АК-МОЮН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 14-июну № 5
1.Ак-Моюн айыл аймагынын өнүгүү планын бекитүү.
2.Чегирткеге каршы чара көрүү.
3.Малчыларды алыскы жайытка көчүрүү.
4.Бухгалтерияны текшерүүнүн жыйынтыгы.
5.Жергиликтүү бюджетке түшкөн акча каражаттарды бөлүштүрүү жана бекитүү.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңеши жогорудагы маселелерди угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Моюн айыл аймагынын 2013-2015-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы бекитилсин (тиркелет).
2.Ак-Моюн айыл аймагынын айдоо аянттарында чегиртке чыга баштаганына байланыштуу чегирткеге каршы чара көрүү жумуштары тездетилсин.
3.Ак-Моюн айыл аймагындагы малчыларды алыскы жайытка көчүрүү иштери канааттандырарлык деп белгиленсин.
4.Ак-Моюн айыл аймагындагы малчылар ар-кандай жүйөөлүү шарт менен көчө элек малчылар 20-июнга чейин толук көчүрүлүп бүткөрүлсүн. Жетекчиликке алуу жагы Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы О.Керимкуловго жана жайыт комитетинин төрагасы Ж.Осмонбековго милдеттендирилсин.
5.Ак-Моюн айыл аймагынын 2012-жылдагы финансылык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгы менен финансы бөлүмүнүн башчысы Көбөнова Гүлмиранын ишинде көп сандаган одоно тартип бузуулар бар экендиги баса белгиленсин.
6.Ак-Моюн айыл аймагынын финансы бөлүмүнүн башчысы Көбөнова Гүлмиранын 2012-жылдагы жүргүзгөн иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
7.Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы О.Керимкуловго, финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Көбөнова Гүлмиранын кызмат абалын чечүү жагы тапшырылсын.
8.Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага төмөндөгүдөй финансалык тартип эрежелерин оңдоо милдеттендирилсин.
-Баасы 1000(миң) сомдон ашкан товарлар тендер аркылуу сатылып алынсын.
-Айыл өкмөтүңдө сатып алуулар боюнча тендердик комиссия уюштурулсун.
-Сатып алуулар үч нускада контракт түзүлүп, ошонун негизинде гана сатылып алынсын.
-Алдын ала которууларга бөгөөт коюлсун.
-Бухгалтериялык кагаздар тез арада ирээтке келтирилсин.
-Акча каражаттары айыл өкмөтүнүн башчысынын чыгарган буйругунун негизинде гана которулсун.
-Айлык акылар боюнча арыз даттанууларга өз убагында жооптор берилсин.
-Мектептердеги, бала-бакчалардагы ишмердүүлүк кийинки сессияда угулсун.
-Ак-Моюн айыл аймагынын 2012-жылдагы финансалык ишмердүүлүгүнө өз убагында жетекчилик көзөмөл жүргүзбөгөндүгүнө байланыштуу Ак-Моюн айыл аймагынын башчысы О.Керимкуловдун отчету кийинки айылдык Кеңештин сессиясында угулсун.
9.Ак-Моюн айыл аймагынын айыл өкмөтүнө чет элдик мергенчилик турдан түшкөн 367500(үч жүз алтымыш жети мин беш жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте бөлүштүрүлсүн:
-Жолбун ит-мышыктарды атууга: 5 000 сом,
-Карышкыр атууга: 10 000 сом,
-Өзгөчө кырдаалдар болгондо алдын алуу иштерине: 15 000 сом,
-Командировкалык чыгымдарга: 15 000 сом,
-ИСКАКБ «Шекер-Мүрөгү» таза суу үчүн: 30 000 сом,
-ИСКАКБ «Бирлик-Булак» таза суу үчүн: 20 000 сом,
-Инфосистемага: 11 400 сом,
-Ак-Моюн айылына ар-кандай жумуштары үчүн: 37 000 сом,
-Бирлик айылына ар-кандай жумуштары үчүн: 24 100 сом,
-Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын бөлүп берүү жагы Ат-Башы райондук казына бөлүмүнөн суралсын.
-Аткаруу жагы Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Г.Көбөновага тапшырылсын.
10.Бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымы Г.Аттокуровага жана айылдык Кеңештин орун басары Ж.Тогозовго тапшырылсын.
