Редакцияот 24.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мырза-Аке айылдык Кеңешинин V чакырылышынын XIX сессиясы

 

2015-жылдын 24-февралы № 116

Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ВУС инспектору А. Келдибековдун арызы жөнүндө

Мырза-Аке айылдык кеңешинин (V чакырылыштагы) депутаттарынын кезектеги XIX сессиясы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн ВУСинспектору А. Келдибековдун Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата эстеликти капиталдык ремонт жүргүзүүгө акча каражатын сураган арызы менен таанышып чыгып, бюджет комиссиясынын билдирүүсүн угуп, Кыргыз Республикасынын  «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 18-беренесинин 1-пунктунун 13-бөлүмчөсүн жетекчиликке алып, төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата эстеликти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн акча каражаты сметага ылайык бөлүнүп берилсин. (тиркеме тиркелет)

2. Согуштун ветерандарына өзгөчө кам көрүү, сый көрсөтүүнү колго алуу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына, аппарат кызматкерлерине жана мекеме-уюмдардын жетекчилерине сунушталсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Мырза-Аке айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары Б.Тынаевке милдеттендирилсин.

 

Мырза-Аке айылдык

Кеӊешинин төрагасы

 

А. Кимсанов 

 

 

Тиркеме №1

Улуу Ата-Мекендик согуштун 70 жылдыгына карата эстеликти оңдоо үчүн керектүү материалдар

1.    Цемент -750кгХ6.5=4875сом

2.    Зым – 2кгХ70=140сом

3.    Мык – 1кгХ70=70сом

4.    Ак цемент – 50кгХ25=1250сом

5.    Альбастор – 50кгХ12.50=620 сом

6.    Киста мальярная 2штХ50=100 сом

7.    Ак кум 50кгХ5=250 сом

8.    П-лес 0.27м3Х1500=4080 сом

9.    Рейка 8мХ35=280 сом

10. Ак 70кгХ20=1400 сом

11. Краска серебрянная 2банкаХ500=1000 сом

12. Алиф 1лХ90=90 сом

13. Шбак үчүн 2машина кум Х 4000=8000 сом

14. Асбестная плитка 80кв2Х350=28.0000 сом

15. Ардагерлердин аты жазылган мраморная плитка 6шт=45000 сом

16. Уста акысы =20000 сом

17. Итого  115,160 сом