Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 261
Жергиликтγγ бюджеттен
кошумча акча каражаттарын
бѳлγп берγγ жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын, атуулдардын жана мекеме-уюмдардын жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγ жѳнγндѳгγ каттарын карап жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2015-жылдын 26-январындагы №1, 2015-жылдын 4-мартындагы №6 жана 2015-жылдын 19-мартындагы №7-токтомдорун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 4-мартындагы отурумунун №6 жана 2015-жылдын 19-мартындагы №7-токтомдорунун негизинде №1-тиркемеге ылайык жергиликтγγ бюджеттен кошумча акча каражаттарын бѳлγп берγγгѳ макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2.Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы кезексиз XXII сессиясынын №227-токтомунун №1-тиркемесиндеги Ош шаарынын жергиликтγγ бюджетинин киреше бѳлγгγнγн 2014-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен ашыкча аткарылуусунун эсебинен бѳлγнγγчγ каражаттарынын тизмесинин 8-пункту ѳзгѳртγлγп тѳмѳндѳгγдѳй редакцияда окулсун:
-500,0 миң сом акча каражатын «Ошшаарсууканал» муниципалдык ишканасынын Анар, Керме-Тоо, СМУТТ, Ак-Тилек кичи райондорун суу менен камсыздоочу №3-7 суу станцияларына электр кыймылдаткыч сатып алууга;
3.Ош шаардык Кеңешинин №251-токтому менен Ош шаарындагы ишканалардын ишмердγγлγгγн оптималдаштыруу максатында «Оштогу кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасынын 2015-жылдагы бюджетинин долбоорунда каралган 16631,0 миң сом акча каражатын «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасына субсидия катары бѳлγп берилген акча каражатынын 2 477 727 сом акча каражатын «Оштогу кѳрктѳндγрγγ жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасына кайтарып берγγгѳ макулдук берилсин.
4. Ош шаарындагы №14-«Алтыбаев» атындагы орто мектебинин бий залын 2 жылга 142584 сомдук муниципалдык ижара акысынан бошотууга макулдук берилсин.
5. Ош электр жарык тармактар «Шаарсвет» ишканасына шаардын кѳчѳлѳрγн жарыктандыруу γчγн «Электроэнергиясына акы тѳлѳѳ» беренесине бекитилген 6200,0 миң сом акча каражатын 2511 «Субсидиялар» беренесине которуп берγγгѳ макулдук берилсин.
6. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
7.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Эргешов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |
| Ош шаардык кеңешинин 2015-жылдын 25-мартындагы кезектеги XXVI сессиясынын № 261-токтомуна №1-тиркеме |
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 4-мартындагы отурумунун №6-токтомуна ылайык жергиликтγγ бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бѳлγнγγчγ кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-100,0 миң сом акча каражатын жаш журналист И.Муратовдун бооруна чет ѳлкѳдѳ операция жасатууга материалдык жардам иретинде;
-41,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы 83101 «А» аскер бѳлγгγнγн административдик имаратын ремонттон ѳткѳрγγгѳ;
-20,0 миң сом акча каражатын Баткен коогалаңынын ардагери А.Сулеймановдун операциясына жардам иретинде;
-60,0 миң сом акча каражатын «Ош шаарсууканал» ишканасынын кызматкери Д. Юлдашевдин аялынын оор илдет менен ооругандыгына байланыштуу ага жергиликтγγ бюджеттен материалдык жардам катары;
-40,0 миң сом акча каражатын Ташполот уулу Далымбектин Турция мамлекетинде 2015-жылдын 6-8-мартында мγмкγнчγлγгγ чектелген спортчулар арасында каратэ боюнча биринчи жолу ѳтγγчγ мелдешке барып келγγ сапар чыгымдары γчγн;
-25,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Режеп кызы Перизаттын Турция мамлекетинин Стамбул шаарында ѳтγγчγ карате-до боюнча эл аралык «Ачык кубок» мелдешине катышуу γчγн сапар чыгымдары γчγн;
-10,0 миң сом Ош шаарынын Черемушка кичи районунун тургуну С.Карабаеванын Бишкек шаарына соттук медициналык экспертизадан ѳтγγ γчγн барып келγγ жол киресине жергиликтγγ бюджеттен жардам иретинде;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарындагы активдγγ жана γлгγлγγ аялдарды 8-март Эл аралык аялдар майрамына карата балуу белектер менен сыйлоо γчγн;
-50,0 миң сом акча каражатын Оштогу атайын ооруканасынын сырткы дааратканасын куруу иштерине;
-50,0 миң сом акча каражатын Бабур атындагы Ош мамлекеттик Академиялык Ѳзбек музыкалык-драматикалык театрынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого кѳмѳктѳшγγ γчγн;
Жыйынтыгы: 446,0 миң сом
Бюджет, экономика жана каржы маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы отурумунун №7-токтомуна ылайык жергиликтγγ бюджеттин 2015-жылдын 1-январына калган акча каражатынын калдыгынын эсебинен бѳлγнγγчγ кошумча акча каражаттарынын тизмеси:
-35,0 миң сом акча каражатын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Пятилетка айылынын Абжалов кѳчѳсγнѳ жаңы коюлуучу трансформатордун тетиктерин алууга;
-130,0 миң сом акча каражатын «Кадам артынан кадам» аттуу жеке менчик бала бакчанын ортосунан ѳтγγчγ Ош-Ак-Буура-Араван арыгына лоток орнотууга;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну В.Умаровдун «Теңир сѳз кѳчмѳндѳр акылы» деген китебин чыгарууга;
-100,0 миң сом акча каражатын Тѳлѳйкѳн айылындагы Ражапов кѳчѳсγнγн 600,0 метр аралыгын шагыл тѳшѳѳ жумуштарына;
-30,0 миң сом акча каражатын Дача участкасынын жашоочусу Ш.Сыдыкованын апасынын дарылануусуна;
-15,0 миң сом акча каражатын №3-«Сулайман-Тоо» аймактык кеңешинде Нооруз майрамына арналган иш-чараларды ѳткѳрγγ γчγн;
-20,0 миң сом акча каражатын №12-«Курманжан-Датка»-2 аймактык кеңешинин Нооруз майрамына арналган иш-чараларды ѳткѳрγγ γчγн;
-5,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Черемушка кичи районунун тургуну С.Карабаеванын баласын дарылоо γчγн;
-120,0 миң сом акча каражатын Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Ак-Буура милиция бѳлγмγнγн имаратын оңдоо жана сырткы ажаткананын курулуш иштерине;
-30,0 миң сом акча каражатын «Алтын-Муун» балдар бакчасына эмерек сатып алууга;
-10,0 миң сом акча каражатын №5-Аймактык кеңешинде Нооруз майрамына арналган иш-чараларды ѳткѳрγγ γчγн;
-30,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну Г.Нарботаевге материалдык жардам иретинде;
-10,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Тѳлѳнов кѳчѳсγнγн №81-γйγнγн тургуну Д.Джусупахунованын дарылануусуна жардам иретинде;
-10.0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын тургуну А.Боронбаевага материалдык жардам иретинде;
-7,0 миң сом акча каражатын «Керме-Тоо» Аймактык кеңешинин Нооруз майрамына арналган иш-чараларды ѳткѳрγγ γчγн;
-50,0 миң сом акча каражатын Ош шаарынын Касымбеков кѳчѳсγнγн тургуну О.Кочконованын дарылануусуна жардам иретинде.
Жыйынтыгы: 612,0 миң сом акча каражаты.
Жалпы: 1058,0 миң сом акча каражаты
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси: |
С.Маматалиева |