчөмү ж б.) даярдалат.
Коомдук угууга чейин 1-2 жума калганда:
-коомдук угууга алып чыгып жаткан документтердин долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланат;
-коомдук угууга чакыруу барактарын иштеп чыгуу жана даярдоо жүргүзүлөт;
- калкка, уюмдарга, мекемелерге, ишканаларга, жарандык топторго, өкмөттүк эмес уюмдарга чакыруу барактарын жана документтин долбоорлорун таратуу;
-маалыматты илүү жана башка мүмкүн болгон каражаттар менен жалпыга жарыялоо;
-документтин долбоорун алуу жайын маалымдоо менен коомдук угуу жөнүндө пресс-релиз чыгаруу жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо;
-коомдук угууну даярдоо жана өткөрүү боюнча мэриянын аппаратынын кызматкерлерин даярдоо (окутуу, нускама берүү ж.б.) жүргүзүү;
-коомдук угуунун максаттарын, датасын, убактысын жана өткөрүлүүчү ордун көрсөтүү менен калкты талкууланып жаткан маселе менен тааныштыруу үчүн шаардын жалпыга жетимдүү жайларында кулактандырууларды жайгаштыруу;
-жамааттын негизги чечүүчү адамдарына, жергиликтүү кеңештин депутаттарына, мэриянын аппаратынын бөлүмдөрүнө, зарыл болгон учурда мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын жана мекемелердин жетекчилерине жеке кабарлоо;
-коомдук угуунун алып баруучусун жана катчысын тандоо;
-зарыл болгон учурда кызыкдар мамлекеттик органдардан, уюмдардан, мекемелерден, ишканалардан угууга киргизилген маселе боюнча зарыл маалыматтарды, материалдарды жана документтерди суратып алуу (маалыматтар, материалдар жана документтер уюштуруучуга суроо-талап алынган күндөн тартып 5 күндөн кечиктирбестен берилет);
-зарыл болгон учурда консультациялык жана эксперттик жумуштарды аткаруу үчүн эксперттер жана адистер тартылат.
Коомдук угууга чейин 1 жума калганда:
-өткөрүлүүчү орунду даярдоо (катышуучулар үчүн орундар, алып баруучу жана катчы үчүн стол, жарык берүү, жылытуу, үн күчөткүчтөр ж.б.);
-көрсөтмө материалдарды даярдоо: плакаттар, доскалар, слайддар ж.б.;
-чыгып сүйлөөчүлөрдү дайындоо, күн тартибин даярдоо, коомдук угуу учурунда таратуу үчүн материалдардын кошумча көчүрмөлөрүн даярдоо;
-коомдук угууларды өткөрүүнүн эрежелерин даярдоо жана таратуу.
Коомдук угууга чейин 3 күн калганда:
-катышуучуларды каттоо баракчасын даярдоо;
-коомдук угуунун протоколунун формасын даярдоо;
-сунуштар, ой-пикирлер, сунуштамалар, суроолор үчүн бланктарды даярдоо.
Коомдук угууга чейин 1 күн калганда:
-орун жайдын жана жабдуулардын даярдыгын көзөмөлгө алуу;
-катышуучулардын, чыгып сүйлөөчүлөрдүн тизмесин жана күн тартибин тактоо;
-катышуучуларга таратуу үчүн кошумча материалдардын даярдалышын көзөмөлгө алуу ж.б.
Коомдук угууну өткөрүү күнү катышуучуларды, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн (зарыл болгон учурда) каттоо жүргүзөт, протокол жүргүзγлѳт жана жыйынтыктоочу документтерди жол-жоболоштурууну камсыз кылат.