Ак-Моюн айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 2013-жылдын 14-июнундагы №5 токтомуна №1 тиркеме
Өнүгүү планды түзүү процесси:
- Жумушчу топ түзүү (АӨ, депутаттар, жарандык коом);
- Жумушчу топ 2013-жылдын өнүгүү планын баалып чыкты;
- Өнүгүү планын түзүү боюнча маалымат чогултуу (муниципалитет жөнүндө жалпы маалымат, жергиликтүү бюджеттин анализи, муниципалдык менчик, тышкы чөйрөнүн анализи, жарандарды сурамжылоонун жыйынтыгы);
- Ар бир калктуу конушта «ранжирлүү» методу менен муктаждыктарды аныктоо өткөрүлдү;
- Жогорудагы чогултулган маалыматтардын негизинде атайын тезистер даярдалган жана SWOT анализден өткөрлүгөн. Андан кийин критикалык суроолор иштелип чыккан. Критикалык суроолордун негизинде стратегиялык максаттар жана аларды ишке ашыруучу милдеттер аныкталган.
Ак-Моюн айыл аймагынын Элеси
Биз, Ак-Моюн айыл аймагынын тургундары, келечекте
Ак-Моюн айыл аймагы инфраструктурасы, социалдык тармактары, кайра иштетүүчү ишканалары, өндүрүшү, сервистер, маданияты жогорку денгээлде өнүккөн аймак болушун элестетебиз.
Ак-Моюн айыл аймагынын Миссиясы
- Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечип турат;
- Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү менен элди жумуш орундары менен камсыз кылууга аракеттенет;
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жана муниципалдык кызматкерлердин компетенттүүлүгүн жогорулатат;
- ЖӨАБ органдары жарандык коом жана жергиликтүү жамаат менен ачык-айкын кызматташууну колго алат.
- Ак-Моюн айыл аймагындагы жарандардын ден-соолук коопсуздугун алдын алуу, айыл ичиндеги тартип бузууларга жол бербоо.
Элес, миссия жана стратегиялык максаттардын байланыш матрицасы
Айыл чарбасы
Социалдык тармак
Инфраструктура
Башкаруу
Тазалык жана көрктөндүрүү
АЙЫЛ ЧАРБАСЫ
Стратегиялык максаттар
Айыл чарба жерлериндеги сугат маселелерин чечүү.
Милдеттер
- Айрым суу жетпеген жерлерге сууну жеткирүү үчүн эски суу сактагычты капиталдк ремонттон откоруу.
- Сугат суулары жетишпей калбашы учун суу келуучу каналдарды жана арыктарды кенейтип казуу.
- Суу сактоочу резервуарларды куруу.
Стратегиялык максаттар
- Малдарды убагында эмдөө, дарылоо иштерин жүргүзүүнү жолго салуу менен оору малдардын санын азайтуу жана мал ээлеринин сабаттуулугун, малдардын ооруларына көңүл буруусун жогорулатуу.
- Таза-сууну заманбап шартка ылайыкташтырып кенейтуу
- Элди малдарын мезгил-мезгили менен жугуштуу ооруларга каршы эмдетүүгө, оору малдарды дарылатуу же союп жок кылууга үндөө.
- Малдар алыскы, ортоңку жайыттан келгенден кайра кеткенге чейинки убакта фермер жана үй чарбаларын кыдырып, малдарды текшерүү, эмдөө, дарылоо иштерин тынымсыз жүргүзүүнү уюштуруу.
- Малды купкалоочу жай жазоо.
- Малды жасалма жол менен уруктандыруу пунктун уюштуруу.
- Элге мал арасында көп таралган жугуштуу оорулар жана алардын белгилери тууралуу маалыматтык буклеттерди, брошюраларды даярдап таркатуу.
- «Шекер-Мурогу», «Бирлик-Булак» таза суу коомдоруна озгочо конул буруп, таза суу чоргоолору жетпеген жерлерге жеткируу.
Стратегиялык максаттар
Жергиликтүү тоюттун көлөмүн көбөйтүү.
- Көп жылдык чөптүн жана арпанын түшүмдүүлүгүн жогорулатуу.
- Жакыр уй-булолорго тоют жыйноону уюштуруу жана жардам берүү.
- Айыл чарба продукцияларын өндүрүүчү жана кайра иштетүүчү чакан ишканаларды куруу.
- Инвесторлорду тартуу.
- Жергиликтүү ири ишкерлерди тартуу.
- Долбоорлорду түзүп, донор уюмдарга сунуштоо.
Айыл чарба техникаларын көбөйтүү.
