Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015- жылдын 24- февралы № 2
Балыкчы шаарындагы коомдук башталыштагы аксакалдар сотторунун регламентин бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаардык финансы бөлүмүнүн сунушуна ылайык Балыкчы шаардык аксакалдар соттору коомдук башталышта иштеп жаткандыктарын эске алуу менен шаардагы 9 аксакалдар сотторунун төрагаларына каржылануучу акча каражаттарын берүүнү мыйзамдаштыруу жана 2015- жылдын бюджетине сунушталынылып каржылоо максатында Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарындагы коомдук башталышта иштеп келген аксакалдар сотторунун иштөө регламенти № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№1 тиркеме 2 барак )
2. Балыкчы шаарынын аксакалдар соттору боюнча кабыл алынган иштөө Регламенти “Балыкчы” газетасына жарыялансын.
3. Бул токтом Ысык-Көл областык Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендигин жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Балыкчы шаардык Кеңешинин башкы адиси Г. Орузбаевага жана Балыкчы шаардык мэриясына милдеттендирилсин
Кеңештин тѳрагасы: | А. Смадияров |
Балыкчы шаардык Кеңешинин
24.02.2015 ж. XXVII
сессиясынын №2
токтомуна № 1 тиркеме
1. Жалпы жоболор
2.Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
3.Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароого даярдануусу жана кароосу
4 Аксакалдар сотунун ишмердигинин материалдык-техникалык жактан камсыздалуусу
1.Жалпы жоболор
1.1 Балыкчы шаардык аксакалдар сотторунун иштөө регламенти 2002-жылдын 5-июлундагы №113 Кыргыз Республикасынын “Аксакалдар соту” мыйзамынын (мындан ары мыйзам) негизинде иштелип чыккан укуктук ченемдик акт болуп саналат жана Балыкчы шаардык аксакалдар сотторунун ишин жөнгө салат.
Балыкчы шаардык аксакалдар сотторунун иштөө регламенти Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан иштелип чыгып, Балыкчы шаардык Кенеши тарабынан Балыкчы шаардык сотунун төрагасы, шаардын прокурору, ШИИБнын башчысы менен болгон макулдашуудан кийин гана бекитилет.
1.2. Балыкчы шаардык аксакалдар соттору-бул ыктыярдуу башталыштарда, коомдук органдардын өз алдынча башкаруу жана тандалуучулук негизинде түзүлгөн Мыйзамдын негизинде иштерди кароочу орган.
1.3. Аксакалдар соттору жашоочулардын же жергиликтүү аймактык өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары АӨБ органдары) демилгеси менен сый-урматка жана кадыр баркка ээ болгон жарандардан түзүлөт жана Балыкчы шаардык Кенешинин депутаттары тарабынан бекитилет.
1.4 Аксакалдар соттору тартипке ылайык, бир КААБ (коомдук алдын алуу борбору) -бир аксакалдар соту принцибинин негизинде түзүлөт.
1.5. Аксакалдар сотторунун мүчөлөрү жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн чогулуштарында добуш берүү жолу менен үч жылга шайланышат. Чогулуштун катышуучуларынын добушунун көпчүлүгүн алган талапкерлер аксакалдар сотунун курамынын шайлануучулары болуп эсептелинишет. Аксакалдар сотторунун төрагасы жана катчысы аксакалдар сотторунун отурумунда мүчөлөрүнүн катарынан тандалып алынат же чогулуштарда ачык добуш берүү жолу менен шайланышат.
1.6. Аксакалдар соттору Балыкчы шаардык кенеши тарабынан бекитилген Балыкчы шаарынын аксакалдар сотторун каттоо Жобосунун негизинде Балыкчы шаардык Кенешинде каттодон өтүшөт жана алардын өзүлөрүнө тиешелүү штампы, мөөрү болот.
1.7. Балыкчы шаардык Кенеши Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан бекитилген үлгүдөгү күбөлүктөрдү Аксакалдар сотторунун төрагасына жана мүчөлөрунө тапшырат.
1.8. Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин чыгарышат ал эми, Балыкчы ШИИБи аксакалдар сотторунун сапаттуу иш кагаздарын жүргүзүүдө жардам көрсөтүшөт. Аксакалдар сотторунун жүргүзгөн иш кагаздары материалдар каралып бүткөндөн кийин ШИИБге сактоого өткөрүлүп берилет.
1.9. Аксакалдар соттору бир жылда бир жолудан кем эмес жалпы чогулуштарда, керек болгон учурда шаардык Кенештин сессиясында отчет беришет.
2.Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси
2.1. Балыкчы шаардык соту эгерде аймагында аксакалдар соттору иш жүргүзүп жаткан болсо Мыйзамдын 34-статъясына ылайык аларга мыйзамдардын колдонулушу тууралуу методикалык кенеш берет. Балыкчы шаардык сотунун төрагасы өзүнүн буйругу менен бир сотту аксакалдар сотторуна методикалык жардам көрсөтүүгө жана семинардык окууларды өткөрүүгө дайындайт.