23.2.Мэрия коомдук угуу өткөрүлгөндөн кийин 10 күндүн ичинде анын натыйжасын жалпылайт жана жол-жоболоштурат, калк арасында коомдук угуунун натыйжалары жөнүндө, ошондой эле жыйынтыктары боюнча кабыл алынган чечимдер жөнүндө маалыматтарды таратат. Ошол эле учурда мэрия оозеки билдирүүнү, маалымат тактайларына жайгаштыруу, жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернетти жана башка ыкмалар менен жааматка карата колдонууга мүмкүн болгон маалыматтарды таратуунун ар түрдү ыкмаларын пайдаланат.
IV. Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди
чечүүгө катышуусу
24. Жергиликтүү жамааттын шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө жолу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуу
24.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү шаарды өнүктүрүүнүн социалдык-экономикалык программаларын натыйжалуу ишке ашыруу, аймактын турмуш-тиричиликтик тутумдарын өнүктүрүү, калкка зарыл болгон мамлекеттик жана мунициалдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө мэрия жана шаардык Кеңеш менен өз ара аракетте болууга укуктуу.
24.2.Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышуусу шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө аркылуу жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
24.3.Шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө мэриянын, шаардык Кеңештин жана жергиликтүү жамааттын шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн табуу, демилгечил жана башка жумушчу топтор аркылуу шаардын жашоочуларынын ой-пикирлеринин жана кызыкчылыктарын эске алуу менен аларды чечүү боюнча биргелешкен иш процессин карайт.
24.4.Шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө үчүн мэрия демилге көтөрүү менен шаардык кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү менен бирдикте төмөнкү иш-чаралардын комплексин жүзөгө ашырат:
-маалыматтарды жыйноо жана шаардагы кырдаалды иликтөө;
-шаардын көйгөйлөрүн аныктоо;
-шаардын көйгөйлөрүн тандоо: көйгөйлөрдүн себептери кайсылар жана алардын кесепеттери;
-биринчи кезекте чечилүүгө жаткан артыкчылыктуу маселелерди аныктоо;
-артыкчылыктуу маселелерди чечүүнүн жолдорун биргелешип талкуулоо;
-артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча демилгечил топторду түзүү;
-биргелешкен аракеттердин пландарын иштеп чыгуу;
-шаардык жыйындарда, коомдук угууларда жергиликтүү жамаат менен артыкчылыктуу маселелерди чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин пландарын талкуулоо;
-жергиликтүү бюджетте биргелешкен аракеттердин пландарын чагылдыруу;
-биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу;
-биргелешкен аракеттердин ишке ашырылып жаткан пландарынын биргелешкен мониторинги жана баа берүү;
-шаардык чогулуштарда, коомдук угууларда, Курултайларда биргелешкен аракеттердин пландарын ишке ашыруу боюнча иштердин натыйжалары жөнүндө отчет.
24.5.Шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөө процессине төмөнкүлөр катыша алышат:
-жынысына, расасына, улутуна, тилине, динине, кызматтык жана мүлктүк абалына карабастан 18 жашка толгон жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
-мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү;
-шаардык кеңештин депутаттары;
-мэриянын аппаратынын кызматкерлери.
25. Шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтор
25.1.Мэрия, шаардык Кеңештин депутаттары жана жергиликтүү жамаат менен биргеликте шаардын артыкчылыктуу маселелерин аныктоодо, шаардын муктаждыктарын биргеликте иликтөө процессинде ыктыярдуу негизде ар кайсы тармактар боюнча демилгелүү топторду түзөт, ошондой эле аткаруу мөөнөттөрүн, ресурстарын, аларды аткаруу боюнча жооптууларды белгилөө менен биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгат.
25.2.Демилгелүү топтордун курамына төмөнкүлөр кирет:
-мэриянын аппаратынын кызматкерлери;
-шаардык кеңештин депутаттары;
-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү;
-мамлекеттик уюмдардын, ишканалардын, мекемелердин, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, коомдук бирикмелердин ж.б. өкүлдөрү.
