Редакцияот 22.11.2013
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АКМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2013-жылдын 22-ноябры №54

Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө

Акман айылдык кенешинин 2013-жылдын 5-мартындагы "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетин жана 2014-2015-жылдарга болжолдуу бюджетин бекитүү жөнүндөгү" №15 токтому менен бекитилген жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө Акман айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын маалыматын жана бюджет, каржы, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Акман айылдык кецешинин VI чакырылыштагы кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгү кошумча 383900 (үч жүз сексен үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты менен бекитилсин.

2. Кошумча каражаттардын сметалык сарпталышын №1 тиркеме ылайык жүргүзүү Акман айыл өкмөтүнүн башчысы А.Атакуловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү бюджет, каржы. муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Таштановго жүкгөлсүн.

 

Акман айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

А.Маматкулов

 

 

Акман айылдык кеңешинин "Акман айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин кошумча чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндо 2013-жылдын 22-ноябрындагы №54 Токтомуна №1 Тиркеме

 

 709р -орто мектептер боюнча

 

Статья 22152100 -20 000 сом          Жылытуу системасынын ремонтуна

Статья 22156900 -160 000 сом       Түрдүү чыгымдарга

Жыйынтыгы: -180 000 сом

 

701 р

Статья 22111100 -10 000 сом          Сапар чыгымдарына

Статья 22121200 -30 000 сом          электр энергия чыгымдарына

Статья 22141100 -12 000 сом          күйүүчү майлоочу майлардын чыгымдарына

Статья 22141200 -5 000 сом            автомашина тетиктеринин чыгымдарына

Статья 22156900 -146 900 сом       Түрдүү чыгымдарга

-

Жыйынтыгы: -203 900 сом

 

Жалпы жыйынтыгы: -383 900 сом