Аксакалдар сотторуна көрсөтүлүүчү методикалык жардам төмөндөгүлөрдү түшүндүрүүдө турат:
-аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) даярдоо жана кароо иштеринде (б.а келген арыздарды кароодо, жабырлануучуларды жана күбөлөрдү суроодо);
-аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароодогу тартибинде, кароонун убактысында;
-соттук отурумдун протоколун алып барууда (процессуалдык форма) жана чечим кабыл алууда, ошондой эле аксакалдар сотторунун чечимине даттануу болгондо;
2.2. Балыкчы ШИИБинин башчысы, коомдук алдын алуу борборлору эгерде аймагында аксакалдар соттору иш жүргүзүп жаткан болсо, каралып жаткан ишке (материалга) тиешеси бар адамдарга эскертилүүсүн жана алардын катышуусун камсыздайт, ошондой эле соттук отурум жүрүп жаткан учурдагы тартипти көзөмөлгө алат.
2.3. Аксакалдар сотторунун төрагалары Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан өткөрүлүп жаткан кенешмелерге сөзсүз түрдө чакырылышат жана катышышат.
3. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароого даярдануусу жана кароосу
3.1. Мыйзамдын 4, 15, 17, 18 беренелерине ылайык Аксакалдар сотунун ишти кароодогу таянуучу негиздери болуп төмөндөгүлөр саналат:
а) Балыкчы шаардык Кенешинин жана депутаттык топтордун материалдары;
б) Балыкчы шаардык мэриясынын материалдары;
в) АӨБ органдарынын материалдары;
г) Административдик өндүрүп алуу укугу берилген мамлекеттик органдардын же алардын кызматтык адамдарынын материалдары;
д) Балыкчы шаардык соту тарабынан жиберилген жарандык-процессуалдык мыйзамдарда каралган жарандык иштер боюнча материалдар;
е) Жазык-процесстик мыйзамдарына ылайык коомго таасир берүү чараларын көрүү үчүн прокурор, тергөө органдары тарабынан жөнөтүлгөн токтотулган кылмыш иштеринин материалдары;
ж) жарандардын арыздары;
з) Башка аксакалдар сотторунун жазуу түрүндөгү өтүнүчтөрү;
3.2. Аксакалдар сотторунун ишти кароо тартиби Мыйзамдын негизинде жүргүзүлөт;
3.3. Балыкчы шаардык сотунун судьясы аксакалдар сотунун төрагасы соттук отурумда каралуучу иш (материал) боюнча кайрылганда тоскоолдуксуз кабыл алат жана жардам көрсөтөт.
3.4. Балыкчы шаарынын аймагында жайгашкан мамлекеттик жана менчик ишканалардын, өндүрүштөрдүн, бирикмелердин жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызмат адамдары аксакалдар сотунун төрагасы (же катчысы) кайрылган учурда кабыл алышат жана 3 күндүн ичинде оозеки же жазуу түрүндө жооп берип, өзүнүн кызматкерлеринин аксакалдар сотунун отурумуна катышуусун камсыз кылышат.
3.5. Балыкчы шаардык мэриясы аксакалдар сотторунун отуруму өтө турган жай бөлүп беришет, ал эми коомдук алдын алуу борборлору отурумга катышуусу абзел болгон адамдардын келүүсүн камсыздашат.
3.6. Аксакалдар сотторунун отурумдарындагы тартипти кароону, ошондой эле укук бузган, жоопкер, күбөлөрдү керек болгон учурда арыздануучуларды мажбурлап алып келүүнү тилкелик милициянын нускоочулары камсыздашат.
3.7. Мыйзамдын 32 беренесинин негизинде аксакалдар сотторунун чечимдерин мажбурлап аткарылышына жардам сураган учурда соттор керектүү жардамын көрсөтүшөт.
4. Аксакалдар сотунун иштеринин материалдык-техникалык жактан камсыздалуусу
4.1. Аксакалдар сотунун иштеринин материалдык-техникалык жактан камсыздалуусу жана алардын мүчөлөрүнүн сыйлануусу жергиликтүү бюджеттин эсебинен жана ар кандай жарандардан, юридикалык жактардан түшкөн каражаттардын эсебинен камсыздалат.
4.2. Аксакалдар соттору, коомдук алдын алуу борборлору, АӨБ органдары чогуу жайгаша турган жай Балыкчы шаардык Кенешинин комиссиясынын сунушуна ылайык Балыкчы шаарынын мэринин чыгарган токтомунун негизинде бөлүнүп берилет.
4.3. Аксакалдар сотторун камсыздоого кеткен чыгымдардын сметасы Балыкчы шаардык мэриясы тарабынан түзүлөт жана шаардык Кенеш тарабынан бекитилет.
4.4. Аксакалдар сотторун камсыздоого кеткен акча каражаттары Балыкчы шаардык финансылык башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнөт.
Балыкчы шаарынын 1-Вице Мэри М. Джаналиев