25.3.Демилгелүү топтордун курамы төмөнкүлөрдү эске алуу менен аныкталат:
- гендердик теңчиликти сактоо;
- шаардын ар бир аймагынын өкүлчүлүгүнүн болуусу;
- демилгелүү топ тарабынан тандалган артыкчылыктуу маселени чечүүдө тажрыйбанын болушу;
- шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү үчүн кайтарымсыз негизде иштөөгө каалоосунун болушу;
- демилгелүү топтордун иштерине активдγγ катышуу үчүн каалоосун жана жѳндѳмдγγлγгγн билдиргендиги.
25.4.Демилгелүү топтун отуруму ачык жыйналыш формасында жүргүзүлөт.
25.5.Демилгелүү топтун мүчөлөрү өз катарынан ачык добуш берүү аркылуу алардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен демилгелүү топтун жетекчисин шайлашат. Демилгелүү топтун жетекчисин шайлоо тууралуу чечим протокол менен жол-жоболонот, ага демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн колдору коюлат. Демилгелүү топтун чечимдери ага тиешелүү бардык маселелер боюнча алардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүгүнүн добуштары менен кабыл алынат.
25.6.Демилгелүү топтун жетекчиси төмөнкүлөргө укуктуу:
-мамлекеттик органдарда, мэрияда жана шаардык Кеңеште, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдарда демилгелүү топтун кызыкчылыктарын жактоого;
-демилгелүү топтун ишин координациялоого;
-демилгелүү топтун жыйналышын өткөрүүгө;
-демилгелүү топтун атынан документтерге кол коюуга ж.б..
25.7.Демилгелүү топтун мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
-шаардын өнүгүү, анын ичинде биргелешкен аракеттеги жана социалдык-экономикалык өнүгүү, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б. иштеп чыгууга катышууга;
-окууларга, жыйналыштарга, мамлекеттик органдардын, мэриянын, шаардык Кеңештин жана шаардын аймагында иштеп жаткан башка уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин шаардын артыкчылыктуу маселелерине тиешеси бар маселелери боюнча отурумдарына катышууга;
-тандалган көйгөйлөрдү чечүү жана аларды ишке ашыруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгууга;
-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, мэрияны жана шаардык Кеңешти демилгелүү топ тарабынан тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү боюнча демилгелүү топтун жумуштарынын жүрүшү боюнча маалымдоого;
-жергиликтүү жамааттын, мэриянын жана шаардык Кеңештин алдында тандалып алынган көйгөйлөрдү чечүү үчүн иштелип чыгылган долбоорлордун презентациясын өткөрүүгө жана коргоого;
-долбоорлордун, биргелешкен аракеттирдин планын ишке ашыруу боюнча мониторинг жүргүзүүгө;
-шаардык жыйналыштарда, коомдук угууларда, курултайларда жергиликтүү жамааттын алдында иштердин натыйжалары боюнча отчет берүүгө;
-зарыл болгондо мыйзамдарда жана ушул Уставда белгиленген тартипте шаардык кеңешке киргизүү үчүн ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун демилгелөөгө.
26. Шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча демилгелүү топтордун курамдарын жана биргелешкен аракеттердин планын бекитүү
26.1.Шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжасында аныкталган шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү үчүн мэрия шаардык кеңештин депутаттарынын, жергиликтүү жамааттын жана демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жумушчу жолугушууларды уюштурат, анда төмөнкү маселелер каралат:
-артыкчылыктуу көйгөйлөрдүн бет ачаарлары жана аларды чечүүнүн жолдору;
-биргелешкен аракеттердин планын иштеп чыгуу;
-артыкчылыктуу көйгөйлөр боюнча демилгелүү топтордун санын жана алардын курамын алдын ала бекитүү;
-каралып жаткан маселелерди талкуулоо, алар боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-жалпы талкуулоо үчүн шаардык чогулушка (жыйналышка) биргелешкен аракеттердин планын алып чыгуунун тартибин талкуулоо;
-биргелешкен аракеттердин планын ишке ашыруу боюнча андан аркы аракеттерди пландоо;
-биргелешкен аракеттирдин пландарынын ишке ашырылышына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
26.2.Мэрия жумушчу жолугушуулардын натыйжалары боюнча шаардык жыйналышка, коомдук угууга төмөнкүлөрдү алып чыгат:
-шаардын муктаждыктарын биргелешип иликтөөнүн натыйжалары;
-аныкталган артыкчылыктуу көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын;
-тандалып алынган багыттар боюнча демилгелүү топтордун санын;
-жергиликтүү жамаат менен макулдашуу үчүн демилгелүү топтордун мүчөлөрүнүн тизмесин.