Милдеттер
- Айыл аймактагы дыйкан чарбаларды бириктирип 1 кооператив түзүү жана аларга жаңы айыл чарба техникаларын алууга жардам берүү.
- Айыл аймактагы трактор, комбайндарды иштетип, катардагы ремонтту жүргүзө билген тургундарына жаңы айыл чарба техникаларын демөөрчүлөрдүн жардамы менен карызга сатып берүү.
Жер семирткичтерди, сапатуу урондорду кенири колдонууга отуу.
- Жер семирткичтердин жакшы түрлөрүн аныктап, аларды алып келип дыйкандарга колдонууга сунуштоо.
- Тажрыйба катары 1-2 дыйкандын жерине жер семирткичтерди бекер сээп берип, түшүмдүүлүктүн өзгөрүшүн байкоо.
- Айдоо жерлеринин топурагынын составын лабораториялык жол менен аныктоо жана ошого жараша колдонуу үчүн жер семирткичтердин түрүн аныктоо.
- Дыйкандарды сапаттуу үрөндөр менен камсыз кылууга аракет кылуу.
Социалдык тармак
Стратегиялык максаттар
Ак-Моюн айылына элдер эс ала турган парктарды, скверлерди куруу.
Милдеттер
- Ак-Моюн айыл аймагында борбордук кочолорду решеткалар менен тосуу, Эл баскан жолдорду салуу, отургучтарды орнотуу.
- А.Койчуманов атындагы орто мектепке тиешелүү бош жаткан, бак-дарактар өскөн жерди тосуп, скамейкаларды орнотуу, баса турган жолдорду салуу.
- Ак-Моюн айылындагы клубду капиталдык ремонттон откоруу ушул эле имараттын тундук тарабынын ичине китепкана, чач тарач, бут кийим ондоочу жай, сурот салону ж.б. жайгаштыруу.
- Бирлик айылына жаны клуб, китепкана, почта, айыл башчынын контору, чач тарач, бут кийим ондоочу жай, сурот салонун куруу.
Ак-Моюн айыл аймагына жаңы бала бакча куруу.
- Донор уюмдарга долбоор жазып Бирлик айылына бала бакча куруу.
- Ак-Моюн бала бакчасынын кун чыгыш тарабын толук капиталдык ремонттон откоруп беруу.
- Ак-Моюн айылына фельдшердик-акушердик талапка ылайык заманбап амбулаториялык кундуз дарлоочу эмкана куруу .
- Бирлик айылына фельдшердик-акушердик талапка ылайык заманбап амбулаториялык кундуз дарлоочу эмкана куруу .
- Донор уюмдарга долбоор жазып Ак-Моюн айылына кундуз дарылануучу алты орундук эмкана куруу.
- Бирлик айылына торт орундук эмкана куруу.
Ак-Моюн айыл аймагына спорт комплексин куруу.
- Ак-Моюн, Бирлик айылдарына 2 спорт зал куруу
- Волейбол, баскетбол, футбол спорт аянттарын куруу.
Жаңы жумуш орундарын түзүү.
- Элге кызмат көрсөтүүчү жана майда үй тиричилигине керектүү буюмдарды жасоочу цехтерди, устаканаларды, чакан жана орто ишканаларды ачуу.
- Кесиптик билим берүүнүн сапатын жогорулатуу.
Ак-Моюн айыл өкмөтү тарабынан айылдык деңгээлдеги спорттук оюндарды жыл сайын өткөрүп туруу.
Райондо кеңири таралган спорттун түрлөрү болгон волейбол, футбол жана тогуз коргоол, шахмат боюнча айылдык деңгээлде Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн кубокторун жыл сайын өткөрүп туруу.
Ак-Моюн айыл аймагындагы орто мектептердин жылытуу системаларын ремонттоо.
- Донор уюмдарга долбоор жазып, отканаларды жаңы түрлөрүнө алмаштыруу.
- Жылуулук берүү трассаларын капиталдык ремонттон өткөрүп, жылуулоо.
Ак-Моюн айыл аймагынын коомдук уюмдарын иш бөлмөлөр менен камсыз кылуу.
- Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн конторасына кошумча инвентарларды алып келип жабдуулоо.
- Коомдук уюмдарга жаны имарат куруу.
Инфраструктура
Ак-Моюн, Бирлик айылдарынын элдерин таза суу менен толук камсыз кылуу.
