Загрузка документа…
ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 25-марты № 265
«Ош жана Жалал-Абад
шаарларын калыбына
келтирγγ жана ѳнγктγрγγ»
боюнча Мамлекеттик
дирекциясы тарабынан
курулган кѳп кабаттуу
γйлѳр жѳнγндѳ
Ош шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 28-январындагы чыгыш № 23/08-6 «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ» боюнча Мамлекеттик дирекциясы тарабынан Ош шаарында курулган кѳп кабаттуу γйлѳрдγ, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине алуу жѳнγндѳгγ катын карап жана талкуулап чыгып, Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2015-жылдын 19-мартындагы №6-токтомун, ошондой эле сессиянын жγрγшγндѳ депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирγγ жана ѳнγктγрγγ» боюнча Мамлекеттик дирекциясы тарабынан Ош шаарында курулган кѳп кабаттуу γйлѳрдγ, тиркемеге ылайык Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына алууга макулдук берилсин.
2. Ош шаарынын мэриясына (А.Кадырбаев):
-Кыргыз Республикасынын «Мγлккѳ муниципалдык менчик жѳнγндѳ» мыйзамын жетекчиликке алып, белгиленген тартипте иш кагаздарын даярдоо;
- Жеке менчиктеги жер тилкелерди Ош шаарынын муктаждыгы γчγн алган учурларда, компенсация катары Ош шаарында курулган кѳп кабаттуу γйлѳрдγ берγγ жѳнγндѳгγ толуктоолорду, Ош шаардык Кеңешинин 2014-жылдын 19-ноябрындагы №230-токтом менен бекитилген “Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансында турган турак жайларды мындан ары ипотекалык кредиттѳѳ шартында бѳлγп берγγнγн тартиби жѳнγндѳ” Жобого киргизγγ боюнча сунуш даярдоо милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымат каражаттарына жарыялансын (Р.Эргешов).
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Ош шаардык Кеңешинин архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, мγлк, жер, экология, агрардык жана ѳзгѳчѳ кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (К.Пазилов) жγктѳлсγн.
Ош шаардык кеңешинин тѳрагасы: |
У. Примов |
Ош шаардык кеңешинин
2015-жылдын 25-мартындагы
№265-токтомуна
Тиркеме
№ | Жайгашкан дареги | Батирдин саны |
1 | “Манас-Ата” кичи району У.Салиева кѳчѳсγ 48 “А” | 60 батирлγγ |
2 | “Манас-Ата” кичи району У.Салиева кѳчѳсγ 48 “Б” | 60 батирлγγ |
3 | “Манас-Ата” кичи району У.Салиева кѳчѳсγ 48 “В” | 75 батирлγγ |
4 | “Манас-Ата” кичи району Т.Касымбеков кѳчѳсγ 3 “А” | 40 батирлγγ |
5 | “Достук” кичи району Т.Атабаев кѳчѳсγ 154 “Б” | 30 батирлγγ |
6 | “Манас-Ата” кичи району И.Раззаков кѳчѳсγ 18 “А” | 75 батирлγγ |
7 | Анар кичи шаарчасы 16 | 60 батирлγγ |
8 | Анар кичи шаарчасы 17 “А” | 40 батирлγγ |
9 | Анар кичи шаарчасы 21 | 2х32=64 батирлγγ |
10 | Анар кичи шаарчасы 18 | 45 батирлγγ |
11 | “Манас-Ата” кичи району Мотордук кѳчѳсγ (5 корпус) | 5х25=125 батирлγγ |
12 | “Керме-Тоо” кичи шаарчасы Кѳкγмбий кѳчѳсγ 102 | 48 батирлγγ |
13 | №7 “Алымбек Датка” аймактык кеңеши Кара-Суу кѳчѳсγ 36 |
70 батирлγγ |
14 | №8 “Ак-Буура” аймактык кеңеши А.Шакиров кѳчѳсγ 275/4 |
45 батирлγγ |
15 | “Манас-Ата” кичи району Авецина кѳчѳсγ 20 “А” (2 корпус) | 80+60=140 батирлγγ |
16 | №4 “Ак-Тилек” аймактык кеңеши Р.Абдыкадыров кѳчѳсγ 197 “Г” |
24 батирлγγ |
17 | Н.Байтемиров кѳчѳсγ 1 “А” (2 корпус) | 60+60=120 батирлγγ |
18 | “Манас-Ата” кичи району Авецина кѳчѳсγ 20 “Б” | 25+60=85 батирлγγ |
19 | “Манас-Ата” кичи району И.Раззаков кѳчѳсγ 46 “А” | 126 батирлγγ |
20 | “Достук” кичи району Макаренко кѳчѳсγ 2 корпус | 2х30=60 батирлγγ |
Жалпы: 24 кѳп кабаттуу γй, 1392 батир.
Ош шаардык кеңешинин жоопту катчысы: | С. Маматалиева
|