26.3.Шаардык жыйналышта демилгелүү топтордун саны жана алардын курамы, биргелешкен аракеттердин планы жергиликтүү жамаат менен макулдашылат, андан кийин шаардык чогулуштардын, коомдук угуулардын катышуучуларынан келип түшкөн ой-пикирлерди жана сунуштарды эске алуу менен биргелешкен аракеттердин планы, демилгелүү топтордун курамы жана саны мэрдин чечими же шаардык Кеңештин токтому менен бекитилет. Бул маалымат мэриянын маалыматтык тактайына илинүү жолу менен жалпы элге жеткирилет.
26.4.Кийинки жылга жергиликтүү бюджеттин адепки долбоору бекитилген биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен мэриянын финансы-экономикалык бөлүмү тарабынан түзүлөт.
26.5.Мэрия биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун шаардык кеңеш менен макулдашат жана финансы министрлигинин тиешелүү түзүмдүк бөлүмчөсүнө берет. Финансы министрлиги мэрияга жергиликтүү бюджет боюнча такталган маалыматтарды бергенден кийин мэрия биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин адепки долбоорун тактайт жана аларды бекитүү үчүн шаардык кеңешке берет.
26.6.Жергиликтүү бюджеттин долбоору жалпы талкуулоо үчүн бюджеттик угууга киргизилет, андан кийин ачыктыктын жана айкындыктын негизинде шаардык кеңештин сессиясында каралат. Жергиликтүү бюджет жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн ой-пикирлерин жана сунуштарын карап чыккандан кийин шаардын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын эске алуу менен шаардык кеңеш тарабынан бекитилет. Шаардык кеңештин тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү тууралуу токтому жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланууга жатат.
26.7.Шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планы иштелип чыккан жана бекитилген учурда шаардык кеңеш тарабынан жергиликтүү бюджет бекитилгенден кийин жергиликтүү бюджетке тийиштүү тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуштар менен мэрия биргелешкен аракеттердин планын шаардык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына киргизүүгө укуктуу.
26.8.Бюджет боюнча шаардык кеңештин туруктуу комиссиясы шаардын артыкчылыктуу маселелерин чечүү боюнча биргелешкен аракеттердин планын өзүнүн отурумунда карайт жана биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө корутундусу (же чечими) менен шаардык Кеңештин сессиясына киргизет.
26.9. Бюджеттик комиссиянын сунушу менен макул болгон учурда жана жергиликтүү бюджеттин мүмкүнчүлүгү болгондо шаардык кеңеш биргелешкен аракеттердин планын каржылоо жана ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджетке тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
27. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү
27.1.Шаардын артыкчылыктуу маселелерин аныктоо жана чечүү боюнча ачыктыкты, айкындыкты камсыз кылуу жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн жергиликтүү коомдук маанилүү чечимдерди кабыл алууга тартуу, ошондой эле жергиликтүү жамааттын, донор уюмдардын жана жергиликтүү бюджеттин шаардын өнүгүшүнө чегерилген каражаттарынын натыйжалуулугун жогорулатуу максатында биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча иш чаралары жүргүзүлөт.
