Редакцияот 19.03.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧАЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Чаек айылдык Кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2015-жылдын 19-марты № 10

Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы О. Жунушалиевдин 2014-жылда жүргүзүлгөн иштерин угуп жана талкуулап Чаек айылдык Кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексинин” 146-берененсинин 1-бөлүмүнүн негизинде Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы

Жунушалиев Орозбек Советбековичке  2014-жылдагы жүргүзгөн иштери талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн “Эскертүү” тартиптик чарасы берилсин.

2.Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgal.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Чаек айылдык

Кеӊешинин төрагасы:

 

А. Бодонбеков