Загрузка документа…
КАРАКОЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылы 26-марты № 26-31/4
Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды,
менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиянын
курамын бекитүү жөнүндө
Каракол шаарынын мэриясынын ММБДсинин башчысы М.Ш.Рыскелдиевдин 23.03.2015-жылдагы кир.№01-19/101 катын карап жана талкуулап, жер рыногун мындан ары өркүндөтүүнү, жерлерди рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну, жер мамилелерин жөнгө салуунун иштиктүү механизмдерин калыптандырууну жана жер ресурстарын башкарууну, шаардын бюджетине кошумча акча каражаттарын түшүрүүнү камсыз кылуу максатында жана “Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясынын” Жобосуна ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин XXVI чакырылышынын XXХI сессиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссия түзүлсүн жана анын курамы бекитилсин (№1 тиркеме).
2. Комиссияны теңтөрагалар башкарышат:
- Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартов;
- Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.М.Өмүров.
3. Комиссиянын жооптуу катчысынын милдетин ММБДнин жетектөөчү адиси аткарат;
4. Комиссия өзүнүн ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугунун, «Каракол шаарында жер тилкелерине чектелген буюмдук укуктарды, менчик жана пайдалануу укуктарын берүү боюнча комиссиясы жөнүндөгү» Жобонун жана башка ченемдик - укуктук актылардын негизинде жүргүзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдагы 20-июлундагы «Ченемдик-укуктук актылары жөнүндөгү» Мыйзамына ылайык, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин аппараты бул токтомду мамлекеттик каттоодон өткөрсүн.
6. Бул токтом Мамлекеттик ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү үчүн областык юстиция башкармалыгына жиберилсин.
7. Токтом ММКларда жарыялансын.
8. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, Каракол шаардык депутаттар Кеңешинин жерди пайдалануу, архитектура, курулуш, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиясына (Т.М.Өмүров) жана Каракол шаарынын биринчи вице-мэри К.З.Карасартовго жүктөлсүн.
Тѳраганын орун басары: | А. Абдыкадыров |
| Приложение №1 «Утверждено» Постановлением Каракольского городского Кенеша депутатов от 26.03. 2015г. №26-31/4 |
Карасартов К.З. – сопредседатель комиссии, первый вице-мэр г.Каракол.
Омуров Т.М. – сопредседатель комиссии, председатель постоянной комиссии по землепользованию, архитектуре, строительству и муниципальной собственности.
Исмаилакунова Д.А. – ведущий специалист Департамента по управлению, муниципальным имуществом мэрии г.Каракол, секретарь комиссии.
члены комиссии:
Абдыкадыров А.И. – депутат Каракольского городского Кенеша.
Баратова Н.А. – депутат Каракольского городского Кенеша.
Иманбаев А.А.- депутат Каракольского городского Кенеша.
Темиралиев Р.А. - депутат Каракольского городского Кенеша.
Рыскелдиев М.Ш. – начальник Департамента по управлению, муниципальным имуществом мэрии г.Каракол.
Айдаралиев Э.Т. – главный архитектор г.Каракол.
Осконбаев М.Р. – начальник госрегистра.
Жапаров Э.З. – представитель городского финансово-экономического отдела.
Дюсмамбетов А.К. – председатель Ассоциации медицинских работников Ысык-Кульской области.
Сатыбалдиев Д.К. – заместитель главного врача ГЦСЭН г.Каракол.
Мамытов Т.Б. – старший инспектор государственной экологическо-технической инспекции.
Жайнаков Б. – специалист охраны окружающей среды по Ысык-Кульским и Нарынским областям.
Ответственный секретарь Э. Майрыков