27.2.Биргелешкен мониторинг жана баа берүүнүн максаттары төмөнкүлѳр болуп саналат:
-мэриянын жана шаардык кызматтардын иш-аракеттерине жана муниципалдык кызматтардын сапатына баа берүү жана мониторинг жүргүзүү;
-шаардын аймагында жергиликтүү жана (же) республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, демөөрчүлөрдүн жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин, долбоорлордун, программалардын иш жүзүнө ашыруу натыйжаларына мониторинг жүргүзүү жана баа берүү;
-жергиликтүү демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашыруу процессин, ошондой эле муниципалдык кызматтарды жакшыртуу боюнча сунуштамаларды иштеп чыгуу;
-этностор аралык конфликтердин алдын алуу жана аларды болтурбоо максатында шаардын чегинде этностор аралык мамилелерге мониторинг жүргүзүү.
27.3.Жогоруда көрсөтүлгөн милдеттерди аткаруу үчүн шаардык кеңеш биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топ түзүүгө укуктуу. Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча жумушчу топтордун иш-аракеттеринин тартиби шаардык кеңеш тарабынан аныкталат.
27.4.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топтун курамына шаардык кеңештин депутаттары, демилгелүү топтордун, коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү жана башка жактар жынысы, расасы, тили, майыптуулугу, этноско таандыктыгы, туткан дини, саясий же башка ынанымдары, билими, теги, мүлктүк же башка абалы боюнча басмырлоо мүнөздөгү жагдайларга карабастан кирүүгө укуктуу. Топтун курамы шаардык кеңеш тарабынан бекитилет.
27.5.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ төмөнкүлөргө мониторинг жүргүзүүгө жана баа берүүгө укуктуу:
-мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, ошондой эле муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын иш-аракеттерин;
-шаардын жергиликтүү жамаатынын жашоо-турмушун камсыздоо боюнча кызмат көрсөткөн коомдук уюмдардын жана бирикмелердин суу колдонуучулар ассоциацияларынын (АВП), таза-суу колдонуучулардын айылдык бирикмесинин (СОППВ ж.б.) иш-аракеттерин;
-шаардын өнүгүү пландарын, анын ичинде биргелешкен аракеттеги пландарын, социалдык-экономикалык өнүгүү пландарын, стратегиялык өнүктүрүү пландарын ж.б.;
-жергиликтүү жана республикалык бюджеттен, эл аралык жана башка донор уюмдардын, демөөрчγлөрдүн жана башка мыйзамдар менен тыюу салынбаган булактардан каржыланып ишке ашырылуучу жергиликтүү демилгелердин, долбоорлордун, программалардын ишке ашырылышын;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын этностор аралык маселелер боюнча иш аракеттерин.
27.6.Аталган милдеттерди аткаруу үчүн биргелешкен мониторинг жана баа берүү боюнча топ:
- жумуштун планын же графигин бекитет;
- сурамжылоолорду жүргүзөт;
-жерине баруу менен ишке ашырылган долбоордон көрсөтүлүүчү кызматтарды көрөт жана пайда алуучулар менен түздөн-түз маектерди жүргүзөт;
-документтерди, башкача айтканда анкеталарды, графиктерди, отчетторду, каттоо журналдарын, катышуучулардын тизмесин талдоону жүзөгө ашырат;
-тиешелүү иш-чараларга, алардын ичинде тендерлер, сатып алуулар, демилгелерди, долбоорлорду, программаларды ишке ашырууга катышат;
-демилгелердин, долбоорлордун, программалардын өз убагында аткарылышын жана көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын камсыз кылууга байланыштуу сунуштамаларды берет;
-демилгелерди, долбоорлорду, программаларды аткаруунун жүрүшүндө, кызмат көрсөтүүлөрдө пайда болгон көйгөйлөр, ошондой эле өзүнүн аткарган жумуштарынын натыйжалары жөнүндө мэрияны, шаардык кеңешти жана жергиликтүү жамаатты өз убагында кабарлайт;
-пландарды ишке ашыруу боюнча, кызматтардын көрсөтүлүшүн жакшыртуу боюнча долбоордун аткарылышынын журүшүнө түзөтүү киргизүү боюнча сунуштарды берет.
