Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015- жылдын 24- февралы № 6\2
ЗАО “ Кумтөр Гольд Компаниясы” тарабынан 2014-жылы курулуп бүткөн кичи-футбол аянтчасын пайдаланууга карата кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө
Балыкчы шаардык дене тарбия жана спорт боюнча бөлүмүнүн башчысы Т. Сулайманкуловдун 22. 01. 2015-жылы № 01-22/6 жазган кайрылуу катынын негизинде аталган спорттук аянтча Балыкчы шаардык спорт бөлүмүнө оперативдүү башкаруу укугуна өткөрүп берилгендигине байланыштуу спорттук аянтчаны эффективдүү пайдалануу максатында карап , талкуулап, Балыкчы шаардык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Балыкчы шаарынын батыш тарабынан кире бериш жериндеги үч бурчтук аянтчага ЗАО “ Кумтөр Гольд Компаниясы “ тарабынан долбоордун негизинде курулган кичи-футболдук аянтчаны эффективдүү пайдалануу менен ар дайым көзөмөлгө алып кароо максатында жарандардын, командалардын кирип ойноо акыларынын тарифи № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтом шаардык“Балыкчы” газетасына жарыялансын.
3. Кичи футбол аянтчасынын тарифин бекитүү жагы Ысык-Көл облустук Адилет башкармалыгынан каттоодон өтүү жагы суралсын.
4. Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндөгү чечимде, андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын ошондой эле каттоо үчүн тапшырылган иш кагаздардагы маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашкандыгын ырастайт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Балыкчы шаардык дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башчысы Т. Сулайманкуловго милдеттендирилсин.
Кеңештин тѳрагасы: | А. Смадияров |
Балыкчы шаардык Кеңешинин
24.02.2015 ж. XXVII сессиясынын
№ 6/2 токтомуна № 1 тиркеме
№ | Тейлөө кызматын керектөөчүлөрдүн категориясы | Бекитилүүчү тарифтер
|
1.
| Шаардагы жарандардын жана командалардын кирип ойноо акысы чоңдор үчүн саатына
|
300 сом |
2. | Мектеп окуучулары ( балдар ) үчүн саатына- |
200 сом
|