- Таза суу долбоорун донор уюмдар аркылуу ишке ашыруу үчүн өздүк салымга каражат чогултуу максатында Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн алдында «Таза суу» фондун түзүү жана бул фондго айыл өкмөттүн пландан тышкары түшкөн каражаттарын жыл сайын которуп туруу жана жардам берүүнү каалаган адамдардын берген акча каражаттарын топтоо.
- Айылдагы иштебей турган колонкаларды ремонттоп, иштетүү.
Сугат каналдарын, арыктарды кеңейтүү.
Сугат каналдарын ондоо.
- Ак-Моюн айылындагы «Момолой-Арык» каналын, «Кочкор-Арык» каналын элдик салым жана демоорчулор менен биргеликте ремонттоо.
- Бирлик айылынын туштук тарабындагы булактын суусуна копуро куруу жана суу болуштургучторду ондоо.
- Бирлик айылындагы булактын сууларына балык чарбаларын уюштуруу.
- Айылдын батыш тарабына сугат суусун берүүнүн жолдорун ирээтке келтируу.
Ак-Моюн айыл аймагынын ички жолдоруна шагыл төгүп түздөө.
Көпүрөлөрдү оңдоо.
- Борбордук көчөлөрдүн жолдорун асфальттоо.
- Оңдоло элек жолдорго шагыл төгүп, түздөө.
- Көпүрөлөрдү оңдоо, кеңейтүү.
- Демөөрчүлөрдүн жардамы менен борбордук көчөлөрдүн жолдорун асфальттатуу.
- 2017-жылдары Ат-Башы Ак-Моюн 25 км арлыктагы жолдорду асфальттатуу.
Электр энергиясын берүү тармагынын түйүндөрүн жаңылоо, кубаттуулуктарын жогорулатуу.
- Айылды электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жана жетиштүү деңгээлде камсыз кылуу үчүн өтө эски жана кубаттуулугу жетишпеген трансформаторлорду жаңысына жана кубаттуурагына алмаштыруу.
- Айыл ичиндеги жаны кочолорго трансформаторлор жана зым чубалгысын тарттыруу, эски зым мамычаларын жаныртуу.
Тазалык жана көрктөндүрүү
Ак-Моюн айыл аймагын таштандылардан тазалоону жакшыртуу.
- Аймактын элине тушундуруу таштандылард тогуу боюнча тушундуруу иштерин алып баруу, семинарларды откоруу, квартал боюнча кызыктыруучу иш чараларды откоруу.
- Атайын таштанды тогуучу жайларды уюштуруу.
- Ишембиликтерди откоруу.
- Таштандылар көп төгүлгөн жерлерди тосуп, таштанды төктүрбөй карап пайдалануу үчүн убактылуу пайдаланууга мекемелерге жана айыл тургундарына берүү.
- Таштанды төгүүгө болбой турган жерлерге эскертүүчү такталарды орнотуу жана таштанды төгүүчүлөргө айып салуу ишин жандандыруу.
Ак-Моюн айыл аймагын жашылдандыруу.
- Жашылдандыруучу мекеме ишканалар менен жана токойчулар менен келишим тузуу.
- Жеке менчик участокторго бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп өстүрүүгө элди үндөө жана козомолдоо.
- Мектептердин жана бала бакчалардын территорияларына бак дарактардын көчөттөрүн отургузуп өстүрүү.
- Жолдордун жээгиндеги картаң, кулап калуу коркунучундагы жана электр линияларына тоскоолдук кылган теректерди кыюу.
- Парктарга жылына ар бир паркка 50дон кем эмес кочотторду отургузуу жана аны сугарып остурууго шарттарды тузуп беруу.
- Айылга суу келуучу «Кочкор-Арык», «Чон-Арык» каналдарын кенейтип тазалоо жана айыл ичин сугат суулары менен камсыз кылуу.
Башкаруу
ЖӨАБ органдарынын башкаруусун жакшыртуу.
- Айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин билим денгээлин көтөрүү максатында атайын курстардан өткөрүү.
- Айыл окмотунун адистеринин билимин жогорулатуу учун окууларга жана семинарларга жиберуу.
- Эмчи айым жана орган кызматкерлери менен тыгыз байланышта алдын алуу иштерин кучотуу, жакшы иштоого шарт тузуп беруу.
- Эл менен маалымат алмашууну жакшыртуу жана тушундуруу иштерин жургузуп эмгекке тартуу.
Жергиликтүү бюджеттин кирешелерин көбөйтүүгө баардык аракеттерди көрүү.