27.7.Мэрия ушул Уставдын 27.1., 27.2. пункттарында көрсөтүлгөн максаттарга жетүүгө жана маселелерди чечүү үчүн өзүнүн компетенциясына кирген маселелер боюнча биргелешкен мониторинг жана баа берүү топторун түзүүгө укуктуу.
27.8.Биргелешкен мониторинг жана баа берүү тобунун иштеринин натыйжалары маалыматтык керегелерге илинет, жарыяларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдырылат, ошондой эле талкуулоо үчүн шаардык жыйналыштардын, коомдук угуулардын жана Курултайлардын кароосуна киргизилиши мүмкүн.
28. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу
28.1.Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү өз иштерин координациялоо үчүн өз ара жардамдашуу, жашоо, турмуш тиричиликке, социалдык-экономикалык жана маданий маселелерди биргелешип чечүү, өздөрүнүн укуктарын жана кызыкчылыктарын кыйла натыйжалуу жүзөгө ашыруу максаттарында жашаган жери боюнча аймактык коомдук өз алдынча башкарууну уюштурууга укуктуу.
28.2.Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу кичи райондордун комитеттери, турак жай комплекстеринин, үй, көчө, кварталдык комитеттер, жамааттар (коомдоштук) кеңештери формасында, Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка мыйзамдарына карама-каршы келбеген башка формаларда жүзөгө ашырылат.
28.3.Аймактык коомдук өз алдынча башкаруулардын аймактарынын чектери жашоочулардын сунуштарын эске алуу менен шаардык Кеңеш тарабынан белгиленет.
28.4.Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу алар шаардык Кеңеш тарабынан каттоого алынган учурдан тартып өз статустарына ээ болушат. Аймактык коомдук өз алдынча башкаруу ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте юридикалык жак статусуна алышы мγмкγн.
V. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
29. Муниципалдык менчик
29.1.Муниципалдык менчик - жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында, пайдалануусунда, тескөөсүндө турган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун кирешелерин алуучу булак катары кызмат кылуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш-милдеттерин жүзөгө ашырууга зарыл жергиликтүү жамааттын менчиги;
29.2.Жергиликтүү жамаат мэрияга жана шаардык Кенешке кайрылуу жолу менен муниципалдык менчикти башкарууга жана тескөөгө түздөн-түз катышат, бул кайрылуулар тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн мэрия жана шаардык Кенеш тарабынан милдеттүү түрдө каралышы керек.
29.3.Муниципалдык менчик өзүнө кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктү, анын ичинде жергиликтүү бюджеттин акчалай каражаттарын, баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мүлктүк укуктарды камтыйт.
29.4.Жергиликтүү жамааттын бюджеттик каражаттары, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттары да жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчиги болуп саналат. Бюджеттик каражаттарды, ошондой эле бюджеттен тышкаркы фонддордун каражаттарын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларды кошпогондо башкы органдардын алып коюусуна жол берилбейт.
29.5.Шаардык жамаат мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрине ээ болууга жана аны жүргүзүүгө милдеттүү.
Реестрде төмөнкүдөй негизги маалыматтар:
-обьектти сыпаттап жазуу;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары же башка юридикалык же жеке жактар ээлик кылган мүлккө муниципалдык менчик обѳекттерине карата укуктарды ырастаган документтер;
-обьекттерди пайдаланууга карата чектөөлөрдүн тизмеси;
-обьекттердин бааланган наркы;
-мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин өзгөчөлүктөрүнө жана аларды пайдаланууга байланышкан башка маалыматтар камтылууга тийиш.
29.6.Мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестринин мазмуну мэриянын жана шаардык Кенештин кадимки иш учурунда аларды жарандар γчγн иликтөө үчүн пайдалана алгыдай болууга тийиш.
29.7.Мүлккө муниципалдык менчик обьекттеринин реестрин түзүү жана жүргүзүү тартиби мэрия тарабынан белгиленет жана шаардык Кеңеш тарабынан бекитилет.
