Загрузка документа…
ҮЧ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Дөбө айылдык Кеңешинин III чакырылышынын кезексиз XVI сессиясы
2014-жылдын 11-февралы № 14/1
Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2014-жылдын бюджетинин 2015-2016-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө
Үч-Төбө айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2013-жылдын киреше бөлүгү 26814,8 миң сом жана чыгаша бөлүгү 26416,2 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. 2014-жылга айыл өкмөтүнүн бюджети киреше жана чыгаша булактарынын бөлүктөрүнө ,теңдөөчү грантка 6502,9 миң сом өздүк киреше 1525,8сомго жалпы 8028,7 миң сомго бекитилсин.(тиркеме №1)
3. 2015-жылга бюджеттин долбоору 8085,8 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грантка 6450,0 миң сом,өздүк киреше 1635,8 миң сом,2016-жылга бюджетинин долбооруна 8305,0 миң сомго анын ичинен теңдөөчү грант 6507,0 миң сом өздүк киреше 1797,8 миң сом жактырылсын.
4. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан мектептер жана бюджетте каралган акча каражаттар статьялар боюнча жумшалышын камсыз кылуу жагы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
5. Отчет,учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме-ишканалардын башчыларына жана мектеп директорлоруна чарбалык иштер боюнча орун басарларына милдеттендирилсин.
6. Үч-Төбө айыл өкмөтүнүн 2014-жылга бекитилген бюджетинин киреше бөлүгүнөн ашыкча түшкөн кирешелерге план боюнча өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду киргизүү жана статьядан-статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн билдирүүсүнүн негизинде Үч-Төбө айылдык кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына укук берилсин жана бюджетине,комиссиянын сунушу менен кеңештин сессиясы бекитилсин.
7. Ата-энелер төлөмү Кичи-Каракол балдар-бакчасына 200(эки жүз) сом,Медина-Нуру балдар-бакчасына 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.
8. Каралган бюджеттин сметасы боюнча өз убагында жумшалышын камсыздоо жана көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кутушевага ,финансы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Арыковго тапшырылсын.
Үч-Дөбө айылдык Кеӊешинин төрагасы |
Т. Акматов |
| Үч-Төбө Айылдык Кеңешинин 11-февраль 2014-жылдагы заседаниесинин № 1 тиркемеси.
|
КИРЕШЕ БУЛАКТАРЫ ( миң сом)
1.Подоход налог (киреше салыгы) - 700,0
2.Милдеттүү патент - 65,0
3.Кыймылсыз мүлккө салык - 8,0
4.Транспорт салыгы - 210,0
5.Огород жерге (тамарка) салыгы - 105,8
6.Айыл чарбасына арналган
жер салыгы - 77,0
7.Айыл чарбасына арналбаган
жер салыгы - 26,0
8.Сатуудан алынган салык - 175,0
9.Жакынкы жайыттарды арендага
берүү (телевышка) - 15,0
10.К.Б.Ф нун жерлерин арендага
берүү - 48,0
11.Госпошлина - 3,0
12.Ата-энелер взносу - 110,0
Жалпы суммасы: 8 028,7
ЧЫГАША БУЛАКТАРЫ:
1.Эмгек акыга -4 862,9
2.Соц.фондго чегерүү -726,2
3.Сапар чыгымы - 210,5
4.Байланыш чыгымы - 25,0
5.Кызматтык машинага - 118,0
6.Түрдүү кызмат көрсөтүү
чыгымдары - 459,2
7.Тамак-ашка - 185,6
8.Текущий ремонт - 138,5
9.Түрдүү чыгымдар - 552,6
10.Көмүргө -
11.Электр энергияга - 485,2
12.Инвентар алууга - 155,0
13.Атайын каражат (спец средств) - 110,0
Жалпы суммасы: 8 028,7