Редакцияот 04.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАШКАР-КЫШТАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кашкар-Кыштак айылдык Кеңешинин (бешинчи шайланган) XVII сессиясы

 

2015-жылдын 04-июлу № 24

Жайыттардан пайдалануучу бал челекчилерден алынуучу жыйым-дардын өлчөмүн бекитип берүү жөнүндө

Депутаттар  айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Т.Эргешовдун  сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндөгү” мыйзамынын ___-беренесиинин талаптарына ылайык Кашкар-Кыштак айылдык кенеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кашкар-кыштак айыл аймагынын жайыттарынан пайдалануучу бал челек- чилерден ар бир уя үчүн сезон ичинде алынуучу жыйымдын өлчөмү 50 (Элүү) сомдон белгиленсин.

2. Жайыт комитетине – бал челекчилерден алынуучу жыйымдарды өз убагын- да жыйнап, жергиликтүү бюджетке кирешелөөнү камсыз кылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы  Менчик, бюджет, финансы жана экономикалык өнүгүү  боюнча комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кашкар-Кыштак айылдык

кеӊешинин төрагасы

 

Б. Жунусов