30. Шаардык бюджет жана аны бекитүү тартиби
30.1.Шаардык бюджет – жергиликтүү өз алдынча башкаруунун иш милдеттерин финансылык жактан камсыз кылууга багытталган шаардын жергиликтүү жамаатынын бюджети. Шаардык бюджет шаардык кеңештин чечими менен бекитилет. Шаардык бюджетти түзүүнү жана аткарууну мэрия жүзөгө ашырат.
30.2. Шаардык бюджет кирешелерден жана чыгымдардан турат:
-шаардык бюджеттин кирешелери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мэриянын тескөөсүнө келип түшкөн акчалай каражаттардан, шаардык салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн, республикалык деңгээлде бөлүштүрүлγγчγ салыктардан жана кирешелерден, трансферттерден, ыктыярдуу төгүмдөрдөн турат. Шаардык салыктардан жана жыйымдардан, салыктык эмес келип түшүүлөрдөн алынган шаардык бюджеттин кирешелери башка деңгээлдеги бюджеттке алууга жатпайт;
-шаардык бюджеттин чыгымдары жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын милдеттерин жана иш-милдеттерин финансылык жактан камсыз кылууга багытталган акча каражаттары.
30.3.Шаардык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы мамлекеттик салык кызматтарынан, мэриядан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттин долбоорун өз убагында жана сапаттуу түзүү үчүн зарыл болгон бардык маалыматтарды суроого жана алууга, өзүнүн отурумдарына бул органдардын жетекчилерин чакырууга жана угууга укуктуу. Шаардык бюджеттин долбоорун түзүү үчүн зарыл болгон маалыматтар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилет.
30.4.Шаардык Кеңештин бюджеттик комиссиясы бюджеттин долбоорун алдын ала кароону өткөрөт жана мэриянын отчетун угат, бюджеттин долбоору боюнча өз корутундусун, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту шаардык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет.
30.5.Жергиликтүү бюджеттин долбоорун кароо ачык. Бюджеттин долбоору, ошондой эле бюджеттин аткарылышы боюнча коомдук угуулар милдеттүү түрдө өткөрүлөт.
30.6.Шаардык Кеңеш сессияда шаардык бюджеттин такталган долбоорун карайт жана бекитет же болбосо жергиликтүү жамааттын жана бардык кызыктар тараптардын ой-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жеткире иштеп чыгууга жөнөтөт, бюджеттин аткарылышы тууралуу отчетту карайт, бекитет же болбосо аны четке кагат.
30.7.Шаардык кеңештин тиешелүү жылга бюджетти бекитүү тууралуу токтому, ошондой эле бюджеттин аткарылышы тууралуу мэриянын отчету жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында расмий жарыяланууга жатат.
VI. Корутунду жоболор
31. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алынуучу сыйлоо чаралары
31.1.Ушул Уставдын талаптарын үлгүлүү аткаргандыгы, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жигердүү катышкандыгы, жеке жана үй-бүлөлүк үлгүлүү жүрүм-туруму, кайрымдуулук ишмердиги, дөмөөрчүлүгү, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө айкын көмөк көрсөткөндүгү, жергиликтүү жамаатка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртууга катышкандыгы үчүн шаардык Кенеш тарабынан бекитилген атайын Жоболорго ылайык тийиштүү жарандарга карата төмөнкүдөй моралдык жана материалдык сыйлоо чаралары колдонулушу мүмкүн:
- алкыш жарыялоо;
- баалуу белектер, башка материалдык жана акчалай сыйлыктар менен сыйлоо;
- грамоталар менен сыйлоо;
- “Мыкты үй-бүлө”, “Үлгүлүү үй”, “Үлгүлүү көчө”, “Үлгүлүү конуш” ардактуу наамдарын ыйгаруу;
- жамааттын Ардак тактасына илүү;
- жамааттын Ардак китепчесине киргизүү;
- “Шаардын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу;
-Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү.