- Салыктардын түрлөрүнүн ичинен мыйзамдарга ылайык айыл өкмөттүн кирешесине түшүүчү салыктардын түрлөрүн тактап чыгуу.
- Ак-Моюн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги жерлерди ижарага берүүнү, менчикке сатууну жүргүзүү жана алардан акыларды өндүрүү.
- Ак-Моюн айыл аймагындагы турак жайларды, сарайларды жана башка имараттарды, курулуштарды тиешелүү жер аянттары, менчик ээлери менен кошо тактап чыгып, электрондук маалымат базасын түзүп чыгуу жана алар боюнча салыктарды жана жыйымдарды өндүрүү.
- Кайра болуштуруу фондунун жерлерин тактап, аукциондун негизинде аренда акчасын кобойтуу.
- Мергенчилик жургузуп жаткан аянттарды тактап жоопкерчилиги чектелген коомдук мергенчилер менен мыйзамдын негизинде бирдиктуу иш алып баруу.
- Кен казуу иштери боюнча иш алып барып жаткан жарандар менен мыйзамдын негизинде иш алып баруу.
- Жайыттарды рационалдуу пайдалануу жана базаларын чындап, мал багуучуларга шарт тузуп беруу, жайыт акыларды оз убагында чогултуу.
Айыл өкмөттө айыл аймактын ар бир тармагы боюнча маалыматтары жетиштүү деңгээлде топтоп, электрондук маалымат базаларын түзүү.
- Айыл өкмөттүн чарба китептерине тиешелүү графалар боюнча толук маалыматтарды топтоо.
- Айыл өкмөттүн чарба китептериндеги маалыматтарды «Айыл» электрондук маалымат базасына киргизүү.
- Айыл аймактын ар бир тармак боюнча маалыматтарын топтоо жана алар боюнча электрондук маалымат базаларын түзүп чыгуу.
Айыл аймакка инвестиция тартууну жакшыртуу.
- Айыл өкмөттүн алдында инвестиция тартууга кызыкдар, активдүү жаштардан турган инвестиция тартуу боюнча коомдук башталышта иш алып барган коомдук комитет түзүү жана жарандарды окуу семинарларга жиберуу.
Анализ:
Негизги ощ (позитивдүү) фактылар жана тенденциялар:
- Муниципалитет донорлор менен иштөөнү колго алып , бир нече долборлорду ишке ашырып элдин муктаждыктарын чечүүгө алгылыктуу аракеттер жазалууда. Донорлор менен иштөө жагын улантып социалдык тармакты гана эмес айыл чарба багытын, жеке ишкерчиликти жана башка тармактар менен иштүүгү далат кылуудабыз.
Негизги терс (негативдүү) фактылар жана тенденциялар:
- Улуттук жана региналдык программалар азыркы тапта жокко эсе, жээ болбосо кагаз түрүндө калып жатканы терс жагынан таасирин тийгизбей койбойт.
- Регионалдык «Жаны Багыт» программасынын иши токтоп калгандыгына байланыштуу жащы кооперативдери ачууга мүмкүнчүлүк азайды, бул программа кайра ишке киргизилсе, жащы жумуш орундары түзүлмөк.
- Муниципалитеттин бюджети тартыш болгондугуна байланыштуу, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө донорлордон абдан көз каранды.
Өнүгүүгө мүмкүнчүлүктөр:
- Донорлор менен иштөө мүмкүнчүлүктү колдонуп, социалдык жана башка тармактарды колдоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
- Мигранттар тарабынан туугандарына салып жаткан каражаттардын эсебинен айыл тургундарынын жашоо шарты жакшырууда. Бул багытта муниципалитет айыл чарба жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча ыщгайлуу шарттарды түзүү менен жарандарга жащы жумуш ордуларын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачат.
- Азыркы мезгилдин талабына ылайык жергиликтүү калк өз жашоо-турмушун көтөрүүгө аракет кылуусу жалпы айыл аймактын жашоо дэнгээлин көтөрүүдө өз салымын кошот.
Негизги терс тышкы чөйрөдөн келген тенденциялар:
- Мамлекеттин жалпы саясат чөйрөсүндөгү ар кандай терс көрүнүштөр: саясий партиялардын бийлик талашуусу, өкмөттүн башчысынын тез-тез алмаштырылуусу.
- Жалпы мамлекеттин экономикалык абалынын начарлашы
- Эн негизги болгон күйүүчү-майлоочу майларга баанын туруксуздугу, өз таасирин тийгизбей койбойт.