31.2.Моралдык жана материалдык сыйлоо чараларын колдонуу шаардык Кенеш тарабынан бекитилген атайын Жоболорго, ал эми Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоого көрсөтүү Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт:
32. Жергиликтүү жамааттын Уставын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
32.1.Ушул Уставдын талаптарын бузган жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө карата коомдук айыптоо чаралары колдонулушу мүмкүн.
32.2.Мэриянын жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн, шаардык Кенештин, ошондой эле мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрүнүн, уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызмат адамдары ушул Уставдын талаптарын бузган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.
33. Жергиликтүү жамааттын Уставын кабыл алуунун жана
өзгөртүүнүн тартиби
33.1.Жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоору мэрдин чечими менен түзүлгөн жумушчу топ тарабынан иштелип чыгат.
33.2.Жумушчу топтун курамына төмөнкүлөр кирет:
-шаардык Кеңештин депутаттары;
-мэриянын аппаратынын кызматкерлери;
-жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү (шаарда жашаган азчылык улуттардын өкүлдөрүн эске алуу менен);
-коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, жаштар комитети, аялдар кеңеши, аксакалдар кеңеши, ишкерлер коомчулугу жана башка шаарда иш алып барган уюмдар.
Жумушчу топтун курамы жергиликтүү жамааттын, мэриянын жана шаардык Кенештин сунуштарына ылайык толукталышы же өзгөртүлүшү мүмкүн.
33.3.Жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан Уставдын долбоору жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарында, мэриянын жана шаардык Кеңештин веб-сайттарында жана башка расмий жарыялоо булактарында жарыяланат жана жергиликтүү жамааттын Курултайына талкуулоо үчүн алып чыгарылат, аны ушул Уставда белгиленген тартипте мэрия уюштурат.
33.4.Курултайдын делегаттары жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү Уставдын долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө укуктуу.
33.5.Мэр Уставдын долбоорунун курултай кабыл алган акыркы вариантын редакциялык комиссия тарабынан иштелип чыккандан кийин шаардык Кеңештин кароосуна бекитүү үчүн киргизет.
33.6.Шаардык кеңештин Уставды бекитүү жөнүндө токтому шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
33.7.Кабыл алынган Уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардык Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен Курултайда жүргүзүлгөн талкуунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.
33.8.Жергиликтүү жамааттын Уставы аны бекитγγ жѳнγндѳ шаардык Кеңештин токтому тийиштүү басма сөздө же болбосо шаардык Кенештин расмий веб-сайттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Устав Күчүнө киргенден кийин жергиликтүү жамааттын Уставын бекитүү жѳнγндѳ шаардык кеңештин токтому Уставдын текстин тиркөө менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик Реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө каттоого жиберилет.
Ош шаарынын жергиликтγγ жамаатынын ѳкγлдѳрγнγн V элдик Курултайынын Редакциялык комиссиясынын мγчѳлѳрγ:
Ош шаарынын мэриясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы
|
| Курмантаев Н.Ш. |
Ош шаардык Кеңешинин бөлүм башчысы
|
| Жолдошева М.Ш. |
Ош областы жана Ош шаары боюнча юстиция башкармалыгынын башчысы
|
|
Мусаев Р.М. |
№7 «Алымбек-Датка» аймактык Кенешинин жооптуу катчысы
|
|
Кулбаева Ш. |
Ош шаардык Кеңешинин депутаты, Ош мамлекеттик университетинин ректору
|
|
Исаков К.А. |
Ош шаарынын билим берүү башкармалыгынын башчысы
|
|
Кимсанов К.К. |
Ош шаарынын мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын башчысы
|
|
Жороева Г.А. |
«ОшТВ» телерадиокомпаниясынын башкы директору
|
|
Калыкулов К. |
“Ош шамы” гезитинин башкы редактору |
|
Исмаилова Б.А. |